Шашылыш кабар:

Медиа эксперт: Бийлик ММКга болгон басымды улантат

Декабрь 20th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Медиа эксперт: Бийлик ММКга болгон басымды улантат
Күн Чабыт
0

НТС телеканалына 19-декабрда сот аткаруучулар барып, эфирди токтотууну жана имаратты бошотуп берүүнү талап кылышканын аталган каналдын жетекчилери кабарлады. Маалымат боюнча «Grexton Capital LTD» компаниясы НТСтин үстүнөн Бишкектин район аралык сотуна кайрылган. Анын негизинде от аткаруучлуар телеканалга барышкан.

Ал эми телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу район аралык соттун аныктамасында телеканалдын бардык мүлкү камакка алынганы, анын ичинде имарат, жабдыктар жана радиожыштыктар да бар экени көрсөтүлгөнүн айтып, муну НТСти жабуу аракети деп баалады.

Биз ушул теманын тегерегинде медиа серепчи Алмас Турдумаматов менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: НТС каналынын айланасындагы окуяларды каналдын жетекчилери телеканалды жабуу аракети катары баалашса, экинчи доогер тарап телеканалдын ишин токтотуу аракети жок экенин айтып ишендирип жатышат. Өлкөдөгү ири каналдардын бири НТСтин айланасындагы жагдайды сиз кандай кабыл алдыңыз жана кайсы тараптын жүйөлөрү сизди көбүрөөк ынандыргандай болуп жатат?

Алмас Турдумаматов: Бул өлкөдө болуп жаткан саясий окуяларга байланыштуу. Мамлекеттеги жогорку бийлик алмашкандан кийин Кыргызстандагы медиа ресурстарды жана башка таасирлерди бөлүштүрүү башталды десе болот. А бул НТС менен болгон окуя анын биринчи белгиси. Телеканалга саясий таасири бар, кожоюну десек дагы болот, ал саясатчы тышта жүргөнүнөн пайдаланып, медиа ресурсту алып коюу бул саясий буйрук деп бааласа болот. Бул бийлик тарабынан болуп жатканы билинип эле турат. Себеби күндүзгү саат экиде (14:00) чыккан соттун чечимин эки саатан улам аткарыла баштаганына көбү күмөн санап жатат.

Марал: Сиз атын атабаган саясатчы, депутат Өмүрбек Бабанов НТС телеканалынын ээси экени айтылып келет. Буга чейин камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев ээлик кылган «Сентябрь» каналы дагы соттун чечими менен жабылып калган эле. Демократиялуу, сөз эркиндиги бар делген мамлекетте алтернативдүү маалымат булактарына болгон бийликтин учурдагы аракети басма сөз эркиндигине канчалык залакасын тийгизет?

Алмас Турдумаматов: Бийлик тарабынан көзөмөл жок Маалымат каражаттарына таасир этүү, аларды ооздуктоого болгон аракет бүгүн эле эмес, 1-2 жыл мурун башталган.  «Заноза» сайтын, «Сентябрь» каналын, журналист Нарын Айыпты жана «Азаттыкты» сотко берип, айыпка жыгуу сыяктуу эле, НТСтин айланасындагы иштерди ушул иштердин уландысы катары эсептейм.

Марал: «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун жайында жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчтө 180 өлкөнүн ичинен 89 орунга жазылып, өткөн жылдагыга караганда көрсөткүч 4 тепкичке төмөндөгөн. Буга окшогон иштер улана бере турган болсо Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча рейтингден төмөндөй берет дегенди билдирбейби?

Алмас Турдумаматов: Ооба, төмөндөп жатат. Бирок, ага бийлик көңүл бөлөбү же көңүл бөлбөйбү бул өзүнчө маселе. Менин пикиримде бийлик эч кандай кыймыл-аракет кылбайт. Бизде бийлик алмашып, мүлктөрдү басып алуу башталганда ММКлардан баштайт. Анткени ЖМКлар коомдук пикирде жаратканга таасир берет да. Ошон үчүн эл аралык же ички баалоо болобу бийлик ММКга болгон көзөмөлдү уланта берет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache