Шашылыш кабар:

Усупов: Диний маселе күч менен чечилбейт

Январь 8th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Усупов: Диний маселе күч менен чечилбейт
Күн Чабыт
0

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-январда Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды. Анда өлкө башчысы акыркы жылдары дүйнөдө коомду радикализациялоо жана экстремисттик, террористтик идеяларды таркатуу максатында диний чөйрөнү колдонуу өнөкөтү күчөп жатканын жана бул көрүнүш Кыргызстан үчүн да коркунуч туудурганын айткан.

Ушундан улам калктын диний билим деңгээлин жогорулатуу, бардык медреселерде жана башка диний билим берүү мекемелеринде бирдиктүү окутуу программасынын ишке ашырылышын көзөмөлдөө зарыл экенин белгилеген. Биз ушул теманын айланасында теолог Улан Усупов менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Президент диний уюмдардын жана окуу мекемелеринин реестрин түзүп, диний радикализмдин таркашын алдын алуу максатында алардын каржылык жана башка ишмердигин көзөмөлдөөнү күчөтүү зарыл экенин айтты. Кыргызстанда учурда бул жатта мамлекеттик көзөмөл кандай?

Улан Усупов: Диний чөйрөдөгү өлкөдөгү саясат боюнча 2014-жылы концепция кабыл алынгандан бери мамлекеттик көзөмөл тереңирээк жүргүзүлө баштады. Бирок бул иштерди аткарууда бир гана көзөмөл эмес мамлекеттик колдоо, концепцияда көрсөтүлгөндөй муфтият, диний уюмдар менен конструктивдүү маанайда диалог кылуу зарыл. Буга чейин деле бир топ иштер болду бирок биз аны жетишсиз деп эсептейбиз.

Өз кезегинде диний уюмдардын, фонддордун, ушул багытта иштеген жалпы уюмдар менен диний билим берген окуу жайлар жана мекемелердин жалпы реестри түзүлгөн. Бирок аларды кайрадан тактап кимдердин колдоосу менен ачылган, кандай окуу программасы менен иштеп жатат, мугалимдер менен окутуучулардын деңгээли кандай, Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасы канчалык окутулуп жатат, материалдык базасы, имараты, дегиле бардык шарты тууралуу толук маалымат берилген реестр түзүлүп, мамлекет буга өзгөчө көңүл бурушу керек.

Марал: Сиз диний билим берген окутуучулардын деңгээли боюнча да сөз кылып кеттиңиз. Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовдун маалыматында «Ыйман» фонду менен биргеликте акыркы үч жылда 2500ден ашуун имам окутулган экен. Коомдо имамдар диний билим менен эле чектелип жатат деген сындар көп айтылат. Абал өзгөргөнү байкалып жатабы сизге?

Улан Усупов: Ооба, 2500дин тегерегиндеги имамдар окутулуп, аттестациядан өттү. Алар бүгүнкү күндө диний маданиятты өнүктүрүү максатында түзүлгөн «Ыйман» фонду тарабынан колдоого алынууда. Буга чейин имамдарыбызга өгөй балдардай мамиле кылынган болсо азыр туура саясат жүргүзүлүп жатат. Ошол эле кезде имамдардын билим деңгээлин жогорулатууда сөзсүз түрдө зарыл болгон акыйда, фикх, Ислам укугу, Пайгамбарыбыздын жашоосу, Ислам тарыхы, Куран сабактарындай эле Азан боюнча дагы сабак өтүлүшү керек деп ойлойм.

Ошондой эле тайм менеджмент, риторика, мечиттеги иштерди уюштуруу боюнча да адистер, Ислам аалымдары, тренерлер менен эксперттер дагы сабак өтүп келишет. Муну медреселерге, Ислам институттарына, Ислам университетине дагы киргизиш керек. Себеби диний ошол эле учурда мамлекеттин талабы болгон светтик билимди жана жаңы технологияны кантип колдонуш керек, имам өзүн коомдо кантип алып жүрүш керек, психологиялык, педагогикалык билимдер бериле турган болсо натыйжасы жакшы болот. Бул андан тышкары радикализмден, терроризмден алыс болуунун бир жолу.

Марал: Мындан төрт жыл мурун Кыргызстанда 2014-2020-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынган эле. Сиз бул тууралуу башта учкай айтып өттүңүз. Бир аз кененирээк токтолсок. Концепциянын аткарылышы жана анын диний саясатты өзгөртүүдөгү ролу кандай болуп жатат?

Улан Усупов: Белгилей кетчү жагдай коркутуп-үркүтүү менен эле эч нерсе чечилбейт. Бул жаатка мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатканы, көзөмөл кылынып жатканы иш жакшы башталганынын белгиси. «Буга чейин диний чөйрөдө мамлекеттик саясат жүргүзүлгөн эмес», — деп экс-президент Алмазбек Атамбаев муну мойнуна алуу менен ишти баштаган. Бул концепция өтө жакшы түзүлгөн. Болгону аны мамлекеттик органдар, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы, Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия, диний уюмдар менен фонддор имамдарга жакшы түшүндүрүп, ишти алып кетиш керек. Сооронбай Шариповичтин Зайырбек Эргешовду кабыл алышы буга президент өзгөчө маани берип жатканын көрсөтүп турат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache