Шашылыш кабар:

Президенттер чек ара келишимине кол коюшат

Декабрь 24th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Президенттер чек ара келишимине кол коюшат
Саясат
0

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-26-декабрь күндөрү Казакстанга расмий сапары менен барат. Өлкө башчы Астанага болгон визити алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, эки өлкөнүн чек арасына байланыштуу келишимге кол коюшат.

Жээнбеков менен Назарбаев алгач тар чөйрөдө жолугушуп, андан соң кеңири форматта жыйын кылышат. Анда эки өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги өз ара кызматташуусу талкууланат. Ошондой эле декабрдын башында кыргыз-казак өкмөт мүчөлөрү кол койгон «жол картасында» кабыл алынган талаптардын аткарылышы дагы каралат. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева 22-декабрда журналисттерге Жээнбековдун Астана сапарында дагы кандай маселелер көтөрүлөөрүн айтып берген.

— Президенттин сапары «жол картасынын» тезирээк ишке ашышына өбөлгө болот. Кыргызстан Казакстан менен достук мамилени мындан ары дагы чыңдоого кызыктар. Эң маанилүүсү эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда чек ара режими жана демаркация келишимине кол коюлат. Ошондой эле президенттер биргелешкен билдирүү жасашат.   

Эске салсак 2-декабрда Астана шаарында 50 иш-чарадан турган «жол картасына» эки мамлекеттин өкмөт мүчөлөрү кол койгон. Анда чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарында биргелешип иш алып баруу каралган.

Документке ыкчам мүнөздөгү 16 иш чара, 5 кыска мөөнөттүү жана 29 системалуу чаралар кирген. Бул келишимден кийин гана кыргыз-казак чек арасындагы дээрлик эки айга созулган чектөө алынган. «Жол картасына» кол коюу чечими Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин 30-ноябрда Минсктеги жолугушуусунда кабыл алынган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департамент бөлүмүнүн башчысы Руслан Маткеримов «эки президенттин бул жолку жолугушуусунда чек ара боюнча жылыштар болот», — дейт.

— Бул президенттин Казакстанга болгон алгачкы расмий сапары. Визит Казакстандын президентинин чакыруусу менен болуп жатат. Анда кыргыз-казак мамилесин мындан ары дагы чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөр болот. Андан сырткары эки өлкөнүн чек арасын демаркациялоо боюнча келишимге кол коюлат. Чек арага байланышкан документтерге кол коюу эки мамлекеттин чек араларын укуктук жактан бекемдөөнү соңуна чыгарат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Астана сапарында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен да жолугушуусу болжолдонгон. Укук таануу илимдеринин кандидаты Темирбек Нурматов коңшу өлкө менен болгон маселелерди тезирээк жөнгө салып алыш керектигин айтууда.

— Биз алака-катыштын жаңы тепкичине өтүп жатабыз. Азыркы мезгилдин талабы ачык-айкын мамиле түзүү. Аткезчилик, чек ара маселелери бүгүн чечилиши керек.

Сооронбай Жээнбеков Астанага жасаган сапарынан кийин, Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага барат. Жээнбеков президенттик ишине киришкенден кийин алгачкы чет өлкөгө болгон сапарын Орусияга жасаган. Андан соң декабрдун ортосунда Өзбекстанга расмий визит менен барган эле.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache