Шашылыш кабар:

Кытайлык миллионер 3 жылдан бери күн сайын таң эрте көчөдөгү таштандыларды тазалайт

Январь 8, 2018 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
298

Кытайдын Чунцин шаарында жергиликтүү бизнесмен-миллионер Чжун Цунжун үч жылдан бери эрте менен көчөдөгү таштандыларды тазалайт. Мындай өзгөчө адам тууралуу  RT телеканалы атайын репортаж даярдашкан.

51 жаштагы Чжун Цунжун кыймылсыз мүлк жана унаа сатуу тармагында ишкер. Анын айтымында, айлана-чөйрөгө кам көрүү адамдын коомдогу статусуна көз каранды эмес. Ал өзүнүн мисалында, калкты тазалыкка үндөп келет. Ишкердин айтымында, ал өзүнүн айланасындагы таштандыларды тазалоону мындан үч жыл мурун баштаган. Буга Хайнань аралыгындагы эс алуусу себеп болгон.

Чжун Цунжун 2015-жылы Хайнань аралында эс алып жүрүп, Цинхуа университетинин профессору менен таанышкан. Пенсиядагы профессор жээктеги таштандыларды күн сайын эрте менен туруп тазалап жүргөнү ага мотивация берген. Ал эс алуудан келиши менен, короосун жана көчөнү тазалап, үч жылдан бери бул ишти улантып келе жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *