Шашылыш кабар:

Кыргызстанда 20 миң бейтап паллиативдик жардамга муктаж

Январь 3rd, 2018 | by Түмөнбай Абдинаби уулу
Кыргызстанда 20 миң бейтап паллиативдик жардамга муктаж
Ден соолук
0

Кыргызстан боюнча 20 миң жаран паллиативдик жардамга муктаж. Паллиативдик жардам деген – жашоосуна коркунуч туулуп, өнөкөт ооруларга чалдыккан оорукчандарга туура дарыланууну үйрөтүп, медициналык жана психологиялык жактан жардам көрсөтүү.

Атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөргө таянсак, күн сайын 3 300 адам аталган жардамга муктаж болсо, андан 570 киши онкологиялык ооруларга чалдыккандар. Бирок 2016-жылы жалпысынан 1106 оорулууга гана паллиативдик жардам көрсөтүлгөн. Бул жалпы жардамга муктаж жарандардын 5 пайызга жакынын түзөт. Өнүккөн мамлекеттерде акысыз жүргүзүлө турган паллиативдик жардамга маани берилип, муктаждарга толук кандуу жардам көрсөтүлүп келгени менен Кыргызстан бюджеттин таңкыстыгынан бул ишти бир жолго сала элек. Мындай маалыматты Улуттук онкологиялык борбордун башкы директору Эрнис Тилеков айтты.

-Аймактарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин оорулууларга барып, сүйлөшкөнгө убактылары да жок. Көп сандагы жарандарга кызмат көрсөтүүгө жетишпейт. Чакыргандарына барып, аларды карап, дарысын берип кетет. Ал эми паллиативдик жардамда өзүнчө топ болушу керек. Анын курамында психологу да бар. Көпчүлүгү туура кам көрүүнү билишпейт. Ошону туугандарына үйрөтүп коюшса, жардам болмок.

Кыргызстанда жалпысынан 3 ооруканада станционардык паллиативдик жардам көрсөтүлөт. Алсак, Бишкек шаарындагы онкологиялык борбордо 25 койка орнотулган. Ал эми Ош облустар аралык онкологиялык борборунда 5 койка жана Кеминдеги кургак учукка чалдыккандар үчүн ооруканага 60 койка орун алган. 2013-жылдан бери бул тармакта 3 пилоттук долбоор иш алып барууда.

Паллиативдик жардам тууралуу 2017-жылдын июнь-ноябрь айларынын ортосунда атайын иликтөө жүргүзүлгөн. Анда Кыргызстандын Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустары, ошондой эле Бишкек Ош жана Каракол шаарлары каралган. Анда жалпысынан 405 жаран жана 460 медициналык кызматкер сурамжылоого катышкан. Ага ылайык, оорулууларга жардам көрсөтүүдө алардын 69 пайызынын туугандары менен түшүнбөстүктөр болуп, көйгөй жаралган. Мындай маалыматты иликтөөнү жүргүзгөн медицина илимдеринин доктору Лола Асаналиева айтты. Ага ылайык, паллиативдик жардамдын 42,4 % стационарда, 35,4% үйдө, 14% поликлиникада 8,2 % ар кандай жерде көрсөтүлгөн. Асаналиева медициналык кызматкерлердин берген маалыматтары тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

-Медициналык кызматкерлердин 93,7% паллиативдик жардамга муктаж оорулуулар менен кезиккен. Ошондой эле, аталган ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү 50 жаштан өткөндөр. Айыкпас дартка чалдыккандардын жашоосу 1-3 жылга созулары маалым болгон. Сурамжылоонун жүрүшүндө паллиативдик жардам алгандардын 88,5 пайызы өзүнүн диагнозун билгиси келсе, 11,5 пайызы мындан баш тартышат. Ошол себептүү кызматкерлер аларга суук кабарды угузгусу келбейт.

Паллиативдик жардам көрсөтүүдөгү дагы бир көйгөй – ак халатчандардын жетишсиздиги. Ошол эле учурда алардын бул боюнча маалыматынын, тажырыйбасынын аздыгы да маселе. Жалпы дарыгерлердин 40,3 пайызы дартты туура аныктап, ага туура кам көрөрү аныкталган. Сурамжылоого катышкан медициналык кызматкерлердин төрттөн үчү оорулууларга морфин бөлүштүрүүдө кыйынчылыкка дуушар болорун белгилешкен. Улуттук онкология борборунун үйдөн жардам көрсөтүүчү дарыгери Салтанат Мамбетова оорулуулардын арасында көпчүлүк дарыгерлер бул боюнча маалыматы жок экенин айтып, даттангандар көп дейт.

-Бизде медайымдар ийне саюу, медициналык кам көрүү сыяктуу иштерди алып барат жана аны бейтаптын жакындарына үйрөтөт. Негизгиси, мунун баары акысыз. Анткени онкологиялык дартка чалдыгып, 4-стадиядагы бейтаптар көп. Алар үчүн медициналык кызматкерлердин, анын ичинде паллиативдик жардам көрсөтө алган дарыгерлердин аздыгы. Алар бизге поликлиникага барып, жөндүү кеңеш ала алышпаганын айтышат.

Эми паллиативдик жардамга кетчү чыгымдар тууралуу сөз кылалы. Түз чыгымдар катары кызматкердин айлык акысы, дары-дармекке кеткен чыгаша, коммуналдык төлөмдөр, бейтаптын тамак-ашы жана ага кеткен керектелүүчү каражаттар эсептелет. Ал эми кыйыр чыгымдар жалпы оорукананын кызматкерине маяна, ар кандай шаймандарга кеткен чыгым жана техникалык каражаттарга керектелген акча айтылат. Айына Бишкектеги улуттук онкология борборунда бир бейтапка паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн айына 15 461 сом керектелет. Ал эми Оштогу облустар аралык борбордогулар үчүн 17080 сом. Үйүндө жардам көрсөтүлгөн жаранга 3420 сом гана жумшалган. Демек, паллиативдик жардамды үйлөрдө көрсөтүү кыйла ылайыктуу деп айтууга негиз бар.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстанда паллиативдик жардамды жайылтуу үчүн атайын мобилдик топторду түзүп, үйдө дарылоосуна шарт болуусу керек. Ошондой эле бул жардамды көрсөтө алган кадрларды толуктоо зарыл. Мыйзамдык жактан тоскоолдуктарды жоюп, укуктук негизде колдоо да болуусу шарт экендиги аныкталган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache