Шашылыш кабар:

Окуучулардын тамак-ашы такай текшерилип турат

Январь 5th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Окуучулардын тамак-ашы такай текшерилип турат
Без рубрики
0

Кыргызстанда башталгыч класстардын тамак-ашы үчүн бюджеттен жыл сайын 5оо миллион сомдой ачка бөлүнөт. Ага таттуу токоч, компот же сүт берилет. Ал эми 2013-жылдан тарта 1146 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилип келет. Окуучулардын тамак-ашы Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тарабынан текшерилип турат. Айрым мектепттерде ата-энелер ай сайын акча чогултуп, өздөрү ысык тамак уюштурган.


Республика боюнча 1090 мектепте башталгыч класстын окуучуларына чай менен таттуу чокоч берилет. Мамлекеттик бюджеттен балдардын тамагына күн сайын бир окуучуга 7 сом, ал эми тоолуу аймактарда жашагандарга 10 сомдон каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгул Мусаева билдирди. Маалым болгондой, мектептерде тамактарды жакшыртуу программасына ылайык 2013-жылдан бери 1146 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилип келет. Аталган долбоорду ишке ашырууга ата-энелер, жергиликтүү бийлик салым кошкон.

— Өкмөт тарабынан башталгыч класстардын тамагына жылына 500 миллион сомго жакын акча бөлүнөт. Окуучуларга таттуу токоч менен сүт же чай берилет. Айрым билим берүү мекемелеринде ысык тамак берилип келет. Баардык мектептерде ысык тамак берилбешинин себеби кээ бир мекемелердин ашканасы талаптарга жооп бербейт. 1146 мектепте токочторду ашпозчулар өздөрү жасайт. Анткени аларда нан бышырган мештер бар.

Саламаттыкты сактоо минмстрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департамиентинин санитардык бөлүмүнүн башчысы Алтын Ураимованын айтымында,  окуучулардын тамак-ашы текшерилип турат. Ал ашканалардын абалы качан талапка жооп бергенде гана, окуучуларга ысык тамак берүүгө уруксат берилерин айтат. Анткени ашкана таза кармалбаса, балдар массалык түрдө ооруп  калышы мүмкүн.

— Мектептеги ысык тамак бир суткадагы тамак-аштын 25 пайызын түзүшү зарыл. Кубаттуулугу орточо эсеп менен 500-550 ккал болушу шарт. Ботконун түрлөрүн, ошондой эле чайдын ордуна компот бериш керек. Билим берүү мекемелеринде азыктар аймактык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору тарабынан текшерилип турат. Тамак-аштын үлгүлөрү алынып, ден соолукка коопсуздук көрсөткүчтөрү көзөмөлдөнөт.

Борбор калаанын №85 орто мектебинде балдардын тамагы үчүн Бишкек шаардык мэриясынан 7 сом бөлүнөт. Мектеп жетекчилиги мамлекет берген акчаны кошуп, башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурган. Аталган мекеменин директору Жылдызкан Сарыгулова ысык тамак беригенден тарта окуучулар сабакка көңүлдүү болуп калганын белгилейт.

— Бир күндүк тамакка 14 сом каралган. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы жана санитардык эпидемиологиялык борбор менен биргеликте тамактардын тизмеси түзүлгөн. Суюк тамак, компот, гречкадан аш жасалып берилет. Алардын көлөмү эсептелет. Ата-энелерден акча алынбайт.

Ал эми Ош шаарынын А.С. Макаренко атындагы №6-орто мектебинин мугалими Адина Мукум кызы баардык мектептерде ысык тамак берилсе жакшы болоорун айтат.

— Башталгыч класстарга сүт, ашпозчулар өздөрү жасаган таттуу токочторду беришет. Ага курсак тойбойт. Ысык тамак берилсе болмок.

Назгүл Шарапованын эки баласы борбор калаадагы мектептердин биринде окуйт. Мурда бул мектепте окуучуларга жалаң чай менен токоч берилсе, эми ата-энелердин демилгеси менен ысык тамак бериле баштады. Бул мекемеде ата-энелер ар бир балага ай сайын 150 сомдон төлөшөт.

— Өзүбүз кошумча акча төлөп, балдар ысык тамак жеп калышты. Сүт азыктарын, салаттарды, шорпо даярдап берет экен. Мурда мамлекет берген акчага сүт менен токоч жешчү.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 2 миң 236 мектеп бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache