Шашылыш кабар:

2017-жыл: Саясаттагы дүрбөлөң

Декабрь 28, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
132

Узап бараткан 2017-жыл Кыргызстандын саясий турмушунда бир топ урунттуу окуяларга бай болду. Өлкөдө биринчи жолу Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттө бийлик алмашып, бийликчил Социал-демократтар партиясынын талапкери мамлекет башына келди. Оппозициянын лидери делген «Ата-Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев абакка кесилип, бир топ бийликке каршы саясатчылар түрмөгө түштү. Парламентте дагы абал тез-тез курчуп, өкмөттө дагы чуулуу окуялар арты-артынан катталып турду.  

Президенттик шайлоодо бийликтин талапкери жеңди

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо болду. Өлкөнү башкарат элем деген 59 жаран Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип, Боршайком анын 13 каттаса, шайлоо марасына 11 жетти. Президенттикке талапкер болуу үчүн арыз тапшырган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Садыр Жапаровго болсо шайлоого катышуу укугу берилген жок.

15-октябрдагы шайлоодо 1 697 868 адам добуш берип, бул тизмеде катталган шайлоочулардын 56,34 пайызын түздү. Алардын арасынан 54,22 пайызы же шайлоочулардын 920 620сы Сооронбай Жээнбековго, Өмүрбек Бабановго шайлоочулардын 33,49 пайызы же 568 668 адам добуш берген. Ал эми Адахан Мадумаров үчүнчү тизмеге жазылып, ал шайлоочулардын 110 284 добушуна же 6,57 пайызынын колдоосуна ээ болгон. 12 миң киши «баарына каршы» добуш берип, алар 0,73 пайызды түздү. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарган соң, бийликти өткөрүп берүү иш-чарасы же жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленген.

Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү убадасы

Жээнбековдун ант берүү аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп, президенттик ишине калың убадалар менен киришти. Ал «Бийликтин ээси эл» деп, калкка жакын президент болоорун, башкарууда аймактык бөлүнүүгө жол бербей турганын айтып, атка минерлер арасындагы коррупция менен аёосуз күрөшүүнү убада кылды.

Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине расмий киришкенден кийин Коопсуздук кеңешинин, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жетекчилерин кабыл алып, күч түзүмдөрүндөгү коррупция менен күрөштү күчөтүү тапшырмасын берди. Учурда сөз жүзүндө коррупцияга каршы согуш байма-бай жарыяланып жатат. Коопсуздук кеңешинин кийинки отурумунда дагы дал ушул жемкорлук көйгөйү негизге маселе катары каралаары айтылган. Жээнбеков президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда башталган иштерди улантаарын жарыялаган. Эске салсак Атамбаев президент катары массалык маалымат каражаттарына уюштурган акыркы маалымат жыйынында эгер Жээнбеков туура эмес жолго түшсө өзүнүн шору экенин айткан эле.

Атамбаев шайлоо учурунда Жээнбеков эң ишенимдүү адамы экенин, ага бөркүндөй ишенээрин бир нече жолу кайталаган. Шайлоо маалында жана ага чейинки үгүт өнөктүгүндө Атамбаев буга окшогон билдирүүлөрү менен шайлоо мыйзамдарын бузуп жатканы айтылып келди. Саясат талдоочулар бул жолку президенттик шайлоодо бийлик менен байлыктын кармашы болгонун же башкача айтканда Сооронбай Жээнбеков бийликке Өмүрбек Бабанов байлыкка ишенгенин мисал кылып жүрүшөт. Президенттикке талапкер болгондордун арасынан Адахан Мадумаров, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиевдер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтса, калгандары аны кабыл алгандай түр көрсөттү.

Оппозициянын лидери түрмөгө түштү

2017-жыл бир топ саясатчылардын камакка алынышы менен элдин эсинде калды. Алардын көч башында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев турат. Ага Башкы прокуратура ушул жылдын 25-февралында «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Козголгон иштин алкагында мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов дагы камакка алынган. Алар орусиялык ишкерлерди «Мегаком» компаниясынын башкармалыгына киргизем деп убада берип, 1 млн доллар пара алган деп айыпталышкан. Биринчи май райондук соту 16-августта Текебаев менен Чотоновду 8 жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн мамлекетке конфискациялаган. Мындай чечимди райондук соттун судьясы Айбек Эрнис уулу чыгарган. Биринчи май райондук сотунун өкүмүн кийин шаардык сот менен Жогорку сот дагы күчүндө калтырды.

Бийликти басып алууга айыпталгандар…

Ушул эле жылы бийликти күч менен басып алууга жана өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө аракет кылууга шектелип быйыл апрель айында Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Эрнест Карыбеков 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов 12 жылдан күчөтүлгөн тартипте, Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилди.

Бийликти күч колдонуу жолу менен алмаштырууга аракет кылган деп абакка түшкөн саясатчылардын катарын «Элдик парламент» саясий уюмунун мүчөлөрү дагы толуктайт. Биринчи Май райондук соту август айынын башында аталган уюмдун мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди 14 жылдан, Марат Султановду 10 жылга соттогон. Ал эми Александр Гусев менен Тойгонбек Калматовго 2 жыл шарттуу түрдө жаза чарасы чегерилген. Темир тор артына түшкөн саясатчылардын бардыгы, коюлган айыптарды четке кагып, соттордун чечимин бийликтин буюртмасы деп атап келишет.

Садыр Жапаровду каматкан эски иш

Түрмөгө кесилген саясатчылардын катарын экс-депутат Садыр Жапаров толуктайт. 2-августта Биринчи Май райондук соту Жапаровду 11 жыл алты айга эркиндигинен ажыраткан. Мындай чечимди Жапаровдун ишин караган райондук соттун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарган эле. Сотко төрагалык кылуучу Садыр Жапаров өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган жана ага катыштыгы бар деп тапкан.

Мурдагы эл өкүлүнө «бийлик өкүлүндөрүнө каршылык жасоону уюштуруу», «адам өлтүрүүнү уюштуруу», «коомдук тартипти бузуу» жана «Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштуруу» деген төрт айып тагылган. Акыркы жылдары чет жакта жүргөн саясатчы ушул жылдын 25-мартында Кыргызстанга келген учурда кыргыз-казак чек арасынан кармалып, дароо УКМКга жеткирилген. Жогорудагы саясатчылардын тагдырындай эле райондук соттун Жапаровго чыгарган өкүмү кийинки инстанцияларда өзгөргөн жок.

Самаковго сот өкүмү чыкты

Дагы бир экс-депутат Карганбак Самаковдун дагы Чубактын кунундай чубалган соту быйыл аягына чыкты. Башкы прокуратура Самаковго 2015-жылдын 14-майында иш козгогон. Ага 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу фактысы боюнча «коррупцияны уюштурган» деген күнөө коюлуп, 10 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Жети депутатка иш козголду…

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарына козголгон кылмыш иштер V чакырылыштагы эл өкүлдөрүнө ачылган иштерден ашса ашат, бирок кем калбайт. Бул жолку чакырылышта жалпы 9 депутатка кылмыш иши козголду. Парламенттеги КСДП фракциясынан эки, «Республика-Ата Журт» фракциясынан бир, «Кыргызстан» фракциясынан эки, «Бир Болдон» эки, «Ата Мекен» фракциясынан үч депутатка кылмыш иштери ачылды. Булардын арасынан «Ата Мекенчи» Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Саляновага, «Бир Болдон» Игорь Чудиновго сот өкүмү чыкканы менен калган эл өкүлдөрүнө чечим чыга элек. «Кыргызстан» фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаевдин иши дагы деле сотто каралууда.

Парламенттеги эң ири оппозициялык  «РАЖ» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго дагы иш козголду. Башкы прокуратура Бабановго жана бир катар адамдарга 4-ноябрь күнү Кылмыш Жаза Кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо), 299-беренесинин 1-бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Иштин козголушуна Өмүрбек Бабанов ушул жылдын 28-сентябрында шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө Ош шаарындагы мурдагы «Он-Адыр» азыркы «Амир Тимур» кичи районунун жашоочулары менен жолукканда сүйлөгөн сөзү негиз болгон.

Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда өзү жазган арызы менен «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидерлигинен кеткен. Мындай чечим 22 депутаттын колдоосу менен фракциянын жыйынында кабыл алынган. Ал Кыргызстанга качан келээри белгисиз.

Сапар Исаков баштаган өкмөт

Кыргызстандагы дагы урунттуу саясий окуя катары Сапар Исаков баштаган министрлер кабинетинин өкмөткө келиши болду. Экс-президент Алмазбек Атамбаев ишенимдүү делген адамдарынын бири, бир нече жыл президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Исаков баштаган өкмөт курамын жана программасын 25-августта Жогорку Кеңеш колдоду.  Өзүлөрүн жаш жана реформатор деп атаган аткаруу бийлиги чуулуу окуялары менен эсте калды. Ошол эле Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча тендерден утуп, бирок ГЭС салмак тургай Кыргызстанды сотко берем деп коркуткан Чех компаниясы, сатылбай жаткан Мегаком жана эң чуулуу окуя бул Суу кодексин өзгөртүү боюнча өкмөт сунуштаган мыйзам долбоору.

Акыр аягы өкмөттүн сунушун парламент колдоп, экс-президент Алмазбек Атамбаев документке кол койду. Анын негизинде Кумтөрдү иштеткен «Центерра Голд Инк.» компаниясы Кумтөрдөгү Давыдов менен Лысый мөңгүсүн көчүрөөгү уруксат алды. Жарандык коомдун каршылыгына карабай бийликтин үч бутагы тең мөңгүлөрдү жылдырууга жол ачып берди.

Эгер башында Сапар Исаков жаңы өкмөткө биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлерге жаш кадрларды алып келген болсо, азыр жанында алардын дээрлик эч кимиси калган жок. Маселен мурдагы вице-премьер Толкунбек Абдыгулов кайра эле Улуттук банкка жетекчи болуп кетсе, кызматтан кызмат алмаштырган Дүйшөнбек Зилалаиев өзү жазган арызы менен убактылуу кызматтан четтеди. Учурдагы өкмөткө коомчулук менен парламент берген баа бир кылка эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *