Шашылыш кабар:

ЕАЭБдин Бажы кодексине артылган үмүт

Январь 4th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
ЕАЭБдин Бажы кодексине артылган үмүт
Саясат
0

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-декабрда Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Келишимдин максаты ЕАЭБдин бардык аймагында бажылык жөнгө салуунун бирдей эрежелерин камсыз кылуу.

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча мыйзамына ылайык «бирдиктүү терезе» усулу киргизилет. Бул бажыда кагаз түрүндөгү документтерди азайтып, товарды чыгаруудан тарта декларацияга чейинки иштер электрондук негизде аткарыла баштайт. Адам фактору дээрлик жокко эсе болуп, буга чейин чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка убакытты алса, эми ал 4 саатка чейин кыскарат. Экономика министрлигинин Бажы саясат башкармалыгынын жетекчиси Самат Кулманбетов кабыл алынган кодекс боюнча мындан башка дагы кошумча маалыматтарды берди.

— Бажы кодекси ЕАЭБ бирлигиндеги бажылык жөнгө салууну биргелештирет жана макулдашуу деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен бирге кодекс бажылык жөнгө салуунун жаңы шарттарын түзбөйт. Болгону буга чейинки документтерди тактап, тикелей бир документ кылып топтоду. Андан тышкары кодекс бирликтеги тышкы экономикалык иштердин бажылык жөнгө салуу системасын кагаздан, электрондук технологияга которууну мыйзамдуу түрдө бекитти.

Андан сырткары, ишкерлерге бажы декларациясын тапшырган учурдан тарта бажы декларациясын каттоо мөөнөтү бир саатка кыскартылган. Буга чейин иштеп келген Бажы кодексинде бул иш эки саат деп белгиленген.

Экономика министрлиги билдиргендей, эгер айрым ишкерлер документтерин электрондук негизде тапшырууга даяр эмес болсо аларга декларацияны кагаз жүзүндө тапшырууга уруксат берилет. Өкмөт «Бажы кодекси эл аралык соода мамилелерине каршы келбейт жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосундагы соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет», — деп ишендирүүдө. Экономист Жумакадыр Акенеев кодекс бир топ мүмкүнчүлүктөргө жол ачканын айтат.

— Казакстан өзүнүн, Кыргызстан өзүнүн Бажы кодекси менен автоунааларды токтотуп, текшерип, анализдерин алып, баш аламандык болуп келген. Эми мунун бардыгы жок болот. Унаа кайсы жерден чыкты, каякка барат эч ким тие албайт. Кодекс ЕАЭБге кирген бардык мамлекеттрге бирдей шарт түзөт. Аны аткарыш гана керек.  

Эми ишкерлерди, чек арадан ары-бери өткөн товарларды ыксыз текшерүүлөрдүн саны азаят деп айтылууда. Мындан ары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жүктөрүн жолдон токтотуп, жөнсүз кароолорго тыюу салынып, автоунаалардын кайсы аймакта баратканы он-лайн көрүнүп тураары кабарланды. Эки-үч жылдын ичинде чек араларда видеокөзөмөлдөр толук кандуу иштей баштаары дагы айтылды. «Бул Бажыдагы коррупциянын азайышына шарт түзөт», — деп үмүт кылгандар бар. Экономист Кубан Чороев бул боюнча биз менен ой бөлүштү.

— Электрондук система ишке киргенден кийин стандарттар бир топ өзгөрөт. Коррупциянын азайышына аз да болсо таасир берет. Экинчиден ишкерлерге жакшы болот. Анткени товарды алып өтүүдөгү иштер ачык-айкын жүрөт.

ЕАЭБдин Бажы кодексин Жогорку Кеӊеш 2017-жылдын 27-декабрында ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн. Бирок Бажы кодекси ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирээри анык болуп, мыйзамга президент каршы пикирин билдирген. Парламент 30-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, ката оңдолгон. Кодекс 50 беренеден жана 400 бөлүмдөн турат. Бул көлөмдүү документ болгондуктан аны тыкыр карап чыгууну депутат Мирлан Бакиров эл өкүлдөрү менен өкмөткө эскертип келген. Вице-спикер ал мүчө болгон фракция документти талдап чыгышканын кабарлады.

— Кодекс парламентке келгенден баштап ар бир фракция жана депутат аны карап чыгууга акылуу. Биздин «Өнүгүү Прогресс» фракциясы Бажы кодекси боюнча жыйын кылып караганбыз. Ал эми калган депутаттар караштыбы же жокпу аны өзүлөрү жооп бериши керек.

2016-жылдын 26-декабрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарында Бажы кодексине жана өнүгүү боюнча билдирүүсүнө кол коюудан баш тарткан. Ошол эле күнү келишпестиктер жөнгө салынып, кыргыз тарап кол койгон.

ЕАЭБдин Бажы кодекси Орусия, Казакстан, Беларусия, Армения жана Кыргызстан мүчө болгон уюмдун негизги документтеринин бири болуп эсептелет. Ал 2013-жылы уюмдун ошол кездеги толук кандуу мүчөлөрү Казакстан, Беларусия, Орусия тарабынан иштелип баштаган. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон 2015-жылдан тарта бул ишке аралашкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache