Шашылыш кабар:

Өспүрүм кезинде эне болгондордун саны өстү

Декабрь 15th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Өспүрүм кезинде эне болгондордун саны өстү
Гезит бетинде
0

Бүгүн, 15-декабрда «Фабула», «De-Факто» жана «Ачык саясат» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар эрте эне болууга ашыккан өспүрүм кыздар, күлүк таптаган саяпкердин сырлары, Жогорку Кеңештин жыйындарына катышпаган депутаттар жана андан башка дагы бир катар макала-маектерди басып чыгарды.

«Фабула» гезити бул жолку санында Баткенде жерге берилген мумияны кайра Тарых музейине кайтаруу сунушу, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерге баш-аягы 260 млн доллар насыя бергенин жазып, Кыргызстан Өзбекстанга өткөрүп берген Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат тууралуу ар кыл тармактын өкүлдөрүнүн ойлорун чогултуп жарыялады.

Андан ары быйыл өлкөдө 15 жашка чыга элек 900 кош бойлуу өспүрүмдөр катталганы, буга миграция маселеси бирден-бир себеп болуп жатканы айтылат. Ата-энеси четте иштеп жүргөн балдар, таалим-тарбия жана көзөмөлдөн алыс калгандыктан буга окшогон жосунсуз иштер болуп жатканы баяндалат.

Гезиттин 11-бетине саяпкер Адилет Чоноевдин жылкы баласы жана аны таптоо боюнча берген көлөмдүү маеги чыкты. Чоноев журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, «Спортчу кантип машыкса күлүктү деле ошондой таптап, машыктырабыз. Эртең мененки таңкы саат бештен, сегизге чейин аттарды айлампаны айландырып чуркатабыз» деп, күлүктөрдү тыкыр көзөмөл менен багыш керектигин белгилеген. Саяпкер күлүк чыгаар жылкы баласынын каны таза болушу керектигин, күлүктөрдүн басымдуу бөлүгү чет мамлекеттен алынып келээрин айткан.

«De-Факто» бүгүн «Кыргызстан жана Өзбекстан — он жылга татыктуу бир жыл» деген кыргыз-өзбек алакасы, «Бишкек-Казань поезд каттамы ишке кирди» деген Кыргыз темир жолу ишканасынын маалыматын жана бир катар кыскача саясий кабарларды чыгарды.

Ошондой эле жумушка келбеген Жогорку Кеңештин депутаттарына байланышкан макала дагы жарыяланды. Автор Нургазы Айтмырзаев мыйзам боюнча 30 жумушчу күн катары менен парламент жыйындарын калтырган депутат мандатынан ажырашы керектигин, бирок бул мыйзам иштебей жатканын жазат. «Республика-Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Фархат Иминовду мисал кылып, ал 15-октябрда болгон президенттик шайлоодон бери парламенттин босогосун аттай элек дейт.

«Ачык саясат» болсо «Түлеевдин кызына кылмыш иши козголушу мүмкүн» деген, айрым саясий күчтөр президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ортосуна от жакканга өткөнүн, ошондой эле Журналисттерди коргоо комитети 2017-жылы дүйнөдө 262 журналист куугунтуктоого кабылганын бул эң жогорку көрсөткүч болгонун жазды.

«Өлкөнү өнүктүрүү жаштардан көз каранды» деген баш тема менен жаштарды долбоор жазып, ишкерлик менен алектенүүгө үндөгөн көлөмдүү макала чыкты. Ал үчүн каржы сабаттуулукту жоюу, бизнести пландоо, маркетингти өздөштүрүү керектиги сунушталат. Бул жаатта айрым жаштардын ийгилик жаратып, ишкерлик менен алектенип жаткан улан-кыздар мисал келтирилген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache