Шашылыш кабар:

Ракты нур менен дарылай турган «Бабатрон» аппараты иштеп баштайт

Январь 8th, 2018 | by Бахар Хакимова
Ракты нур менен дарылай турган «Бабатрон» аппараты иштеп баштайт
Күн чекит
0

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков “Марал” радиосуна берген маегинде Онкология борборуна коюлган жаңы аппараттар тууралуу суроолорубузга жооп берди.

Марал: Үстүбүздөгү жылы онкологиялык ооруларды дарылоо боюнча заманбап, өтө керектүү жабдуулар коюлганы турат. Анын бери жакынкы күндөрдө иштеп баштайт экен. «Бабатрон» аталышындагы жабдуу коюлуп жатыптыр, буга чейин мындай аппарат болгон эмеспи?

Эрнис Тилеков: 2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Индияга иш сапары менен барганда ал мамлекет менен келишим түзүп, гуманитардык жардам катары дистанциялык нур менен дарылоочу аппарат бермекчи болушкан. Ошол апппараттын инсталяциясы декабрь айында бүттү. Ал аппарат“Бабатрон 2” деп аталат. Бүгүнкү күндөгү нур менен дарылай турган жабдуулардын эң жакшысы болуп эсептелет.

Аталган аппарат Кыргызстанга май айында алып келинген. Ошондон бери аны жайгаштырууга эки имарат ремонттон өткөрүлдү. Себеби техникалык талаптар боюнча ал жерди бир аз өзгөртүүгө туура келди. Негизинен аппарат радиациялык коопсуздукту сактоо менен инсталяция болду.

Марал: Рак оорусун нур менен дарылай турган аппарат жөнүндө жалпак тилде айтып берсеңиз, пайдасы канчалык?

Эрнис Тилеков: Элге түшүнүктүү болушу үчүн аталган жабдык жөнүндө айта кетейин. Нур терапиясын жургүзүүнүн эки түрү болот.

Биринчи түрүндө радиактивдүү зат – бул «Кобальт 60» колдонулат. Аны бабатрондун башына орнотуш керек. Ошондо рак болгон жерлерди нур менен дарылайт. Кобальттын диаметри – 3-4 см. Ал эми аны салып келген кутуча 3 тонналык аппарат. Бул аппараттарды индиялык адистер орнотушуп, биздин радиолог-дарыгер, радио-физик, инженер адистерибизди үйрөтүштү. Алар Индиянын клиникаларында да тренингден өтүп келишет. Буюрса январдын ортолорунда биринчи ооруларды кабыл алабыз.

Марал: Өлкөдө бул аппаратка муктаждык канчалык?

Эрнис Тилеков: Муктаждардын саны жылына 2 миң кишини түзөт. Рак менен ооруган адамдардын 80 пайызы ушундай нур менен дарылоого муктаж. Өзүнөр билгендей, рактын ар кандай локализациясы болот, буга чейин кезек күтүүлөр да көп болуп келген. Бүгүнкү күндө чынын айтканда радиактивдүү нур менен дарылай турган аппараттар эскирип калды.

ЛУЕФ — линиялык тездеткич деп коет, совет доорунда курулган. Ал 24 жылдан бери иштеп келет. Аппараттын өзүнүн салмагы эле  60 тонна, учурда көптөгөн тетиктери чыкпай калган, инженерлердин дарамети менен гана иштеп жатат. Бул аппарат теринин үстүнкү катмарында жайгашкан гана онкологиялык ооруларга колдонулат.

Мындан тышкары, Чехиядан чыккан ТЕРАБАЛТ аппараты бар. Бул 2008-жылы орнотулган, бирок радиактивдүү зат 5-6 жылдан кийин күчүн жоготот да эффективдүүлүгү төмөндөйт. Терең шишик ооруларын дарылай албай калабыз.

Ошондой эле, 2016-жылы орнотулган Брахитерапия деген жабдык бар. Ал көңдөйдүн ичинде жайгашкан рактарды дарылайт. Аялдардын жыныс органдарындагы рактарды дарылоого абдан жардам берүүдө. «Бабатрон» аппараты иштеп баштаса  чет жакка барып дарылануу же болбосо кезек күтүү азаят.

Биздин пландарыбыз боюнча бир жыл ичинде мындан дагы жогорку класстагы дарылай турган, жакшы сапатта кызмат көрсөтө турган аппарат коюлат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache