Шашылыш кабар:

Жерге берилген мумиянын бүтпөгөн чуусу

Декабрь 22, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
84

Бүгүн, 22-декабрда «De-Факто», «Кыргыз Туусу» жана «Ачык саясат» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Кыргызстандын аба мейкиндигиндеги коопсуздугу жана Энергохолдингдин иши тууралуу макалаларды жазып чыгышты.

«De-Факто» бул жолку чыгарылышында «Кара алтындын жарыгы жана илеби» деген Кара-Кече көмүр кенинин иштетилиши, «Текшерүүлөрдөн кийин аэропортто өзгөрүүлөр байкалууда» деген премьер-министрдин күтүүсүз текшерүүсүнөн кийинки Манас эл аралык аба майданындагы учурдагы абал, Тажикстан Кыргызстандан барган автонунааларга кошумча каражат алып жатканы боюнча дагы чакан макала чыкты.

Андан ары «Карганбек Самаковду камоо улутка карата жасалган чыккынчылыкка барабар» деген баш тема менен материал жарыяланды. Анда Октябрь райондук соту Самаковду катаал тартипте 10 жылга абакка кескени, бирок сот өкүмү акыйкатсыз болуп калганы айтылат. Маселен 2008-жылы Кара-Жыгачтагы, Байтиктеги жерлерди айдоо жеринен курулуш кылууга уруксат берген токтомду чыгарып берген ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов 5 млн сом гана айыпка жыгылса, жерди сатып алган Самаков эркинен ажыратылганы улутка болгон чыккынчылык дейт автор.

Ушул эле гезиттин 6-бетине депутат Акылбек Жапаровдун гезиттин журналистти Сезим Мураталиева менен болгон маеги чыкты. Эл өкүлү Кыргызстандын аба мейкиндиги боюнча суроолорго жооп берип жатып «Аба мейкиндигибизди коргошубуз керек. Эмне болуп жатат, кимдин учактары учууда, кайсы тараптан кандай коркунуч бар, көз салып туруук зарыл» деген. Жапаров бул жаатта чет жакта болуп жаткан согуштарды мисал келтирип, аба мейкиндиги тыкыр көзөмөлдөнгөн мамлекеттин коопсуздугу дагы чың болооорун айткан.

«De-Факто» жерге берилген чырлуу мумия темасына дагы кайрылган. Бул боюнча Маданият маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун пикирин жарыялап, министр мумияны кайра казып келүүгө макул экенин жазган. Автордун айтымында Жумагулов мындай мумия дүйнө эли таппай жаткан баалуулук экенин жана аны кайра музейге алып келип, изилдөөгө болоорун жарыялаган.

«Кыргыз Туусу» бүгүн «Жамааттык коопсуздук-жалпы милдет» деген президент Сооронбай Жээнбековдун ЖККУнун баш катчысы Юрий Хачатуровду кабыл алганын, «Атайын өкүл кызматташууга даяр» деген өлкө башчысы БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү менен жолукканын жана бир катар расмий кабарлады басып чыгарды.

Гезиттин 11-бетине Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевдин гезитке берген кенен маеги жарыяланды. Анда Калиев Энергохолдингди түзүү чечими 2015-жылы Коргоо кеңешинин отурумунда көтөрүлүп, ошонун негизинде Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, бул тармактын ишин жакшыртуу жана Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү максатында холдинг ишке киргенин айтып берген. Ошондой эле Энергетика тармагы заманбап башкарууга муктаж деген ою менен бөлүшкөн. Бирок. коомчулукта жана парламентте Энергохолдинг түзүү чечими майнапсыз болгонун сындаган пикирлер арбын.

«Ачык саясат» басылмасы «Улуттук банк Абдыгуловго. Бажы Кулматовго менчикке берилеби?», «Исаковдун командасы ишти тарта албай калды», «Президент коррупцияга каршы күрөштү качан баштайт?» жана «Аркарларды аткан прокурор кайрадан кызматка» келди деген бир катар кыска кабарларды жазды.

Ушул эле гезит убакытты туура пайдалануунун жолдору жана анын жыйынтыктары тууралуу пайдалуу кеңештерди камтыган макаланы чыгарды. Анда кечинде эрте жатып, эртең менен эрте туруу керектиги, жасай турган иштерди тизмектеп жазып алуу дагы ашыкча болбой турганы айтылат. Биринчи иш болбой калса дароо экинчи иштин планы даяр болушу керек жана ар дайым календарь менен так иштөө сизге зыяны тийбейт. Социалдык тармактарга ашыкча отуруп, убактыңызды текке кетирбеңиз, ал эми бүгүн бүтө турган ишти эч качан эртеңкиге калтырбаңыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *