Шашылыш кабар:

Элчиликтерге инвестиция тартуу талабы коюлат

Январь 5th, 2018 | by Бахар Хакимова
Элчиликтерге инвестиция тартуу талабы коюлат
Күн чекит
0

Парламент жыйынында эл өкүлдөрү Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилеринин ишине нааразычылык билдирди. Айрымдары начар иштеп жаткан элчилерин чакыртып алууну сунуштап, алардан отчет алуу керектиги айтылды. Мына ушул теманын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

Марал: Элчиликтердин ишмердүүлүгү тууралуу маал-маалы менен сындар айтылып жатат. Бүгүнкү күндө элчиликтердин ишмердүүлүгүн күчөтүп, элчилердин потенциалын жогорулатуу керекпи? Кандай өзгөртүү киргизиш керек?

Абдывахап Нурбаев: Элчилердин потенциалын сөзсүз көтөрүү керек. Анткени учурда дүйнө өзгөргөндүгүнө байланыштуу элчилерге талап чоң болууда. Биз дагы комитетте бюджет маселесин карап жатканда Тышкы иштер министрлигине айтып, ар бир элчиликте соода агенттиги ачылсын дегенбиз.

Мисалы, Европа Биримдиги Кыргызстанга ВСП+ макамын берди. Ошондуктан чет мамлекеттерде соода агенттиктерин ачсак, Кыргыстандын ишкерлери менен чет мамлекеттин базары ортосунда көпүрө куралат.

Негизи эле элчиликтердин ишин баалоо критерийлерине инвестиция тартууну киргизиш керек. Маселен экономикалык алака канчалык өнүктү, кандай көлөмдө инвестиция тартылды, ушуга карап баалашыбыз керек.

Марал: Азыркы учурда өлкөгө инвестиция тарткан элчиликтер барбы?

Абдывахап Нурбаев: Өтө аз болуп жатат. Индиядагы Кыргызстандын элчилиги тарабынан бир аз инвестициялар тартылып жатат. Мындан тышкары, Кытай өлкөсүндөгү биздин элчилик аркылуу да кичинеден инвестиция келүүдө. Бул тармакта жасай турчу иштер өтө көп.

Марал: 5-6 жыл мурун чоң кызматтарда иштеп, бирок ал кызматтан бошогондон кийин чет мамлекеттердеги элчиликтерге “сүргүнгө жиберилген» кызматкерлерди билебиз. Дегеним, бүгүнкү күндө элчи деген ким? Аларга дипломатиялык билим алуу зарылбы же дипломатиялык билим алуу анчалык мааниге ээ болбой калганбы?

Абдывахап Нурбаев: Элчилердин дипломатиялык билими болсо аябай жакшы болмок. Анткени ал башка мамлекетке барганда ошол өлкөнүн эли Кыргызстан жөнүндө билбесе да элчинин баскан турганы, сүйлөгөн сөзү аркылуу баалай алат. Элчи эң биринчи кезекте – дипломат, ошондой эле интеллектуалдык билим деңгээли жогору болгон, мамлекетин сүйгөн жаран болушу керек.

Бүгүнкү күндө элчилердин баары эле ушул критерийлерге жооп берет деп айтуудан алысмын.

Марал: Элчиликтердин ишмердүүлүгү тууралуу маселе көтөрүлгөндөн улам, бардык элчиликтерге анализ кылууга убакыт келди деп эсептейсизби?

Абдывахап Нурбаев: Негизи элчилер Жогорку Кеңештин Эл аралык укук, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине ансыз да бир жылда аткарган иштери тууралуу отчет беришет. Бирок кээде бул элчиликтердин маселеси жабык түрдө каралгандыктан коомчулукка анча билинбей калат. Эми биз элчиликтердин отчетун алганда канча көлөмдө инвестиция тарткандыгына сөзсүз басым жасайбыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache