Шашылыш кабар:

Генералды аскердик чинден ажыраткан батир чыры

Декабрь 25, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
130

Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев генерал-майор аскердик наамынан ажыратылып, 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

«Батирлер өң тааныштарга берилип кетет»

Биринчи май райондук соту мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге коюлган Кылмыш-Жаза кодексинин 305 (Кызмат абалынан аша чабуу) беренеси боюнча актап, 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренеси менен күнөөлүү деп тапты. Райондук сот 22-декабрдагы чечиминде Өмүралиевди генерал-майор наамынан ажыратып, 5 млн сомго айып пул төлөөгө милдеттендиргенин Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Экс-министрге аскер кызматкерлерине 2014-жылы «Жал» кичи районундагы батирлерди туура эмес бөлүштүргөн деген айып менен Аскер прокуратурасы иш козгогон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов батир бөлүштүрүүлөрдө «бармак басты көз кысты» болуп кетээрин айтат.

— Батирлерди ирээти менен акыйкаттуу бөлүштүрүү керек. Эгер иштин баары ушундай болсо бир дагы жерде чыр-чатак, арыздашуу чыкпайт. Балээнин баары үйдү бөлүштүрүүгө келгенде чыгат. Анткени жакындарына жан тартып коюп жатышпайбы,  

Маалымат боюнча, ар бир күч түзүмдөрүндө кызматкерлердин жашоо шарты, батирге муктаждыгы жана мамлекет тарабынан берилчү үйгө жазылган тизмектеги ордунун сакталышын камсыздаган атайын комиссия бар. Алар аскер кызматкерлеринин көп балалуулугуна, иш тажрыйбасына карап тизмени бузбай, батир берүлчү кызматкерлердин тизмесин бекитет. Жетекчи ага кол коёт.

Маселени чечүү жолу…

Бирок, мамлекет берген батирлердин аркасынан ар дайым чыр ээрчип келет. Турак-жайга жетпей калган тигил же бул тараптар үйлөр адилетсиз бөлүштүрүлгөнүн айтып, арызданышат. Генерал-майор Кубатбек Кожоналиев мунун себебин батир бөлүштүрүүдөгү ачыктыктын жоктугунан көрөт.

— Бул маселени чечүүнүн бир гана жолу бар. Батир алчулардын тизмеси ачык турушу керек. Бул гана маселеде эмес коррупция менен күрөшүүнүн бир ыкмасы ушул. Болбосо жең ичинен чечилип, сыртынан тон бычылып жатпайбы. Менин угушум боюнча айыптагандар (ред: Таалайбек Өмүралиевди) акча чогултушкан экен. Эгерде ачык болсо ушулар болот беле?

Өмүралиев менен бирге дагы 10 кишиге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «шалаакылык» беренелери менен айып тагылган. Андан тышкары, Таалайбек Өмүралиевге «ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу», «кызматтык жасалмалуулук» беренелери боюнча кылмыш иши дагы ачылган. Башкы прокуратура Өмүралиевге ал министр болуп турган 2013-жылы «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасына 5 млн сомду мыйзамсыз которгон деген кине койгон.

«Аскердик наамды алганы туура эмес»

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрага орун басары Искендер Матраимов жемкорлукту жоюу тууралуу бизге буларды айтты.

— Мурунку президенттин деле, азыркы президенттин деле башкы иши коррупция менен күрөшүү болуп жатат. Бул бара-бара өзү эле жоюлат. Биринчиден адамдын өзүнүн аң-сезими болуш керек. Мисалы батирди туура бөлүштүрсө дагы бир кынтык табат. Ошондуктан адамдын жумушка болгон көз карашы түз болушу зарыл.

Акыркы учурларда күч түзүмдөрүндөгү жогорку кызматтарда иштеп кеткен кызматкерлерге байланыштуу бир топ чуулуу окуялар чыкты. Жакында эле Ооганстан жана андан башка чет жактагы согуштук аракеттерге катышканы боюнча жасалма документ менен 159 адам мамлекеттен мыйзамсыз эле ай сайын 6 миң сомдон каражат алып келгени шардана болгон. Алардын арасында запастагы прапорщиктен баштап генерал-майорлорго чейин бар. Бул жааттагы адистер «мындай окуялар күч кызматкерлеринин беделине шек келтирет» деп кооптонуп жатышат. Деген менен Генерал-майор Абдижалил Жамалов сот Таалайбек Өмүралиевди чининен ажыратып койгонуна нааразы.

— Батир бөлүүдө «бытовая комиссия» деген бар. Жетекчи болгону алардын чечимин бекитет. Бул жигит (ред: Таалайбек Өмүралиевди) кандайча аралашып калган аны билбейм. Бирок наамынан ажыратып салганы туура эмес. Себеби ал наамды кандай гана кыйынчылык менен алган. Кандай гана жаза бербесин чинден ажыратып койгону туура эмес болуп калды. Мен бул баланы абдан жакшы билем. Жоокер жигит.

Таалайбек Өмүралиев Коргоо министрлигин 2011-2014-жылдары жетектеген.

Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине расмий киришкенден кийин Коопсуздук кеңешинин, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жетекчилерин кабыл  алып, күч түзүмдөрүндөгү коррупция менен күрөштү күчөтүү тапшырмасын берген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *