Шашылыш кабар:

Жаманкулов: Кышкы туристтик сезон кеч башталды

Январь 3rd, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Жаманкулов: Кышкы туристтик сезон кеч башталды
Күн чекит
0

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Өкмөт жыл сайын кышкы спортко кызыккан чет өлкөлүк туристтердин саны көбөйүп жатканын белгилеп, бул тармакты өнүктүрүү жолунда экенин билдирүүдө.

«Күн чекит» программасында Кыргызстандын быйылкы кышкы туристтик сезонго даярдыгы боюнча Маданият министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов менен маектештик.

Марал: Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Учурда өлкө боюнча канча тоо лыжа базалары иштеп жатат жана алардын абалы кандай?

Азамат Жаманкулов: Азыркы тапта 14 тоо лыжа базасы толук кандуу иштеп жатат. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл алардын абалы абдан жакшы. Анын ичинен бир нечеси КМШ өлкөлөрүндөгү тоо лыжа базаларынын ичинен эң мыктысына кирет. Биздин маалыматтар боюнча ушул учурда кышкы каникул учуру болгондуктан лыжа тебүүчү жайлар толугу менен иштеп жатат.

Марал: Быйыл былтыркыга салыштырмалуу кар аз жаап жатат. Аба ырайы кышкы туристтик сезонго канчалык кедергисин тийгизди?

Азамат Жаманкулов: Албетте терс таасирин тийгизди. Анткени былтыр ноябрдын аягында эле кышкы туризмди ачып, туристтерди тосо баштаганбыз. Быйыл 30-декабрга чейин күткөнгө туура келди. Эми мындан ары кар жакшы жаап берип, тоо лыжа базаларыбыз иштейт деген үмүттөбүз.

Кышкы туристтик сезонду ачуу маалында лыжа базалардын кожоюндары менен аба ырайы ушундай боло бере турган болсо башка дагы жолдорун карап көрүү тууралуу сөз болду. Мүмкүн жасалма түрдө кар алып баруу керек. Дүйнө жүзүндөгү көрүнүш ушундай болуп жатат. Европа мамлекеттеринин айрымдарында лыжа базалар иштебей токтоп турат.

Марал: Буга чейин өкмөт тоо лыжа кластерин түзүү боюнча долбоорду сунуш кылып, бирок ал ишке аша элек. Буга эмне тоскоол болуп жатат жана бул долбоор качан турмушка ашат?

Азамат Жаманкулов: Мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Бирок ички система бир аз татаал болуп турат. Эгерде тыштан инвестор келип тоо лыжа базасын куруу ниетин билдирсе башка өлкөлөрдө жол жана башка иштерди мамлекет жасап берет. Биз муну жеке мамлекеттик кызматташтык аркылуу ишке ашыралы деген оюбуз бар болчу. Бирок ички система толук иштелип чыга элек. Кластерди күтүп отурбай эле быйыл жаңы тоо лыжа базалары ишке берилди.

Учурда тоо лыжасын салуу боюнча пландалган жерлер тууралуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кызыккандар абдан эле көп. Анткени «кышкы туризмдин мекенибиз» деген жерлерде дагы учурда жылуу болуп жатат. Ошондуктан кышкы туризм анын ичинде экстремалдык спорттун түрүнө кызыккандар башка өлкөлөргө кетип жатат. Алардын кызыгуусун жараткан мамлекет Кыргызстан болуп калышы мүмкүн. Андыктан мунун үстүнөн иштейбиз.

Марал: 2016-жылы туризмден республикалык бюджетке 103,5 миллион сом түшкөн экен. Бул жылы кандай көрсөткүчтөрдү күтүп жатасыздар?

Азамат Жаманкулов: Былтыркы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ички дүн продукциянын 5,5 пайызын туризм түздү. Бул акыркы жети жыл ичиндеги эң жакшы көрсөткүч. Туристтердин саны дагы мурдагы жылдагыга караганда 346 миң адамга көп. Азыр 12 айдын жыйынтыгы чыга элек. Аны менен жакшы көрсөткүчкө жетебиз деп ойлойм.

Фото: Премьер-министр Сапар Исаков жана Азамат Жаманкулов

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache