Шашылыш кабар:

Электр энергиясын тейлөө үчүн SCADA системасы орнотулду

Декабрь 28th, 2017 | by Анара Бакытбекова
Электр энергиясын тейлөө үчүн SCADA системасы орнотулду
Экономика
0

Электр энергиясын тейлөө үчүн SCADA системасы орнотулду. Аталган системада аймактарга электр энергия кандай көлөмдө жеткирилип жатканы жана өчүрүүлөр чыгып турат. Ал үчүн Бишкекте «Улуттук электр станциялар» ишканасында узуну 3 метр, туурасы 7 метрди түзгөн видеокуб орнотулган. Анда колдонулган электр энергиянын көлөмү чыгып турат.


Кыргызстандын энергетика тутумундагы бүткүл объектилер көзөмөлдөнөт жана башкарылат. Ага Токтогул каскадындагы ГЭСтер, Бишкек, Ош ЖЭБ жана бүт электр тармактары кирет. Аны «Улуттук электр станциялар» ишканасына орнотулган SCADA системасы аркылуу видеокуб менен башкарылат.

Аталган ишкананын борбордук диспетчер кызматынын улуу ыкчам диспетчери Чыңгыз Абдымомунов видеокубдан техникалык парометрлерди көзөмөлдөп турат.

Мында чыңалуу, токтун күчүн, ылдамдыгын көзөмөлдөп турам. Бизге SCADA деген жаңы система ишке кирди. Бул онлайн режимде өлкөдогү бүткүл көмөк чордондордогу түзүлгөн абалды жана кырдаалды көрүп турабыз. 

SCADA системасы орнотулганга чейин аталган ишкана электр энергиясынын абалы боюнча маалыматтарды адистерден алып турушчу. Маалымат телефон аркылуу жеткирилип келген. Эми бул кызмат жеңилдеп онлайн аркылуу видеокубдан көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындай ыкма коңшу мамлекеттер Өзбекстан менен Казакстанда эчак эле киргизилген.  Кыргызстандан өткөн, сыртка чыккан жана импорттолгон электр энергияны так көрүүгө ушул системаны киргизүү керектигин биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.

— 2011-жылы Кыргызстандын энергосистемасы бир топ кыйын мезгилди башынан өткөрдү. Борбор шаарыбыз Бишкекте жаңы конуштар, көчөлөр электр жарыгысыз калып, мындан улам элдер чыгып жол тосчу. Акыркы жети жылдын ичинде улуттук долбоорлор ишке ашты. Алар Датка-Кемин подстанциясы ишке берилип, Бишкек ЖЭБ модернизацияланды. Бүгүнкү күндө энергетика системасы туруктуу иштейт. Жалпы көлөмү 7 жылда 1 млрд доллардын тегерегинде болду. Мунун баарын тейлеш үчүн SCADA системасы иштеши керек болчу.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жетекчиси Айбек Калиевдин айтымында, энергетиканы көзөлдөөчү системага жалпы 55 млн доллар жумшалган. Аны түркиялык «Акай» копаниясы тендерден утуп алып, жумушту аткарган.

55 млн доллар Азия өнүктүрүү банкынан алынган. Бул каражатка диспетчер, баардык көмөк чордондорго оптикалык байланыштар орнотулду. Ал эми 500кВт, 220 кВт, 110 кВт көмөк чордондордогу май куюучу өчүргүчтөр (включатель) жаңыланды.

Кошумчалай кетсек, орнотулган видеокубда көмөк чордондордо колдонулган электр энергиянын көлөмү эсептелип чыгып турат. Мында ашыкча электр энергияны бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калаары айтылууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache