Шашылыш кабар:

Чынара Эсенгул: Жээнбековдун Астана сапары үмүт берет

Декабрь 25th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Чынара Эсенгул: Жээнбековдун Астана сапары үмүт берет
Күн Чабыт
0

Президент Сооронбай Жээнбековдун 25-26-декабрь күндөрү Казакстанга болчу расмий сапары бүгүн башталат. Өлкө башчы Астанага болгон визити алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, эки өлкөнүн чек арасына байланыштуу келишимге кол коюшат.

Жээнбековдун Казакстанга болчу расмий сапары тууралуу эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Чынара Эсенгул менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы катары Казакстанга алгачкы расмий сапарын жасаганы турат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндөгү акыркы убакта начарлап кеткен эки өлкөнүн алакасын Жээнбековдун бул визити жакшыртып, жаңы деңгээлге чыгара алабы?

Чынара Эсенгул: Албетте, мындай ишеним бар. Ортодогу толкундап турган мамилени, чек арадагы эки айга чукул оор абалды жакшыртуу үчүн көптөгөн жумушчу топтор иштеп жатат. Жээнбековдун бул сапары саясий жактан дагы, техникалык жактан дагы жемиштүү болот деген ойдо турам.

Марал: Жээнбековдун Астана сапарында Евразиялык экономикалык биримдиктеги эки өлкөнүн кызматташуусу жана эң негизгиси чек ара режими жана демаркация боюнча документке кол коюу күтүлүп жатат. Коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү жөнгө салып алууга учурдагы абал кандай?

Чынара Эсенгул: Чек арага тиешелүү демаркация тууралуу документке кол коюлаары көп айтылып жатат. Бирок эң негизгиси ЕАЭБдин алкагындагы маселелер каралат го. Анткени чек арадагы эки айга созулган катуу тартипти биз «блокада» дедик. Казакстан болсо «Кыргызстан аркылуу өтчү аткезчиликти токтотуу үчүн чек араны жаптык» дешти. Жалпысынан президенттер ветеринардык жана фитосанитардык маселелер, бажы төлөмдөрү сындуу иштерди карашат деген ойдомун.

Анткени Кыргызстан убагында ЕАЭБге кирээрде даярдыгы жетишсиз болуп калган. Ошол кезде чечилбей калган маселелер эми козголуп жатат. Буларды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Казакстан «жол картасын» кабыл алган. Эки президенттердин жолугушуусунда, анда камтылган талаптарды аткаруу тууралуу маанилүү сүйлөшүүлөр болот го.

Марал: Сиз эки өлкөнүн экономикалык маселелерине токтолдуңуз. Бирок талдоочулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдүн акыркы убакта сууп кеткен мамилесин көбүнчө саясий иштерге байланыштырып жатышпайбы…

Чынара Эсенгул: Ооба, бал пикирлерге толугу менен кошулам. Анткени ЕАЭБ экономикалык биримдик делгени менен артында саясий кызыкчылыктар бар. Себеби поссоветтик өлкөлөрдүн башын кайрадан бириктирүү боюнча көп эле ойлор айтылган. Владимир Путиндин Орусиянын башына келиши менен ал бул мамлекеттерди жаңыча негизде чогулта баштады. Бирок биз социализмде жашап капитализмди түшүнбөгөндүктөн оор эле болуп жатат. Уюмду Европа биримдигинин үлгүсү катары деп айтканыбыз менен ага тажрыйба керек болуп турат.

Марал: Президент Жээнбеков жакында эле Өзбекстанга дагы расмий сапары менен барып келди. Коңшу өлкөлөр менен мамилени чыңдап жатканы жакшы деңизчи. Ошол эле кезде Орусия менен бирге Европа өлкөлөрү менен дагы бирдей тышкы саясатты жүргүзүүдө Кыргызстан кандай иш алып барышы керек?

Чынара Эсенгул: Мен аналитик катары дайыма айтып келем. Кыргызстан кичинекей мамлекет. Бизге окшогон чакан өлкөлөрдүн тышкы саясаты өтө кылдат болушу керек. Антпесе ресурстарыбыз аз болгондуктан кайсы бир мамлекетке көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн Кыргызстан Орусиянын АКШ менен, Кытай менен болгон мамилесине байланып калат. Ушулардын баарын баамдап туруп, тең салмактуу саясат кылышыбыз зарыл. Экс-президент Алмазбек Атамбаев буга аракет кылган. Эми Сооронбай Жээнбеков дагы тышкы саясатты жакшыртууну жакынкы коңшулардан баштады. Акырындан алыскы өлкөлөр менен дагы мамиле түзө баштайт го деген ойдомун.

Сүрөт: Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Чынара Эсенгул

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache