Шашылыш кабар:

«Мегаком» радио жыштык сатып алды

Декабрь 26th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
«Мегаком» радио жыштык сатып алды
Гезит бетинде
0

Бүгүн, 26-декабрда «Фабула», «Мантыш» жана «Кыргыз Туусу» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар атка минерлердин балдарына жаңы жылдык белек алууга кеткен каражаттар, «Мегаком» сатып алган радио жыштык жана жол эрежесин сактабаган жүздөгөн айдоочулар аныкталганы боюнча бир катар макалаларды жарыялады.

«Фабула» гезити бүгүн «Чиновниктердин балдарына миллион сом, жетимдерге 7 миң сарпталат» деген жаңы жылдык белек үчүн «Манас» эл аралык аэропортунда, президенттин жана өкмөт башчынын иш башкармалыгында иштеген кызматкерлердин балдарына белек үчүн бюджеттен миллиондогон каражат бөлүнүп, колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдарына 7 миң сом гана каралганын жазды. Бишкек мэриясы алчу автобустардын ар бири 14 млн сомду чапчырын, борбор калаадагы райондордун атын өзгөртүү сунушу айтылганын чыгарды.

Ошондой эле 22-декабрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу «gasauction.srs.kg» сайтында радио толкунду сатуу боюнча онлайн аукцион өткөнү кабарланды. Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин маалыматында 10 жылдык мөөнөткө колдонуу үчүн 2 радио жыштык сатыкка коюлган экен. Ага «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» жана «Beeline» соода маркасы менен таанымал «Скай Мобайл» компаниясы катышкан. Баштапкы баасы 205 млн сом делген жыштыкты «Мегаком» 431 млн 29 миң сомго сатып алган экен. Автор киреше таппайт деген «Мегаком» чоң каражатка жыштык сатып алып жатса бийлик эмнеге аны сатууну көздөп жатат деген суроону коёт.

Гезит Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге шилтеме берип Кыргызстанда 10 миң адамга 21 гана дарыгер туура келээрин жазды. Батырлиевдин маалымдашынча өлкөдө 13 миң 517 дарыгер жана 34 миң 90 медкызматкер бар. Дарыгерлердин жалпы саны акыркы 10 жылда 9,8 пайызга өскөн. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны 200гө азайып кеткен.

«Мантыш» басылмасы мурдагы Экономика министри Арзыбек Кожошев менен болгон маекти жарыялады. Экс-министр кызмат сунуштаса баш тартпай турганын, бирок азырынча мындай сунуш боло электигин айткан. «Сындаганга маш, иш кылганда алсыз эски саясатчылар» деген бир топ саясатчыларды сындаган материалды, Акыйкатчы Кубат Оторбаевге байланыштуу «Оторбаев орду менен иш алып барууда» деген макалаларды чыгарды.

Гезит Өзбекстанда мас абалында автоунаа айдаган жарандардын сүрөттөрүн Ички иштер министрлигинин сайтына ачык жайгаштыра баштаарын жазат. Кыргызстанда дагы ушул ыкманы колдонсо болоорун айткан автор мүмкүн жол кырсыктардын санын азайтууга жардам бермек деп үмүт кылат.

«Кыргыз Туусу» дагы көкөйгө тийген жол коопсуздугу маселесине кайрылган. Гезитке жарыяланган маалымат боюнча бир жуманын ичинде Жол коопсуздугу кызматы мас абалында автоунаа башкарып бараткан 209 айдоочуга айып салса, 309 айдоочу тиешелүү документи жок машина айдап жүргөнү аныкталган. Бир жумада 3 миңден ашык айдоочу жол эрежелерин бузса, 400дөйү ылдамдык эрежесин сактаган эмес. Ошентип бир жумада өлкө боюнча баш аягы 16 миң 298 айдоочуга айып пул салынган.

Андан сырткары өткөн жылкы эрте төрөттүн саны боюнча кайсы облус алдыга чыкканын камтыган маалымат бар. Статистика боюнча эрте төрөт боюнча Чүй жана Талас облусу алдыда. Улуттук статистика комитетинин кабарлашынча аталган облустар 17 жашка чейинки кыздардын арасындагы төрөт боюнча алдыга чыккан. Чүйдө 15-17 жашында эне болгондор бул курактагы 1000 кызга 10 бала туура келет. Таласта болсо 12 балага туура келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache