Шашылыш кабар:

Неймар «Реал Мадридге» өтүүсү мүмкүн

Декабрь 18th, 2017 | by Түмөнбай Абдинаби уулу
Неймар «Реал Мадридге» өтүүсү мүмкүн
Спорт
0

«ПСЖ” футболдук клубунун чабуулчусу Неймардын «Реал Мадридге” өтө турганы айтылууда. Мындай маалыматты чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, Неймардын атасы «Реалдын» президенти Флорентино Перес менен Мадридде жолуккан. Анда эки тарап футболчунун «ПСЖдан» «Реалга» өтүүсү тууралуу талкуулашканын жазышкан. Ошондой эле эки жак бир чечимге келсе, бул өзгөрүү 2019-жылы ишке ашат.

Кошумчалай кетсек, Неймар ушул жылдын июль айында «Барселона” клубунан чыгып, Франциянын «ПСЖ» футболдук клубу менен 5 жылга толук кандуу келишим түзгөн. Оюнчу келишимди мөөнөтүнөн мурда бузганы үчүн «Барселонага» 222 миллион евро төлөп берген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache