Шашылыш кабар:

Жоробеков: Жээнбековдун иши оор болуп турат

Декабрь 27, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
554

Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине расмий киришкенден бери бир ай убакыт өттү. Өлкө башчысы андан бери бийликтин бардык бутактарынын башчыларын кабыл алып, алгачкы чет өлкөгө болгон сапарын Орусияга жасады.

Андан соң Өзбекстан менен Казакстанга расмий сапары менен барып, коңшу өлкөлөр менен бир катар документтерге кол коюлду. Жээнбеков 24-ноябрда болгон иаугурацияда калың убадалар менен ишке киришкен эле. Ал мамлекет башчысы катары өзүн кандай көрсөтүп жатат?

Биз бул теманын айланасында саясий илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Жээнбеков президенттик ишине киришкенден бери бир ай өттү. Ал бул аралыкта өзүн кандай көрсөтө алды? Талдоочулар Жээнбеков өлкө башчы катары мындан ары кандай иш алып бараары, жолу көрүнүп калышы керек дешүүдө. Сиз аны байкай алдыңызбы?

Жолборс Жоробеков: Албетте бир айда чоң мамлекеттик ишке, анын үстүнө президенттин ишине баа бериш менин оюмча эртелик кылат. Бирок айрым бир пикирлерди айтса болот. Анткени президент бул аралыкта табигый түрдө биздин коңшулар менен болгон мамилени жакшыртууда бир топ иштерди жасады. Бул биз үчүн гана эмес ошол эле Өзбекстан, Орусия, Казакстан үчүн да Кыргызстан менен болгон алаканын жакшырышы пайдалуу. Себеби алардын дагы кызыкчылыгы бар. Ошондуктан бул жаатта иштер жакшы нукта баратат.

Марал: Сооронбай Жээнбеков буга чейинки бийликтин таасиринен чыгып, өз алдынча саясат жүргүзө алабы ал кадр саясатынан сыналат деп айтылып келет. Бирок олуттуу деле кадрдык өзгөртүүлөр боло элек. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

Жолборс Жоробеков: Сооронбай Жээнбековго өтө кыйын. Себеби прокуратура, коопсуздук жаатындагы бир топ министрлер менен премьер-министр Алмазбек Атамбаев коюп кеткен жекеден-жеке кишилери. Кандайдыр бир олуттуу кадамдарды жасап жибериши оор. Жээнбековго өз алдынча, иштиктүү саясат жүргүзүү кыйын болуп турат.

Марал: Президент ишине киришип жатып коррупция менен анын ичинде аткаминерлердин арасындагы жемкорлук менен күрөшүүнү убада кылган. Коррупция менен күрөштүн белгилери байкалып жатабы?

Жолборс Жоробеков: Серепчилер Кыргызстанда депутат, министрлер, ар кандай кызмат орундарындагы 200дөн 400гө чейин чиновниктер бар деп айтып келишет. Кыргыздар бири-бирибизди жакшы билебиз. Алардын бирөөсү дагы таза деп айтуу кыйын. Баарынын артында күмөндүү иштери бар. Эми аларды «камаймын, жоготом» дебей кимиси кандай иштеп жатат, эли-журтка кандай жумушчу орундарын түзүп жатат ушул жагына көбүрөөк көңүл бурсак дейм. Ал эми жеп ичкендерди күч органдары эле эмес жөнөкөй адамдар деле көрүп турабыз.    

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *