Шашылыш кабар:

Бишкекте айым режиссерлордун кинофоруму өтүп жатат

Декабрь 22, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
1515

Бишкекте Кыргыз айым режиссерлорунун II кинофоруму башталды. Иш-чарага Өзбекстан, Казастан жана Кыргызстандын айымдары катышып жатат. Анда 50 тасманын ичинен тандалган 19 кино көрсөтүлөт. Кинофорумдун катышуучулары мындай саамалыктар өнүгүүгө жол ачаарын белгилешет.


Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп айым режиссерлорунун кинофорумун өткөрүп жатат. Иш-чарада казакстандык режиссер Шарипа Уразбаеванын да тасмасы көрсөтүлөт. Маалыматка ылайык, ал буга чейин кыска метраждуу “Бастау”, “Тул” жана башка кинолорду тарткан.  Уразбаеванын айтымында, айымдар сезимтал болгондуктан кээде айрым кыйынчылыктарга чыдай алышпайт. Мындан улам “аялдар кино тартса да, кыска метраждуу тасмаларды тартышат” деген түшүнүк калыптанып калган.

— Кино тартуу эркектердин жумушу. Бирок бул айымдар жакшы тасма тарта албайт дегенди билдирбейт. Болгону кыздар кино тартууда кыйналабыз. Мен өзүм да режиссер болгондуктан, көп байкайм. Ага карабай, айымдар да эркектерден калышпай тасма тартууга аракет кылып жатканы чоң жетишкендик. Мындай кинофорумдар айым режиссерлорго психологиялык жардам болот. Экинчиден дем-күч берет.

Кинофорум айым режиссерлордун башын бириктирип, аларды колдоо максатында уюштурулуп жатат. Анда эң мыкты деп тандалып алынган Кыргызстандын 16, ал эми Казакстан менен Өзбекстандан 3 кино көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Азия чыгармачыл айымдар” коомдук фондунун негиздөөчүсү Асел Жураева билдирди. Мындан сырткары, атайын кинофестивалга катышуу үчүн тасма тарткандар да болгонун  маалымдады.

-Тасмалардын жанрлары ар кандай. Даректүү да, көркөм да кинолор бар. Кинофорумда 19 тамса көрсөтүлгөнү турат. Аларда бүгүнкү күндүн социалдык көйгөйлөрү дагы чагылдырылган. Демек, биз алдыга карай жылып жатабыз. Иш-чаранын максаты режиссер болом деген айымдарга колдоо көрсөтүү.

Мындай иш-чаралардын уюштурулганы жакшы. Анткени кинофорумда көрөрмандар режиссер менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алат. Муну менен тасмага айтылган сынды, ой-пикирлерди дароо билүүгө  болот. Бул болсо, кийинки кинону сапаттуу тартууга чоң салым кошот. Мындай пикирин Республикалык кинематографисттер союзунун мүчөсү, кино таануучу Гульбара Төлөмүшева айтып берди.

— Эң башкысы кинофорумда тасмалар талкууланат, аларга сындар айтылат. Бул өнүгүүгө жол ачат. Анткени саамалыкта сапатту кино кандай тартылаары, кантип каражат тапса болоору тууралуу ой-пикирлер айтылат. Кино тартууга өзгөчө жаштардын кызыгуусу артып жатат. Кино тартуу – изденүүнү, чеберчиликти талап кылган татаал жумуш. Ага баары чыдай бербейт.

Ал эми казак режиссеру Асия Байбожина кино аркылуу коомчулукка көп нерселерди жеткирүүгө болоорун белгилейт.

— Кино менен коомчулуктун аң сезимине таасир этсе болот. Тасма кандайдыр бир идеологияны да калыптанта алат. Мисалы, аялдардын укугу тебеленип жатканын кино аркылуу чагылдырсак таасирдүү болот. Мындай маселелерди эркектерге караганда айым режиссерлор жакшы түшүндүрүп берет.

Режиссер Эрнест Абдыжапаров айымдар демилге көтөрүп, кинофорум уюштурганы аялдар коомдон өз ордун таап жатканынан кабар берээрин айтат.

— Айым режиссерлордун көбөйүшү дүйнөлүк деңгээлдеги толкун болуп жатат. Мен аны фестивалдарга барып жүрүп байкадым. Бирок эч качан эркек менен айымдыр бирдей болуп калбашы керек. Айырмаланып турганыбыз жакшы. Анткени аялдар өздөрүнүн маселесин жакшы түшүнөт. Кинодо да ушундай.

Эске салсак, Кыргыз айым режссерлорунун I кинофоруму 2016-жылдын декабрь айында өткөн эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *