Шашылыш кабар:

Нурдин Букуев «дүйнөнүн мыкты калысы» болуп табылышы мүмкүн

Декабрь 27, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
164

Футзал боюнча кыргызстандык калыс Нурдин Букуев «Дүйнөнүн мыкты калысы» наамы үчүн ат салышууда. Мындай маалыматты Футбол федерациясынан билдиришти.

Ага ылайык, «Futsal Awards» сыйлыгынын алкагында 10 категорияда дүйнөнүн мыкты оюнчулары жана калыстары сыйланат. Букуев менен бул наам үчүн Гватемала, Египет, Соломон аралдары, Япония, Уругвай, Аргентина, Жаңы Зеландия, Румыния жана Хорватия өлкөлөрүнүн калыстары да ат салышат.

«Futsal Awards» сыйлыгы 2000-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлөт. 10 категориядагы мыктыларды футзал боюнча дүйнөнүн алдынкы адистери аныктайт. Добуш берүү 1-8-январь аралыгында өтүп, сыйлыктын ээлери 10-январда аныкталат.

Кошумчалай кетсек, Нурдин Букуев 2017-жылы футзал жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугунда, клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жана Жабык имараттагы Азия оюндарында калыстык кылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *