Шашылыш кабар:

Кыргызстанда кышкы спорттун түрлөрү менен машыгуу кымбат

Январь 8, 2018 | жарыялаган Анара Бакытбекова
72

Кыргызстанда кышкы спорттун түрлөрү менен алектенүү эң кымбат болуп эсептелет. Атап айтсак, хоккей, тоо лыжасы жана сноуборддун баалары жогору турат.  Андан соң «Салбуруун» улуттук оюну эсептелет. Маселен, кышкы спорттун түрү менен машыгуу айына жок дегенде 15 миң сомду чапчыйт. Анын үстүнө өлкөдө машыгууга ылайыктуу жерлер жокко эсе.


Бүгүнкү күндө спорттун бардык эле түрү менен алектенүү материалдык чыгым талап кылат. Спорттук кийим, шаймандар жана машыгуу үчүн акча керек. Ошондой эле, баарынын эле колу жете бербеген, баасы асман чапчыган каражат талап кылган спорт түрлөрү да бар.

Кыргызстанда алдыӊкы үчтүккө эӊ кымбат делинген спорт түрлөрү: хоккей, тоо лыжа, «Салбуруун» кирет. Бул тууралуу Спорт, дене тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

— Спорттун баалары эки-үч критерий менен аныкталат. Айтсак, спорттук жайлар, керектелүүчү шаймандар жана климаттык шарттар. Бизде кышкы спорттун түрү эң кымбат болуп эсептелет. Кыргызстанда 4 мезгил эмес, бир гана кыш боло турган болсо, анда кышкы спорттун түрлөрү арзан болмок. Тоолордо кар 3 ай гана турат. Спортчуларга 3 ай жетпегендиктен, калган убакта машыгуусун чет өлкөдө улантууга мажбур. Буга бир топ эле каражат кетип калат. Хоккейчилер командасы менен бир сааттык эле машыгуусуна жок эле дегенде 1000 сом жумшайт. Андан кийин ат жана башка жандыктар катышкан спорттун түрлөрү кымбат турат. Мисалы, «Салбуруун». Анда тайганды багуу керек, анын чыгымдары спортчудан сырткары болот.

Мындан сырткары Кыргызстанда техникалык спорттун түрлөрү да кымбат турат. Алар: ок атуу, парашюттан секирүү, суу алдында сүзүү жана башкалар. Ошондой эле, элдердин кызыгуусу менен ойнотулган бир канча спорт турлөрү да кымбат болоору белгилүү болду. Маселен, гольф, анын саатына төлөнчү каражат 2000 сомдон жогору турат.

Спорт тармагы боюнча адис Кабыл Макеш Кыргызстанда бир гана гольф талаасы бар экенин айтып, кышында машыгууга мүмкүнчүлүк жок дейт. Ал эми тоо лыжасына ылайыктуу эл аралык база жок экенин да кошумчалады. Ушундай жагдайлардан улам аталган спорттун түрлөрү кымбат болоорун Кабыл Макеш түшүндүрдү.

-Хоккейчилердин спорттук кийими эле 500 доллардан жогору турат. Бул командалык спорт болгондуктан көп чыгым кетет. Теннис да кымбат спорттун түрүнө кирет. Бир балага кийим кечесинен сырткары айына машыгуусуна 5000 сомго чейин керектелет.

Кыргызстанда акыркы учурларда тоо лыжасынан сырткары хоккей, сноуборд, муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча спортчулар машыгып жүрөт. Бул спорттун түрлөрүнөн мектептер жок болсо да, аталган саамалыктар айрым бир адистердин жеке демилгеси менен ишке ашып келет.

Жакында эле Кыргызстандын жаш хоккейчилери АКШ өткөн мелдеште алтын медаль утушту. Жаш хоккейчилердин көпчүлүгү чет өлкөдө машыгышат. Алардын бири Самат Давлетбековдун атасы Жумгалбек Давлетбеков баласынын бир айлык машыгуусуна 15 миң сомдон жогору каражат коротот. Ал өлкөдө хоккей боюнча ыңгайлуу машыктыруучу жайларды куруу керектигин белгилейт.

-Балдарыбыз АКШга барып мелдешке катышып келүүсүнө чыгымды ата-энелер төлөдү. Мамлекет тарабынан ушуга окшогон мелдештерге көңүл бурулуп, жок дегенде машыгуусуна колдоо болсо жакшы болот эле. Кыргызстанда спорттун бул түрү менен машыгуу кымбат. Эгерде өзүбүздө машыгуучу жайлар салынса, арзан болот беле.

Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти Назира Айдарова кызынынын спорт менен машыгуусуна айына 3 миң евро сарптаарын билдирди.

Анын айтымында, кызы Орусияда көркөм гимнастика менен машыгат. Ал жакында боло турган Азия чемпиондугуна даярданууда.

Менин кызым эле эмес башка балдарым да спорт менен машыгат. Бул биринчиден өздөрүнүн ден соолугу үчүн, жеңиши Кыргызстанга. Кызымдын көркөм гимнастика менен машыгуусуна эле бир айда үч миң евро сарпталат. Мындан тышкары, тамак-ашына жана кийим кечесине башка каражат жумшалат. Көркөм гимнастиканын чемпиондорунун баары Орусиядан чыккандар. Ошон үчүн ошол жакка кызымды жибергенмин.

Ал эми Европа өлкөлөрүндө эӊ кымбат спорт түрлөрүнүн тизмесинин алдыӊкы сабында «автоспорттун ханышасы» аталган Формула-1 жарышы турат. Жарыштарга жыл ичинде бир командага эле миллиарддаган доллар акча сарпталат. Экинчи орунду парустуу кайык менен жарышуу спорту ээлейт. Үчүнчү орунда болсо ат спорту турат.

Эң кызыгы, кымбат спорттун түрлөрүнө эӊ популярдуу делген футбол, баскетбол жана хоккей кирген эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *