Шашылыш кабар:

Түрмөнстанда кара түстөгү унааларга тыюу салынды

Январь 2nd, 2018 | by Канай Анаркулов
Түрмөнстанда кара түстөгү унааларга тыюу салынды
Дүйнө кабарлары
0

Жаңы жылдын кириши менен Түрмөнстанда кара түстөгү унааларга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, буга чейин кара түстөгү унааларды ачык түстөргө боётуу талабы коюлган. Эми 2018-жылдын январь айынан тарта кара түстөгү унааларды полиция кызматкерлери көчөдө токтоп турган жеринен эле камакка алышып, эвакуатор менен айып аянтчасына жеткиришүүдө.

Ошондой эле маалыматта кара түстөгү унааларга салынган тыюудан улам Түркмөнстанда унааларды башка түскө боёо, 500 доллардан 1000 долларга чыгып,  эки эсе кымбаттаганы айтылат.

Андан сырткары аталган маалыматта 2015-жылдан тарта Түркмөнстанга кара түстөгү унааларды сырттан алып кирүүгө тыюу салынганын, аны себебин бажы кызматкерлери ак түс бакыт чакырат деп гана түшүндүрүшкөнү айтылууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache