Шашылыш кабар:

Кыргыз-казак чек арасы: Кечигип кол коюлган келишим

Декабрь 26th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Кыргыз-казак чек арасы: Кечигип кол коюлган келишим
Саясат
0

Эки өлкө башчылары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге кол коюп, «жол картасынын» аткарылышын талкуулашты.

Президенттер «жол картасы» тууралуу…

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин 25-декабрдагы жолугушуусунда 2-декабрда Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү кол койгон «жол картасында» камтылган иштердин аткарылышы талкууланды. Анда президент Жээнбеков документ боюнча Кыргызстандын тиешелүү мекемелери иш алып барып жатканын айтты.

— «Жол картага» кол коюлгандан кийин бир гана жогору жакта эмес, министрликтер менен ведомстволор анын үстүнөн катуу иштей баштады. Азыр дагы тапшырмалар берилди. Буюрса ошонун негизинде көп маселелер чечилсе керек.

Астана шаарында кол коюлган «жол картасына» 50 иш-чара кирген. Документке ыкчам мүнөздөгү 16, беш кыска мөөнөттүү жана 29 системалуу чаралар камтылган. «Жол картасына» кол коюлгандан кийин гана кыргыз-казак чек арасындагы 2 айга созулган чектөө алынган. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттөр аралык документ оң натыйжасын бергенине токтолду.

— Президент Сооронбай Жээнбеков менен Минскиде акыркы ирет жолугушкандан бери аз эле убакыт өттү, бирок фитосанитардык, ветеринардык, транспорттук, салык, бажы көзөмөлүнүн алкагында өз ара аракеттенүү боюнча көп иш жасалды. Бардык маселелер жөнгө салынып, чек арада топтошкон транспорт жок. Бүгүн биздин тар курамда сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө документтин ар бир пунктун сапаттуу ишке ашыруу боюнча тапшырма бердим.

«Казакстансыз да товарды сата алабыз»

Расмий маалымат боюнча 2017-жылдын январь-октябрь айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 743 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19 пайызга өскөн. Бул Казакстан Кыргызстан менен болгон товар алмашуу боюнча Кытай менен Орусиядан кийинки 3-орунда турат дегенди билдирет. Назарбаев 2020-жылга чейин бул көрсөткүчтү 1 миллиард долларга чейин көтөрүү керек деп эсептейт.

Ал эми ортодогу экономикалык маселелерди жөнгө салууга багытталган делген «жол картасын» экономист Абай Алымкулов «саясий документ» деп атады. Ал Кыргызстан «жол картасы» жок деле товарын сыртка сата алат деген пикирде.

— Бул «жол карта» эле жетишпей жатты беле, мына анда дегендей сөз болуп жатат. Биз Өзбекстан менен алаканы жакшыртып, инвестициялык келишимдерди түзүп келдик. Эми Казакстан четте калып калды. Себеби Кытайдан, Индиядан, Чыгыш өлкөлөрүнөн келген товарлар азыр Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмения, Иранга кете берет. «Жол карта» кереги барбы, кереги жокпу таасирин тийгизбейт.

Чек араны демаркациялоо жөнүндө келишимге кол коюлду

Жээнбеков менен Назарбаев 25-декабрда биргелешкен билдирүүгө, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге кол коюшту. Башкача айтканда, эми демаркациялык карталарда чек ара сызыгынын орду тагыраак берилип, чек ара чекити менен бирге чек ара белгилери даана көрсөтүлөт. Кыргыз-казак чек ара тилкелерин тактоо иштерине катышкан, өкмөттүн алдындагы регионалдык иштер боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Саламат Аламанов чек араны демаркациялоо келишимине кечигип кол коюлуп жатканын айтат.

— Демаркация мурдагы план боюнча 2012-жылы бүтүш керек болчу. 2010-жылы чийилбей калган сызыктар 2011-жылы такталып, 2012-жылы кол коюлушу керек эле. Мунун финансылык жактан дагы мааниси чоң болчу. Бирок калган ишти эмнеге 5 жыл созушту дагы деле түшүнүксүз.

Астанада эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы режим жөнүндө макулдашууга да кол коюлду. Бул эки мемлекеттин чек арасы толугу менен такталды дегенди түшүндүрөт.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги демаркация боюнча келишимге кол коюлса кыргыз-казак чек араларын укуктук жактан бекемдөө соңуна чыгарат деп кабарлаган. Маалымат боюнча, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы 1241 чакырымды түзөт. Чек араны тактоо 2008-жылы аяктап, эки тарап тең аны расмий түрдө тааныган.

Кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусу тар жана кеңейтилген форматта өтүп, журналисттер үчүн да билдирүү жасашты. Мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов коңшу өлкөлөрдүн өлкө башчыларынын жолугушуусу тууралуу биз менен ой бөлүштү.

— Жээнбеков менен Назарбаевдин чогуу кылган билдирүүсүн жакшы карап көрсө маанилүү маселелер көтөрүлгөн. Мисалы, ортодогу түшүнбөстүктөр боюнча сөз кылышпай келечекти ойлойлу деп жатышты. Бири-бирибизди сыйлайлы, колдойлу деген билдирүүлөр болду.

Жээнбеков Казакстанга болгон эки күндүк расмий сапарында 26-декабрь күнү Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен да жолугушту. Анда ЕАЭБдин алкагында кызматташуу, суу курулмаларын жана ресурстарын биргелешип сарамжалдуу пайдалануу тууралуу маселелер каралган. Конкреттүү кайсы объектилер тууралуу сөз болуп жатканы айтылган жок. Божомолдор боюнча Талас облусундагы Киров суу сактагычы боюнча сөз журүшү мүмкүн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache