Шашылыш кабар:

Футболчу Азамат Байматов Индонезиялык клуб менен келишим түздү

Январь 8th, 2018 | by Түмөнбай Абдинаби уулу
Футболчу Азамат Байматов Индонезиялык клуб менен келишим түздү
Спорт
0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Азамат Байматов Индонезиянын «Борнео» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу 7-январда Футбол федерациясынан маалымдашты.

Ага ылайык, футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов медициналык кароодон ийгиликтүү өтүп, 6-январь күнү аталган клуб менен келишим түзгөн. Аталган келишим бир жылга түзүлгөн жана Байматов ал жакта да “7” номери менен ойной турган болду.

Белгилей кетсек, Азамат Байматов буга чейин Бахрейндин «Аль-Риффа», Омандын «Сохар» футбол клубдарында да ойноп келген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache