Шашылыш кабар:

Кутманова: Өкмөт «Центеррага» колюлган доодон баш тартты

Январь 4, 2018 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
62

Өкмөт «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда, экологиялык абалды жакшыртуу менен алектенген «Жаратылышты өнүктүрүү фондун» түздү. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков 30-декабрда кол койду.

Токтомго ылайык фонддун түзүүчүсү кыргыз өкмөтү болот жана анын каржылык жана башка мүлкү «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому бир жолу бере турган 50 миллион доллардын жана 2017-жылдан тартып кен казылып бүткөнгө чейин жыл сайын бөлө турган 2,7 млн доллардын эсебинен түзүлөт.

Бул теманын тегерегинде «Күн чабытта» эколог Динара Кутманова менен маектештик.

Марал: Динара айым өкмөт бул фонд «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө болот деп ишендирүүдө. Дегиле «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» тууралуу сиз кандай пикирдесиз?

Динара Кутманова: Жаңы фондду түзүүнүн кажети жок болчу. Анткени «Кумтөрдөгү» жаратылышты коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер 2013-жылы иликтенип, анда экологияны калыбына келтирүүгө 100 млн доллар зарыл экени аныкталган. Бул боюнча талап коюлганы менен андан бери беш жыл өттү бир дагы иш жасала элек. Андан тышкары мөңгүлөргө зыян келтиргени үчүн «Центерраны» сотко бергенбиз. Эми кыргыз өкмөтү ал доолордон баш тартып жатат. «Центерра» ал зыяндарды төлөбөйт. Ал эми жаңы келишимди карасак жаратылышты коргоо боюнча кандай иштер аткарылат так жазылган эмес.

Марал: Сиз «Кумтөрдүн» ишин, ал жактагы экологияны иликтеген парламенттик жана мамлекеттик эки комиссияда тең иштедиңиз. Жаратылышка келген чыгым аябай эле көп болсо керек…

Динара Кутманова: Өкмөт бекиткен көрсөткүч менен 1994-жылы фабрика иштеп баштагандан берки чыгымды эсептегенде 444 млрд сом болгон. «Кумтөр» саясатташып кеткенин билесиздер да. Ошондон улам өкмөт чыгымды улам азайтып отуруп, 7 млрд сомго түшүргөн. Ушул каржатты талап кылып сотко бергенбиз. Аны дагы төлөбөй жатышат. Азыр карьерден чыккан уулуу суулар агып жатат. Муну дагы тазалоочу жайды курбай жатышат. Бул иштин баары аткарылбай туруп жаңы фонд түзүлгөнү жана ага түшкөн каражат Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу иштерге жумшалаары түшүнүксүз болууда. Эмне үчүн кендеги экологиялык коркунучтарды жөнгө салбай кайра жаңы фонд түзүп, башка эле иштерди баштаганы жатышат?

Марал: Өз сөзүңүздө кыргыз тарап «Центерраны» сотко бергенин айтып өттүңүз. Бирок өкмөт соттошуулардын аягы Кыргызстандын жеңилүүсү менен аяктайт деп келет. Бул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

Динара Кутманова: 2009-жылкы келишимде өкмөт «Эч кандай сотко бербейбиз. Талап дагы койбойбуз. Баарын сүйлөшүү жолу менен гана чечебиз» деп милдеттеме алган. Эгер сүйлөшүү жолу менен маселе чечилбесе Стокгольмдагы арбитраждык сотко барып, ал жерден маселе каралмак. Бирок ошол эле келишимде эгер «Центерраны» жарандык коом сотко берип утуп алса аны канадалык инвесторлор аткарууга милдеттүү болмок. Ага карабастан өкмөт бул мүмкүнчүлүктү колдонууга жол бербей келе жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *