Шашылыш кабар:

Кыргызстанда жаңыча ойлоп табуулар жокко эсе

Декабрь 22nd, 2017 | by Бурулай Шергазиева
Кыргызстанда жаңыча ойлоп табуулар жокко эсе
Билим жана Маданият
0

Кыргызстанда ресурстарды үнөмдөөгө багытталган  ойлоп табуулар жокко эсе. Мындан улам инновация жагынан өлкө импортко көз каранды. Адистердин баамында, катталып жаткан ойлоп табуулардын көпчүлүгү эскиче түшүнүк менен жасалган. Алардын пикиринде, буга жаштардын кызыгуусу жок, же экономикалык мүмкүнчүлүктүн аздыгы себеп. Эгерде аларга шарт түзүп, мурдагыдай ойлоп табуучулардын клубу уюштурулса, электр энергия, суу ресурсун үнөмдөө жаатында Кыргызстан дагы дүйнөлүк рынокко чыга алмак.


Жаш ойлоп табуучу Нурбек жогорку окуу жайлардын биринде магистратурада окуйт. Учурда иштеп жаткан тармагы -электр энергияны үнөмдөөчү жабдыктарды ойлоп табуу. Үч киши болуп биригип, көчмөндөрдүн тиричилигине ылайыкташтырылган мобилдик жабдыктын үстүндө иштеп жатышат. Жабдык толук даяр болбосо да, бир канча жолу сыноодон өткөрүшкөн. Анын түшүндүрүшү боюнча, алар жасаган буюм күндүн нурунан энергия алып, электр энергия жок жерде суу кайнатууга жардам берет.

-Бул жабдыкты биз жайлоодо сыноодон өткөрдүк. Аты айтып тургандай, мобилдик түрдө жыйнап, кайра жаюуга мүмкүн. Күндүн энергиясын алып, кайра энергия берет. Чай кайнатып көргөнбүз. Азырынча толук бүтө элек.

Серепчилердин айтымында, акыркы жылдарда Кыргызстанда жогоруда айтылгандай ресурстарды үнөмдөө багытындагы ойлоп табуулар жокко эсе. Кыргызпатенттин ойлоп табууларды экспертизалоо бөлүм башчысы Арстанбек Бердалиев билдиргендей, акыркы эки жылдын аралыгында ресурсту үнөмдөө багытында саналуу гана долбоорлор келип түшкөн.

-Мунун себеби, экономикалык шартка байланыштуу болушу мүмкүн. Экинчиден, коомдо жаңы ойлоп табуучулар пайда болушу керек. Анткени, көбүнчө ойлоп табылган нерселер эскиче түшүнүк менен чектелген.

Мындан улам, Кыргызстан жаңы инновациялык технологиялар жагынан импортко көз каранды болуп калган. Энергия жана ресурстарды каржылоо программасынын улуттук менеджери  Нурзат Абдырасулова белгилегендей, эгерде жергиликтүү ойлоп табуучуларды колдоп, эмгегин патенттеп, иштетүүгө бергенде бир гана ресурстарды үнөмдөп эмес, өнүгүп жаткан жаңы технологиялардын агымына Кыргызстан да кошулууга мүмкүнчүлүк алмак. Бирок, бүгүнкү күндө көпчүлүктүн эмгеги бир эле жолу колдонулуп же элге жайылбай эле колдонуудан чыгууда.

-Ошол импорттолгон товарлар биздин шартка туура келбей калышы мүмкүн. Ошондой эле, кымбат баага туура келиши ыктымал. Ошондуктан, өзүбүздө жергиликтүү илимпоздордун ойлоп табууларына ээ чыгып, патенттеп колдоо көрсөтсөк, экономикалык жактан да салым болмок. Ошол эле учурда дүйнөлүк рынокко чыкмакпыз.

Муну ишке ашыруу үчүн Кыргызпатенттин ойлоп табууларды экспертизалоо бөлүм башчысы Арстанбек Бердалиев: “Ойлоп табуулардын жаңыча түрүн өнүктүрүү керек”,- дейт. Маселен, жаш ойлоп табуучуларга шарт түзүп, мектептерде мурдагыдай клубдарды уюштурууну сунуштайт.

Негедир жаш ойлоп табуучулар өтө аз. Мурда ойлоп табуучуларды шыктандыра турган клубдар бар эле. Мен ойлом, эгерде ушул клубдарды кайрадан түзүп, мектеп окуучуларынан баштап кызыктырсак, бул тармак өнүкмөк.

Маалыматка ылайык, жаңы инновациялык технологиялар менен табигый ресурстарды колдонууну эселеп үнөмдөөгө болот. Ошондой эле, экономикалык жактан да сарамжалдоого мүмкүн. Мисалы, илимпоздордун айтымында күндүн нурунан өндүрүлгөн энергия эң арзан сатылган электр кубатынын баасынан да 30-60 пайызга арзан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache