Шашылыш кабар:

Туура эмес дары-дармек колдонуудан, аллергияга кабылгандар көп

Май 1, 2015 | жарыялаган maraluser
121

Негизи аллергиянын кандай гана түрү болбосун, тажрыйбалуу адиске кайрылуу керек. Себеби, акыркы учурда дарыгерлер көп дары-дармекти сунуштоодо. Анын натыйжасы аллергиянын оор түрүнө алып келүүдө.

 Жаз жана жай мезгили келери менен эле жыттарга, чаңдарга чүчкүрүп, организмде ар кандай өзгөрүүлөр болот эмеспи. Бүгүнкү уктуруубузда аллергия оорусунун түрлөрү жана дарылоо жолдору тууралуу аллерголог жана өпкө ооруларынын дарыгери Бермет Эстебесова менен маек курдук.

— Алгач аллергия деген эмне ошого токтолуп кетсеңиз?

— Аллергия – бул организмдин сезгенүүсү. Учурда өтө көп кездешүүчү оору болуп саналат. Аллергия организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга — аллергендерге болгон адамдын организминин дүүлүгүсү. Аллергиялык оорулар бронх астмасы, поллиноз, дерматиттер, дарылардан жана тамак-аштан пайда болот. Булардын келип чыгуусуна антибиотиктерди, дары-дармектерди көп пайдалануу, өнөр жайдын тез өсүп, синтездик материалдардын, боёктордун, кир кетиргечтердин жана башка турмуш-тиричиликке керектүү химиялык заттардын көбөйүшү себеп болот. Жөнөкөй химиялык заттардан тартып, эң татаал белоктор, полисахариддер ж.б. бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир эткен экзогендик жана огранизмдин ичинде пайда болгон эндогендик аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз чаң, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаңчасы, тамак-аш жана инфекциялуу бактериялар, вирустар, козу карындар болуп айырмаланышат. Экзогендик — бул биологиялык аллергендер. Аларга микробдор, вирустар, козу карындар, мителер кирет. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды аллергендер коштойт. Ал эми дары-дармектер, мисалы кодеин, аспирин, новокаин ж.б. кээ бир дарылар аллергиялык кабылдоого арбын чалдыктырат. Ошондой эле турмуш-тиричилик аллергендерине чаң, нымдуу үйдөгү козу карындар, курт-кумурскалар, таракан, жүн жана башка кирет. Акыркы мезгилде турмуш-тиричилик химиясына, кир кетирүүчү каражаттарга аллергиялык реакция көп учурайт. Бул аллергендер дем алуу жолдорунун аллергиялык оорусун, бронх астмасын жана мурун бүтүү оорусун пайда кылат. 

— Адис катары кеңешиңиз.

— Эгерде аллергиянын кандайдыр бир түрү байкалган болсо, алгач адиске кайрылыш керек. Өз алдынча дарылануу күчөп, өлүмгө алып келет. Сөзсүз түрдө тажрыйбалуу аллерголог адисине кайрылуу зарыл. Себеби, айрым адистер туура эмес дарылайт. Учурда ашыкча дары-дармектерди жазып берүү деген көбөйгөн. Мындан улам организмде реакция жүрүп, аллергиянын оор түрүнө кабылат. Ошондой эле кайсыл тамактан аллергия болсо, аны жебеш керек. Тамеки тартуу дагы аллергияга алып келүүнүн себеби болот. Ошондуктан ата-энелерге айтат элем, балдарынын жанында олтуруп тамеки тартпасын деп, себеби 70 пайызын бала алат. Изилдөөлөргө ылайык, тамекинин ичинде 4 миң зыяндуу зат бар. Ата-энелерге балдардын жанында тамеки тартпагыла деп кайрылат элем. 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *