Шашылыш кабар:

Депутат мигранттарга чыгарган ырын парламентте окуп берди

Декабрь 22, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
675

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бүгүн, 22-декабрда «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу» мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угууда, мигранттарга арнап өзү жазган ырын парламенттин борбордук трибунасынан окуп берди (1-минутадан баштап).

Эл өкүлү «Кумтөр» долбоорунан мамлекетке жылына 11 млн доллар өлчөмүндө каражат түшсө, мигранттар Кыргызстанга которгон каражат 2 млрд доллардан ашуун экенин айтты. Ошондуктан, бийлик эмгек мигранттарына карата мамлекеттик саясатты өзгөртүп, аларга жакындан колдоо көрүш керек деп эсептейт.

Андан тышкары, Иманалиев өзү демилгечилердин бири болгон «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу» мыйзамдын бир топ кемчиликтери бар экенин жана аны оӊдоо зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *