Шашылыш кабар:

Бишкек-Ош жолунда көчкүнү атып түшүрүү иштери башталат

Декабрь 28th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Бишкек-Ош жолунда көчкүнү атып түшүрүү иштери башталат
Күн Чабыт
0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-декабрда Чүй облусунун «Сосновка» өткөрүү жайына 120 оор жүк ташуучу жана 225 жеңил автоунаа топтолгонун, ал эми Токтогул районунун «Арал» постунда 500 оор жүк ташуучу жана 200 жеңил унаалар чогулганын кабарлаган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош-Бишкек жолунун 192-чакырымында 1 автоунааны кар көчкүсү жолдон сүрүп чыгарганын, андан 2 унаа жабыркаганын билдирген. Ал эми аталган жол убактылуу жабылган. Кан жолдордогу кырдаал боюнча министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов «Күн чабыт» программасында акыркы маалыматтарды берди.

Марал: 27-декабрга караган түнү жааган кар бир топ эле оорчулукту жаратып, Бишкек-Ош автожолунда унаалар топтолуп жол убактылуу жабылган эле. Аталган жол ачылдыбы жана жолдордогу учурдагы абал кандай?

Абдишарип Бекилов: Азыркы тапта республиканын бийик тоолуу автоунаа жолдорунун бардыгында коркунуч бар. Айрыкча Бишкек-Ош унаа жолунда. Ошондой эле Ала-Бука-Жаңы Базар-Киров жолунда дагы кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Ушуга байланыштуу ӨКМ буга чейин шашылыш эскертүү берген. Андыктан бийик толуу унаа жолдордо жүргөндө автоунаалардын ортосунда аралык 500 метрди түзүшү зарыл.

Ал эми Бишкек-Ош унаа жолу 27-декабрда саат 23:00дөн өткөндө жеңил унаалар үчүн ачылды. Бирок оор жүк ташыган унааларга дагы деле чектөө бар. Анткени жол тайгак болуп жатат. Кокустан оор жүк ташыган унаалар кыйгачынан туруп кала турган болсо жол тыгындары пайда болуп, адам өмүрүнө коркунуч жаратып жана материалдык чыгым алып келиши мүмкүн.

Марал: Шамалдан улам айрым жолдордо кар күрткүлөрү пайда болуп, кооптуу участоктордогу кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чаралары дагы жүргүзүлөөрү айтылган эле. Көчкүнү атып түшүрүү иштери кайсы жолдордо болот?

Абдишарип Бекилов: Бүгүнтөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иштери башталат. Кечээ артиллериялык топ барып, Итагар станциясына жайгашкан. Аба-ырайы мүмкүнчүлүк берсе саат бүгүн 10:00дө көчкүнү түшүрүү иши жүргүзүлөт.  Алар негизинен Бишкек-Ош жолунун 132-137, 95-255-чакырымдарында болот. Бул Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында болчу иштер.

Биз айдоочулардан негизи жолго чыкпай турууну суранат элек. Айрыкча такси кызматында иштегендер жүргүнчүлөрдү дагы алып барып алып өзүлөрүнө дагы, башкаларга дагы ыңгайсыздык жаратпоо үчүн жолго чыкпай турушса жакшы болмок.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache