Шашылыш кабар:

Пластикалык хирург: Кымындай ката кечирилбейт

Декабрь 19, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
127

Бүгүн, 19-декабрда «Фабула» жана «Кыргыз Туусу» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Кыргызстанда пластикалык хирургиянын өнүгүшү, жаңы жылды өзгөчө тоскон өлкөлөр жана мектептеги акча чогултуулар тууралуу жазып чыгышты.

«Фабула» гезитинин бүгүнкү санында «Илмиянов элчи болобу?» деген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин көздөй адамы Икрамжан Илмиянов Малайзия менен Индонезияга элчи болоору күтүлүп жатканы, вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов кайра Улуттук банктын жетекчиси болушу мүмкүн экени, Курманбек Бакиевдин тушунда премьер-министрлик кызматта отурган Данияр Үсөнов аты-жөнүн өзгөртүп, Белорусияда бизнес менен алектенип жатканы тууралуу бир катар кыскача кабарлар жарыяланды.

Гезит ошондой эле пластикалык хирург Калыбек Кенжебаев менен болгон кенен маекти басып чыгарды. Ал журналисттин суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанда пластикалык хирургия 2000-жылдары башталып, 2010-жылдары өтө тездик менен өскөнүн айтып берген. «Көбүнчө кыздар көзүнүн үстүнө сурма койдуруш үчүн кайрылышат» деген Кенжебаев операцияны кылдаттык менен жасабаса, дарыгерлердин кымындай катасы оркоюп көрүнүп калаарына токтолгон.

Ушул эле гезит жаңы жылды өзгөчө тоскон өлкөлөрдү тизмектеп чыгарды. Ага ылайык Болгарияда жаңы жыл күнү саат 12.00 какканда бардык жарыктар 3 мүнөткө өчүрүлөт экен. Бул аралыкта алар бири-бирине жакшы сөздөрүн арнашат. Жапонияда болсо жаңы жылды саат 12.00 эмес, таң атып келе жатканда тосушаары жазылган. Алар бирин-бири куттуктап, ичине күрүч толтурулган кеме түрүндөгү «такара бунэ» деген белекти беришет.

«Кыргыз Туусу» бүгүн «Өкмөттүн башкы милдети-инвестиция тартуу» деген, мигранттар боюнча «Тер жана кан менен келген каражат» деген, ошондой эле «Соцтармактар адамга зыяндуу» деген бир катар макала-маектерди басып чыгарды.

Андан ары Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманованын мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуулар боюнча берген кенен маеги жарык көрдү. Ал мектептерде түзүлгөн коомдук фонддор мыйзамдуу эле экенин айткан.

Аны ата-энелер өзүлөрү түзөөрүн жана чогултулган каражаттар алар тараптан класстагы ар кандай муктаждыктарга коротулаарын билдирген. Ошондой эле алар акча бербеген ата-энелерди мажбурлаганга укугу жок экенине токтолуп, бирок мектеп ата-энелердин жардамысыз өнүгө албасын кошумчалаган.

«Мектептерге мамлекеттен бөлүнгөн каражат жетпей турганын, күнүмдүк борго, күзөт кызматына бюджеттен акча каралбайт», —  дейт Мейрманова. Ошол эле учурда чогулган акчалар орунсуз пайдаланылган учурлар дагы бар экенин мойнуна алган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *