Шашылыш кабар:

Өнөкөт ооруга шарт түзгөн мектептердин абалы

Декабрь 20th, 2017 | by Бурулай Шергазиева
Өнөкөт ооруга шарт түзгөн мектептердин абалы
Билим жана Маданият
0

Жыл башынан бери Билим берүү жана илим министрлиги Евробиримдиктин колдоосу менен мектептердеги коопсуздук чараларын көрүүдө. Негизги багыты катары экологиялык, психологиялык жана техникалык тармактары эсептелет. Анткени, билим берүү мекемелеринде эл аралык коопсуздук стандарттары сакталбагандыктан, окуучулар мектепти окуп бүткөңдө бир канча ооруларга чалдыгаарын статистикалык сандар көрсөткөн. Анын ичинде көз оорулары, омуртка жана башкалар бар. Мындан улам министрлик эл аралык уюмдардын адистери менен бирге өлкөдөгү айрым мектептерге коопсуздук стандарттары боюнча мониторинг жасады.


Статистикалык маалыматтарга ылайык, жыл сайын мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн 50% ар кандай ооруларга чалдыгат. Мектептердеги коопсуздук, жылуулук, экологиялык абалдары стандартка жооп бербегендиктен, ушундай абалга туш болушат. Мындай кырдаалды алдын алуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги 2017-жылдан баштап эл аралык уюмдардын колдоосу менен мектептеги коопсуздук чараларынын стандарттарын киргизүүдө. Министр Гүлмира Кудайбердиева белгилегендей, жылдын башынан бери экологиялык, техникалык, коопсуздук боюнча стандарттар бекитилип, тапшырма берилген.

-Коопсуздук стандарттары катары негизинен мектептеги шарттар эсептелет. Аларга жарык, жылуулук кирет. Мына биз турган мектепте көрүнүп тургандай, жарыктын кубаттуулугу жетишсиз. Мындай абал көпчүлүк билим берүү мекемелеринде бар экендиги маалым. Мунун кесепети балдардын ден соолугуна залакасын тийгизет.

Мониторингге алынган айрым мектептерде жарыктын минималдык өлчөмгө жетпей тургандыгы аныкталды. Мунун кесепети балдардын көз ооруларына алып келерин адистер белгилешет. БИОМ экологиялык кыймылынын адиси Альфия Насырова билдиргендей, негизи тактайдын жана бала отурган партанын жарыгы 300 люминийге жетиш керек. Бирок көпчүлүк билим берүү мекмелеринде бул стандарт сакталбайт.

-Мына, жабдыкты коерум менен эле тактадагы жарык аз экендиги билинип турат. Мындай абал баардык мектептерде бар. Негедир биздин мектептерде тактага, партага тийген жарыктын кубаттуулугу өлчөнбөйт. Азыр сыртта жарык болсо деле минималдык көрсөткүчкө жетпей жатат.

Адистер мунун кесепетинен балдар көз ооруларына чалдыгаарын эскертишет. Анткени, тактайда жарык жетиштүү болбогондуктан, бала көрүүдөн кыйналат. “Акыркы учурда балдар смартфонду көп колдонуп, компьютерде көп отуруп, көрүүсү начарлады деген менен мектептеги билим берүүнүн шарттары  да таасир этүүдө”,- дейт дарыгер Мария Кушубакова.

Мектептерде электр энергияны үнөмдөө максатында 6 лампанын төртөө гана иштеген учурлар бар. Бирок бул балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Жарыктын кубаттуулугу көрсөтүлгөн нормага жетпей жатат. Натыйжада балдар көз ооруларына чалдыгып жатышат.

Кыштын келиши менен мектептердеги бөлмөлөрдүн да ным тартуусу көбөйөөрүн адис Альфия Насырова белгилейт. Анын айтымында бул бөлмөнүн көгөрүп кетишине алып келип, балдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизет.

-Кыштын келиши менен бөлмөлөр көпчүлүк учурда көгөрүп баштайт. Бул балдарга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, ар бир сабактан кийин желдетип туруу зарыл. Маселен, бул бөлмө азыр 62% нымдуу болуп турат. Бул абдан көп.

Адистердин айтымында,  мектептерде экологиялык коопсуздук боюнча стандарттар сакталбагандыктан, окуучулар арасында көз ооруларына чалдыгып, омуртка тутумуна доо кеткен учурлар көп кездешет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache