Шашылыш кабар:

Санавиация маселесине телемедицина жардам берет

Декабрь 26th, 2017 | by Бурулай Шергазиева
Санавиация маселесине телемедицина жардам берет
Ден соолук
0

Жыл сайын санавиация кызматына миңден ашык чакыруу келип түшөт. Кызматтын тик учагы жок болгондуктан, бейтапка дарыгерлер автоунаа менен барышат. Бул учурда бейтапты кээде куткарса, кээде убактысында жетпей калышат. Айрымдардын пикиринде, каражат маселесин чечкенге чейин, тик учакты ижарага алуу жолу менен жардам берүүгө болот. Ошондой эле, телемедицина жагын өнүктүрүү менен кыйла үнөмдөөгө мүмкүн.


Улуттук ооруканага караштуу санавиация кызматына жылына 1 миңдин тегерегинде чакыруу келип түшөт. Бирок, тилекке каршы алардын баарына эле өз убагында жардам берүү мүмкүнчүлүгү болбой калган учурлар да бар. «Айрыкча алыскы аймактарда, өзгөчө кырдаалдарда бул кызмат маанилүү»,- деп Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында бул маселени карап берүүнү өкмөт башчыдан өтүнгөн.

-Биздин эки министрликтин ортосунда санавиация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анткени, өзгөчө кырдаалдарда, алыскы аймактарда  бул абдан керек болот. Жолдогу кырсыктарда, алыскы тоолуу аймактарда жарандарга медициналык тез жардам үчүн.

Министрдин бул суроосу актуалдуу экендигин белгилеген өкмөт башчы, тез арада чечиш керек деген оюн айткан. Жок дегенде эки тик учак алып, түндүк менен түштүк аймакты бирден камсыз кылууну сунуштаган. Бул боюнча чет элдик өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр да жүруп жаткандыгын Сапар Исаков кабарлаган эле.

-Биз бул боюнча AirBus компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Алар бизге бул боюнча жардам берүүгө даяр. Муну чечүү үчүн баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Анткени, биз тоолуу аймакта жайгашкандыгыбыздан бул маанилүү, биз муктабыз.

Маалыматка ылайык, учурда санавиациянын карамагында азырынча тик учак жок. Ошондуктан, алыскы аймактарга дарыгерлер өзгөчө кырдаалдарда ашуу ашып, автоунаа менен барышат. Бирок, баары эле өз убагында жетише бербейт. Мындан улам, Кыргызстандын жаш дарыгерлер коомунун президенти, хирург Элзар Токтоназаров тик учактарды ижарага алып иштетсе да болот  деген сунушун айтат. Анткени каражат маселеси чечилгенге чейин канчалаган өмүрлөр ашуунун ар жагында, алыскы аймактарда кыйылып жатат кабатыр.

-Мисалы, жакында эле Казарманда бир жаш келин төрөттөн кийин кан көп кетип, оор абалга түшүп калган. Тилекке каршы, ага жардам бере турган дарыгер ал жакта болгон эмес. Буга байланыштуу ижарага берген тик учак менен саатына 500$ төлөшүп, жакындары аны Оштогу ооруканага алып келишкен. Негизи ушинтип ижарага бергендер бар. Аларды алсак болот. Ижара акысын берип, майын берип иштетүүгө болот.

Муну чечүүнүн дагы башка  жолу катары жаш дарыгер телемедицина кызматын  толук кандуу киргизүүнү сунуштайт. Анткени буга чейинки келип тушкөн чалуулардын 93үн телемедицина аркылуу консультация берип чечишкен.

-Азыркы учурда 900дөн ашык чакыруу болду. Алардын 93 телемедицина  аркылуу чечтик. Бул жагынан телемедицина үнөмдөөгө жардам берет. Толук кандуу бардык аймакка киргизсе, жардам көбүрөөк болмок.

Маалыматка ылайык, санавиация 1 жылдын ичинде 9 миллиондун тегерегинде чыгымга учурайт. Анын 5 миллиону мамлекеттик бюджеттен каралса, калганын  Улуттук  госпиталдын бюджетинен сарптайт. Ага кошумча, дарыгерлердин айтымында, алардын алыскы аймакка баргандагысына өзүнчө акча кошулбайт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache