Шашылыш кабар:

Ажолор эки элдин ынтымагы үчүн бар күчүн жумшоону убадалашты

Декабрь 25, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
415

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда алгач ирет Казакстанга расмий сапар менен барды. Бул визит Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык алаканын түптөлгөнүнүн 25 жылдыгына туш келди. Өлкө башчы Жээнбековду коңшу өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев Акордодо тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө президенттер чек ара келишимине кол койду жана биргелешкен билдирүү жасады.

Астана шаарындагы эл аралык аэропортто президент Жээнбековду Казакстандын премьер-министринин орун басары Аскар Мамин тосуп алды. Андан ары Акордодо Жээнбековду казак президенти Нурсултан Назарбаев ардактуу кароолдун коштоосунда кабыл алды. Жолугушуунун башталышында, Назарбаев эки элдин достугун бекемдеп, кийинки муундарга калтыруу азыркы ажолордун милдети экенин баса белгилеген.

“Биз сизди күтүп жатканбыз жана келгениңизге аябай кубанычтабыз. Сиз баштаган делегация кайсы маселени көтөрбөсүн, баарын чечүүгө даярбыз. Биз 26 жылдык эгемендүү өлкөбүз. Бул аралыкта жеке мен бир да жолу Кыргызстандын атына жаман сөз айтпадым. Туура эмес кадамдарды жасаган жокмун. Мен муну туура деп билем. Анткени биз бийликке келебиз-кетебиз. Ал эми эки мамлекет бизге чейин да бар болчу, бизден кийин да коңшу болуп жашай беришет”.

Ал эми өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, алгач эле Назарбаевдин расмий чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга бардык күчүн жумшай турганын айтты.

“Бизди учактан өтө жылуу маанайда тосуп алышты. Мунун баары бизге сезилип турду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мен президент болуп шайланганымда жиберген жылуу куттуктооңуз үчүн да ыраазычылык айтамын. Биз сизди аксакалыбыз жана улуу агабыз катары көрөбүз. Казак-кыргыз эли да бир тууган. Биздин жерибиз, ичкен суубуз, жүргөн жолубуз да бир. Мен эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты жандантууга бар күчүмдү жумшайм”.

Эки президент тар жана кең чөйрөдөгү жолугушууларынан соң биргелешкен билдирүү жасап, бир катар документтерге кол коюшту. Документтердин арасында эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү жана кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашуу да бар. Бул боюнча мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков төмөнкүлөргө токтолгон.

«Биз мындан ары ортодогу бардык маселелерди өз ара түшүнүшүү, достук жана эки тарапка тең ыңгайлуу багытта чечүүнү макулдаштык.  Быйылкы жыл эки мамлекет үчүн символдуу мааниге ээ. Себеби дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толду. Бул өтө кыска убакыт, бирок иш жүзүндө биздин бул алака кылымдарга созулат».

Өз кезегинде Нурсултан Назарбаев да сүйлөшүүлөр экономикалык темаларда болгонун жана Жээнбеков менен жолуккан соң, чек арада маселе калбаганын айтты.

«Сооронбай Жээнбеков менен Минск шаарындагы сүйлөшүүдөн аз убакыт өткөнүнө карабай, фитосанитардык, бажы көзөмөл тармагында көп иштер жүрдү. Бардык маселелер, анын ичинде чек ара да жөнгө салынды. Ушул жылы эки өлкө ортосундагы товар айлантуу 19 пайызга көбөйдү, эми колдогу резервдерди активдүү колдонуп, 2020-жылы 1 миллиард долларга чейин чыгарышыбыз керек». 

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы соода көлөмү ушул жылы дээрлик 800 млн долларга жеткен. Бирок, октябрь айында казак тарап чек араны жаап коюп, бул көрүнүш бир жарым айга созулган. Бул аралыкта казак-кыргыз мамилеси бир кыйла солгундай түшкөн.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенине бир айдан ашты. Бул аралыкта Жээнбеков казак президенти менен Минск шаарында жолугушуп, чек ара маселесин чечкен. Ал эми Казакстанга расмий сапар менен алгач ирет барды. Жалпысынан бир күнгө пландалган иш сапар ийгиликтүү жыйынтыкталды. Эми Өлкө башчы Жээнбеков эртен, 26-декабрда Астанадан Москва шаарына учуп кетет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *