Шашылыш кабар:

Гезиттер: Адамдын аты жашоосуна таасир этет

Декабрь 29th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Гезиттер: Адамдын аты жашоосуна таасир этет
Гезит бетинде
0

Бүгүн, 29-декабрда «Ачык саясат», «Кыргыз Туусу» жана «De-Факто» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Мамлекеттик камсыздандыруу уюму, КМШ мамлекеттеринин кызматташтыгы жана адамдарга коюлган аттардын маани-маңызы тууралуу жазышты.

«Ачык саясат» гезити «Камбар Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр уланууда» деген, «Малик Нурдинов ИИМге келеби?» деген, «Албек алына жараша иш кылса болмок» деген калаа башчысы Албек Ибраимовго байланышкан макала, маектерди басып чыгарды.

Гезиттин 5-бетине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси Бакыт Жумашев менен болгон маек жарык көрдү. Анда мекеме жетекчиси Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жыл сайын 400 млн сом каражат которулуп, ал жаратылыш кырсыктарына жумшалып келгенин айткан. Бирок табигый кырсыктардын кесепетин жоюуда бюджеттен бөлүнгөн каражат жетпей, мамлекеттик камсыздандыруу киргизилген экен.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна жарандар турак-жайын камсыздандырып, эгер ал жаратылыш кырсыгынан зыянга учураса мамлекет тиешелүү каражатты берет. Ал үчүн шаарда жашаган жарандар камсыздандыруу ишканасына айына 100 сом, жылына 1200 сом которуп турушу керек. Ал эми айыл жергесиндегилер айына 50 сом же жылына 600 сом бериши зарыл. Эгер жарандардын үйүнө зыян келсе шаарда жашагандарга мамлекет 10 млн сомго чейин, айылда тургандарга 500 миң сомго чейин каражат берет. Бул турак-жайга келген чыгымга жараша болот.

«Кыргыз Туусу» Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн алакасы тууралуу «Шериктештиктин ролу өсүүдө» деген, Сооронбай Жээнбековдун президенттик балаты майрамында балдарга «Мен силердин жүзүңөрдөн өлкөбүздүн келечегин көрүп турам» деген сөзүн баш тема кылып балаты майрамындагы президенттин билдирүүсүн жана Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү программасы боюнча макаланы жарыялады.

Андан ары Филология илимдеринин доктору, профессор Шералы Жапаровдун гезитке адамдардын ысымдары боюнча берген маеги басылып чыкты. Жапаров балага коюлган ат анын кийинки жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасир берээрин айткан. Ат бул балага берилген эң биринчи энчи экенин жана ал энчини ата-эне чүрпөсүнө чексиз үмүт менен берээрине токтолгон. «Ошондой эле адамдын аттары ал жашаган мамлекеттин дагы тарыхы менен тыгыз байланышкан», — дейт.

«De-Факто» басылмасы «Абдыгулов Улуттук банкты арендага алдыбы?» деген макаланы чыгарып. «Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоевдин иши канаттандырабы?» деген сурамжылоо жүргүзгөн.

Андан ары гезит элге төбөсү көрүнүп калган инсандардын өзгөчө, эсте калаарлык тоскон жаңы жылдары тууралуу жазды. Депутат Тазабек Икрамов студенттик кезинде Ала-Тоо аянтына достору менен барып, кайра үйгө кетүүгө акчалары жок жаңы жылды көчөдө тосконун айтып берген. Күндүн сууктугуна карабай үйлөрүнө жөө барышканын, чачын гельдеп тургузуп алган ал кездеги студент азыр Жогорку Кеңеште депутат. Ырчы Аскат Мусабеков студенттик кезинде достору менен бир үйгө чогулуп жаңы жыл тосушканын, аяз ата болуп келчү досун кошунанын ити белек-бечкектери бар куружуну менен кошо кубалып, досу жаңы жылды кочөдөн тосконун эстеген.     

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache