Шашылыш кабар:

Мыйзамдагы ката кызматкерлерди иштен алды

Январь 8, 2018 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
62

Премьер-министр өкмөт аппаратындагы бир катар кызматкерлерди жумуштан алып, Экономика министри менен Бажы кызматынын төрагасына сөгүш жарыялады.

Алды кызматтан кетип, арты сөгүш алды

Сапар Исаков Экономика министри Артем Новиковго, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш, экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыялады.

Андан сырткары Евразиялык экономикалык бирлигинин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо кетирген каталары үчүн Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү баш болгон бүтүндөй бир бөлүмдүн кызматкерлери кызматтан алынды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төрөлиева кабарлады.

— Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн аппаратынын бир катар кызматкерлерин, анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Үмөталиевди, анын орун басарын жана ЕАЭБ боюнча иш алып барган бөлүмдүн бардык кызматкерлерин жумуштан алды. Алар «Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун даярдоодо ишин так аткарбагандыгы үчүн кызматтан кетишти.

Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Үмөталиев бир эле учурда өкмөттүн аппаратынын жетекчи орун басары болуп иштечү. Үмөталиев менен кошо анын орун басары Индира Ахматова жана бөлүмдүн үч эксперти ээлеген кызматтарынан алынганы кабарланды.

Премьер-министр менен вицелердин жоопкерчилиги…

Жогорку Кеңеш 30-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, ЕАЭБдин Бажы кодекси боюнча президенттин каршы пикирин караган. Кодекс тууралуу мыйзамды парламент 27-декабрда ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн.

Бирок Бажы кодекси ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө 2018-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштамак. Ушундан улам парламенттин кезексиз сессиясында депутаттар кетирилген ката үчүн өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароону көтөрүшкөн. Эл өкүлү Исхак Масалиев «жеке премьер-министр менен вице-премьер-министрге тийиштүү маселе дагы бар», — дейт.

— Иштеп жаткан адамга сөгүш жарыялоо же аны иштен алуу чоң жаза болуп эсептелет. Аны сөзсүз эле кызматтан алуу эмес, ушул маселени көтөрүп, мындай иш экинчи кайталанбасын деген аракет болсо жетиштүү болот. Эгерде жөн гана коомчулукка көрсөтүү максатында болсо анда ал жетишсиз. Бул жерде жеке премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жоопкерчилиги бар. ЖК өкмөттүн курамын жана программасын бекитет. Демек жоопкерчиликти дагы биз карашыбыз керектигин эскертип жатам.  

Бир нече кызматкердин иштен кетишине алып келген ЕАЭБдин Бажы кодекси өкмөт кетирген каталарды кайрадан козгоду.

Эске салсак, былтыр ноябрь айында парламент Кыргызстанга буудай ташууда 12 пайыздык кошумча нарк салыгын кайра киргизүү боюнча мыйзамды кабыл алып берген. Өкмөт буудайды өлкөгө импорттоодо кошумча нарк салыкты алып салууну 2015-жылы өзү сунуштаган. Бирок кийин анын айынан бюджетке бир нече миллион сом түшпөй калганы аныкталган.

2017-жылдын декабрь айынын аягында Жогорку Кеңеш жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдын аткарылышын үч айга жылдырууну колдогон. Буга өкмөттүн сунушу себеп болгон. Аткаруу бийлиги буга мыйзамдагы мүчүлүштүктөр себеп болгонун жүйө кылган. Деген менен айрым депутаттар аталган документ шайлоо алдында элди алдоо болгонун айтып, сынга алышкан. Депутат Кенжебек Бокоев өкмөттүн жоопкерчиликсиз иши тууралуу буларга токтолду.

— Массалык жоопкерсиздик болуп жатат. Аткарылбай жаткан мыйзамдар үчүн бир дагы министр жоопкерчиликке тартылып, жумуштан алына элек. Бажы кодексинин элге эч кандай зыянын тийгизмек эмес. Ал эми салык кодексинин айынан эки жылда 1 млрд сом бюджетке түшпөй калды. Жөлөк пул мыйзамы менен канча киши пособие албай калмак. Мына жөлөк пул аласыңар деп туруп кайра маселе жаралды. Эгер ал мыйзам күчүнө кирсе депутаттар дагы жөлөк пул алып баштамак. Ал эми эки балалуулар албай калмак.

«Парламент дагы четте калбайт»

Буга чейин парламенттеги кээ бир депутаттар өкмөт Нарын каскадын куруу боюнча тендерден утуп, бирок ГЭС салмак тургай Кыргызстанды сотко берем деп коркуткан Чех компаниясы, сатылбай жаткан «Мегаком» компаниясы жана Суу кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлоруна дагы жооп бериши керектигин көтөрүшкөн. Акыркы учурдагы мыйзам долбоорлорунда одоно кетирилген катачылыктар өкмөткө айтылган сынды күчөттү. Мамлекеттик түзүлүш жаатындагы эксперт Шерадил Бактыгулов ошол эле кезде Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин унутпоону эскертти.

— Жалгыз эле өкмөттүн жоопкерчилиги эмес, өкмөттүн аппаратындагы юридикалык бөлүмү түздөн түз жоопкер. Себеби кандай гана мыйзам долбоору даярдалса да ал сөзсүз түрдө аталган бөлүм аркылуу өтөт. Экинчиден ЖКнын аппараты өкмөт тарабынан келген мыйзамдарды тыкыр караш керек.

Өзүлөрүн жаш жана реформатор деп атаган Сапар Исаков баштаган өкмөттүн курамын жана программасын Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 25-августунда колдоп берген. Аткаруу бийлиги «Жаңы доорго – кырк кадам» долбоору өкмөттүн ишинин ачыктыгын камсыздап, өлкөнү бир топ өзгөртөт деп ишендирип келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *