Шашылыш кабар:

Мектеп: Ысык тамак бар, тескеген медкызматкер жок

Декабрь 20, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
85

Акыркы 3 жылдын аралыгында Билим берүү жана илим министрлиги 1126 мектепке ысык тамак программасын киргизүүгө жетишти. Мамлекет бөлгөн каражаттан сырткары кошумча жергиликтүү бийлик каражат бөлүп, башталгыч класстардын окуучулары ысык тамак жеп жатышат. Министрликтин айтымында, бүгүнкү күндө кээ бир аймактарда жергиликтүү бийлик чоң класстарга дагы киргизүүгө кызыктар болуп жатат. Мына ошол бөлүнүп жаткан каражат, эл аралык уюмдардын каржылык колдоолору кандай пайдаланылып жатат? Министрлик Чүй жана Ысык-Көл облусундагы айрым мектептерге мониторинг жасады.


4-класстын окуучусу Эльнур мурдагыга салыштырмалуу сабактарда сергек отурат. Анткени мектепте киргизилген ысык тамак программасынын негизинде үйүнө барганга чейин ачка болбойт. Күн сайын берилген ысык тамак анын табитине да туура келип, ден соолугуна да кам көрөт.

-Мурда биз ботко менен эле май токоч жеп, чай иччүбүз. Азыр эми ысык тамак дагы берип калышты. Аябай жагат. Ток жүрөбүз. Эжелер ар күн ар кандай тамак жасап беришет.

Билим берүү жана илим министрлиги 3 жылдын аралыгында өлкө аймагы боюнча 1126 мектепке ысык тамак программасын киргизген. Бүгүнкү күндө бул долбоордун ишке ашышына жергиликтүү бийлик дагы кызыктар. Айрым аймактарда бул программаны жалгыз эле башталгыч класстардан сырткары чоң класстарга да киргизүүгө аракеттер болуп жаткандыгын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектепке чейин билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсеналиев айтты.

Жалпы билим берүү тармагында окуучунун коопсуздугун эң башкы максат катары эсептеп жатабыз. Мунун ичинде баланын тамак аш коопсуздугу. Бала эртең менен сабакка келгенден кийин сабактардын ортосунда ысык тамак ичсе, бул анын ден соолугуна, дени сак өсүүсүнө таасир берет.

Бирок ошол эле учурда тамак-аштын коопсуздугун сактоо максатында ар бир мектеп санитардык-гигиеналык талаптарды да сактоого тийиш. Тилекке каршы, шарттарды так аткарбай жаткандар да бар экендигин санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин балдар бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова айтат. Ал белгилеп өткөндөй, ар бир идиш-аяк, жабдык туура сакталып, тамакка колдонулган азыктар маркировкаланган болуш керек. Ал эми менюга куурулган тамактар кошулбай, көбүнчө кайнатылган жана бууга бышырылган тамактар берилүүгө тийиш.

Азыктар, тамактар талапка жараша сакталышы керек. Күн сайын балдар ичкен тамактардын үлгүсү алынып, текшерилет. Андан тышкары азыктар маркировкаланган идиштерде, дубалдан 15 см аралыкта сакталуусу шарт.

Тилекке каршы, айрым мектептерде медициналык кызматкерлердин жоктугунан улам менюну эсепчи же башталгыч класстардын тарбия бөлүм башчылары түзөрүнө да күбө болдук. Мындан улам саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова медкызматкердин жоктугу эң чоң кемчилик экендигин айтты.

Балдардын ысык тамак ичип жаткандыгы абдан жакшы. Бирок бардык мектептерде 25 жылдан берки эң чоң кемчилик — медициналык кызматкерлердин жоктугу. Медициналык кызматкер эмес, медициналык бөлмө да жок. Бул — эң чоң кемчилик. Анткени ысык тамак программасын толугу менен ошол адистер тескеши керек эле.

Маалыматка ылайык, ысык тамак программасы үчүн министрлик 500млн сом бөлгөн. Бир күндүк тамактын баасын ала турган болсок, шаарларда мамлекеттен 7, бийик тоолуу аймактарда 10 сом бөлүнөт. Калганын жергиликтүү бийлик кошуп, бир күндүк тамак берилет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *