Шашылыш кабар:

Омар: Ырчыларды эл аралык сынактарга катышууга чакырам

Декабрь 18th, 2017 | by Айжамал Худайбердиева
Омар: Ырчыларды эл аралык сынактарга катышууга чакырам
Билим жана Маданият
0

Кыргызстандын эстрада ырчысы Омар Жанышов Silk Way Star эл аралык сынагында 389 упай менен баш байгени багындырды. Сынактын жыйынтыктоочу турунда Омар төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин калемине таандык «Булбулум» аттуу чыгармасын аткарган. Казакстанда өткөн эл аралык сынакка тогуз өлкөнүн популярдуу ырчылары катышкан. Ырчы Омар менен маек курдук.


-Бул ийгиликке кандай кыйынчылыктар менен жетиштиңиз?

— Жыйынтык жакшы болгонуна байланыштуу кыйынчылыктын баары унутулуп кетти. Музыкалык шоу үч айга созулду. Ал аралыкта Казакстанга барып келүү бир аз түйшүк жаратты. Сынак жалпы 12 этаптан туруп, ар биринде ырчылар ар түрдүү тематикада даярданышкан эле.

-Калыстарды кайсыл өзгөчөлүгүңүз менен таң калтырдыңыз? 

— Сынакка катышкан тогуз өлкөдөн бирден калыстар тобунун мүчөсү шайланып, Кыргызстандын атынан Гүлнур Сатылганова калыстык кылды. Алар өзгөчө вокалга, тагыраак айтканда үндүн интервалдар менен созулушуна маани беришти. Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкыртстан, Татарстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн популярдуу ырчылары катышты. Ага байланыштуу  баары жакшы ырдаган аткаруучулардын ичинен жеңүүчүнү тандоо калыстар үчүн оңойго турбаса керек.

-Байге фонду кандай экен?

— Башында байге фонду болот дешкен. Бирок, ал болбой калды. Жүйөлүү себептери бар окшойт. Каржылык тартыштык болуп калды деп айтышты. Бул анчалык маанилүү эмес. Акча табылат. Менин жеке капчыгым жана Кыргызстан үчүн дагы бир артыкчылык болду.

-Бул эл аралык сынак сизге дем-күч берди окшойт…

— Албетте, башка ырчылар менен тажырыйба алмашуу болду. Жаңы досторду таптык. Сынактын арты менен Өзбекстан Балаты майрамына чакырып жатат. Ушул сыяктуу жаңы кадамдарга жол ачылды. Эң негизгиси ырдоо жагынан да жаңы талаптар болду.

-Жаш ырчыларды Silk Way Star сыяктуу эл аралык сынактарга катышууга чакырат белеңиз?

— Ооба, сөзсүз түрдө. Себеби, мындай масштабдагы долбоорлор адилеттүү каралат. Анткени, калыстар ар башка мамлекеттерден топтолот. Кандайдыр бир адилетсиздик болсо, каршы чыгышат.

Кошумчалай кетсек, Омар буга чейин Сочиде өткөн   «Жаңы толкун — 2008» эл аралык жаш таланттар сынагынын лауреаты болуп, Алла Пугачеванын «Алтын жылдыз» сыйлыгына татыган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache