Шашылыш кабар:

№1 дарыгерлер борборунда араздашуу токтой элек

Январь 5th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
№1 дарыгерлер борборунда араздашуу токтой элек
Ден соолук
0

Бишкек шаарынын №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Айдарбек Шакиров дарыгерлерден акча алып, мыйзамсыз жумуштан кетирип жатканын айтышат. Ал эми жетекчи айтылгандарды четке кагат. Ошол эле мекеменин башка бир дарыгери бул аракеттер Шакировду кызматтан кетирүү үчүн болуп жатканын белгилейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча эч кандай чечим кабыл ала элек.


Бишкек шаарынын №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери Бегайым Токтобекованын айтымында, аталган борбордун жетекчиси Айдарбек Шакиров дарыгерлерге орой мамиле кылып, көңүлү сүйбөгөндөрдү жумуштан кетирет. Алсак, 9 айдын ичинде 100 жакын кызматкер иштен бошотулган. Мындан сырткары, медициналык билими жокторду да жумушка алганын Б.Токтобекова кошумчалайт.

— Эч кандай документтери жок эле дарыгерлерди жумуштан алып жатат. Жарат таңуу бөлмөсүн биринчи кабатка көчүрүп салды. Келгендер суукта кезек күтөт. Оорулуулардын көйгөйүнө көйгөй коштук. Биз айтып, жетекчиге душман болдук. Шакиров бир бөлмөдө отуруп эле дагы башкасына көчөм дейт. Мекемени талкалоо менен гана алек. Келип “мени колдойсуңбу же тигилердиби” деп жамаатты бөлүп жарганга аракет кылды.

Ушул эле борбордун акушер-гинекологу Эркинай Молдокматова Шакиров  кызматкерлерден жөнү жок акча чогултаарын жашырбайт. Анын айтымында, өткөн жылдын март айынан бери ар бир акушер-гинекологдон ай сайын 1 миң сомдон алып турчу. Эми жаңы жылдан тарта ал сумманы 2000 сомго көтөрүп койгонун айтат. Андан тышкары, хирургдар 5 миңден 10 миң сомго чейин карматып турушат. Анткени дарыгерлер коюлган талапты аткарышпаса, жумушсуз калаарын жакшы билишет.

— Биздин борбордо 17 гинеколог иштейт. Бир эле бизден эмес, башка бөлүмдөрдөн да акча талап кылат. Кош бойлуу аялдарды карап, көзөмөлдөгөн бөлмөдөн эле 15 миң сомго чейин акча түшчү. Ошол эле учурда имаратты ижарага берет. Мисалы, 3 дарыкана, бир флюорография, 3 УЗИ, 1 дарылоочу жана 2 дарт аныктоочу бөлмөлөр ижарага берилген. Алар келишимге ылайык ай сайын 25 миң сомго чейин төлөп турушат.

Шакировдун мындай аракеттеринен улам борбордун айрым кызматкерлери  2017-жылдын ноябрь айында КРдин Башкы прокуратурасына арыз жазып кайрылышкан. Анын негизинде өткөн жылдын 29-декабрында Ленин райондук соту Айдарбек Шакировго козголгон кылмыш ишин караган.

Деген менен Айдарбек Шакиров эч кандай акча албаганын, мындай аракеттер өзүн кызматтан  кетирүүнү каалагандардын каралоосу болуп жатканын айтат. Анын белгилегенине караганда, бир жерге отурукташып кылган кызматкер жаңы талапка жараша өзгөртүүлөргө баш ийгиси келбейт. Дарыгерлер жөнсүз жумуштан алынган эмес. Шакировдун пикиринде, иштебеген кызматкерлерди жумуштан алуунун убагы келди.

— Мени акча талап кылат дегендери калп. Укук коргоо органдарына да таң калам, кантип маалыматты тактабай туруп кылмыш ишин козгошот. Дарыгерлерди коркутуп иштен кетирген эмесмин, болгону милдеттерин так аткаруусун талап кылам. Кызматкерлердин көңүлүн карап отура албайбыз. Борборго дарыланганы келгендерден жөнү жок акча сурагандар болгон. Мисалы, бир кызматкер 72 миң сомдон шуун акча өндүргөн. Мындан сырткары, боюнан алдырганы келген айымдардан эч кандай анализ албай туруп, аборт жасашкан. Мындай көйгөйлөр кызматкерлерди жумуштан алуу менен жоюлат. Мен үчүн жарандардын саламаттыгы биринчи орунда.

Ал эми аталган медициналык мекеменин хирургу Жумагүл Хакимова кесиптештер экиге бөлүнүп калганын, мындан улам калп маалымат таратып, ынтымакты ырбаткан дарыгерлер бар экенин баса белгиледи.

— Гулжан Даныярова деген бар. Ал биздин жамаатты кыйнап бүттү. Баарын уюштуруп коёт. Бирок, билгизбейт. Жыйындарда сөз айттырбай, дарыгерлердин оозун жаптыртат. Мага окшоп чындыкты сүйлөшсө, “колуңдан эмне келди” дейт. Ынтымагыбыз үчүн сотко бербеңиз деп да айттык. Өзүм тыйганы аракет кылсам, мени урганга чейин барды. “Жетекчи акча чогултат” деген сөздөр калп. Мен да иштейм, билем.

Айдарбек Шакировдун ишмердүүлүгү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясында да каралган. Аталган министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова министрлик азырынча эч кандай чечим кабыл ала электигин кабарлады.

— Шакировдун ишин карап чыгуу боюнча Башкы прокуратурадан кат келген. Ал боюнча иштер жүрүп жатат. Тиешелүү адистер азырынча чечим чыга электигин айтышты.

Белгилей кетсек, Айдарбек Шакиров №1 үй-бүлөлук дарыгерлер борборун 2017-жылдын февраль айынан бери жетектеп келет. Ага чейин №12 борбордо 5 жыл эмгектенген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache