Шашылыш кабар:

Тыюу салуу менен тарбия берилбейт

Декабрь 15th, 2017 | by Бурулай Шергазиева
Тыюу салуу менен тарбия берилбейт
Билим жана Маданият
0

Эл өкүлү Махабат Мавлянова мектептерде окуучулар арасындагы атаандаштыкты алдын алып, алардын психологиясынын бузулбашы үчүн жаңы токтом долбоорун сунуштады. Ага ылайык, сабак учурунда смартфондорду колдонбой, кыздарга кыска юбка, эркектерге жыртык шымдардын кийүүсү тыюу салынат. Азырынча токтом долбоору коомдук талкууда. Эл өкүлүнүн демилгесин окуучулар, ата-энелер, мугалимдер кандай кабыл алды? Кененирээк төмөндөгү материалдан окуй аласыз.


Депутат Махабат Мавлянова мектеп окуучуларын кыска этек, жыртык шымчан, боенгон абалда сабакка катышуусуна тыюу салууну демилгелеп чыкты. Ал сунуштаган токтом долбоорунда балдарга сабак учурунда көп функциялуу уюлдук телефондорго да тыюу салуу каралган. Анын  мындай маселени демилгелеп чыгышына окуучулар арасындагы социалдык абалын теңдештирүү себеп болгон. Анткени атаандаштыктын айынан жаш баланын психологиясы бузулушу мүмкүн. Тагыраагы бардар үй-бүлөнүн баласы кийген кийимди, көтөргөн телефонду экинчи окуучу да колдонгусу келет.

-Бардар үй-бүлөлөрдүн балдары кийген кийимди берки балдар да кийгиси келет экен. Кемсинип калбаш үчүн эжесиникин кийгиси келбей калат экен. Мындай көйгөйлөр көп. Ошол эле учурда смартфондорду алар сабак учурунда колдонуп алагды болушат. Ошондуктан бир гана кат (sms), чалуу үчүн гана телефондорго уруксат берип, смартфондорго тыюу салуу керек. Антпесе, барган сайын балдардын билим деңгээли төмөндөп жатат.

Долбоордо уюлдук телефондорду сабак учурунда мугалимге берип, сабактан кийин кайтарып берүү сунушу да каралган. Бирок мындай тажрыйбаны жасап көргөн мугалимдер жыйынтык болбой калат дешет. Анткени бул учурда телефондорду сактоо маселеси жаралат. Бишкек шаарындагы №4 мектеп гимназиясынын тарбия бөлүм башчысы Айзат Супатаева негизги орунда  окуучуларга түшүндүрүү тапшырмасы турат дейт.

-Бул жакшы ыкма. Бирок чынын айтсак биз бул тажрыйбаны жасап көрдүк. Мында телефондорду кайда сактоо керек деген суроо туулат. Анткени бизде окуучулар көп, мугалимдер бар, сырттан да киши келет дегендей. Кудай сактасын, жоголуп кетсе ким жооп берет.

Долбоорго ылайык, мектеп формасын жана кабыл алынган эрежелерди сактоо тартибине мугалимдер жооп берет. Тапшырма алар тарабынан так аткарылбаган учурда тийиштүү тараптар жооп бериши шарт. Бирок бүгүнкү күндө балдар мода менен жашап калган, ал эми моданы ата-энесинен үйрөнөт деген Айзат Супатаева эң биринчи кезекте баланын кийими тууралуу көйгөйдү ата-эне түшүнүш керек деп буларга токтолду.

-Бала эч качан өзүнө кийим албайт. Ага ата-энеси тандап берет. Менин оюмча бул учурда ата-энелер баласы үчүн эмне жакшы, эмне жаман экендигин түшүнө билиши керек. Эң биринчи кезекте баланын ден-соолугун, психологиясын эске алуусу абзел. Анын үстүнө балдарга басым жасалган сайын тескерисин кылышат. Мисалы, биздин бирдиктүү формасы бар, аны көзөмөлгө алабыз. Ошол сыяктуу ар бир мектеп жооптуу болуш керек.

Ал эми педагог Зарипа Исламова тыюу салуу менен тарбия берилбестигин айтып, түшүндүрүү методун сунуштайт. Анткени бала аң сезимине логикалык жактан сиңирип, кабыл алмайын, ал нерсенин таасири жок болот.

-Албетте телефондор, балдардын кийген формасы алардын жүрүм-турумуна, психологиясына таасир этип жатат. Бирок биз тыюу салуу менен оңдой албайбыз. Аларга түшүндүрүү керек. Телефондун зыяндуулугун бала өзү аңдап сезиш керек. Керек болсо балага сабактын ичинде эле ошол теманы изилдеп көрүүсүн тапшырма катары бериш керек. Бала түшүнгөндөн кийин туура кабыл алат. Жугумдуу да болот.

Ал эми балдар, ата-энелер депутат Махабат Мавлянованын сунушуна кандай карайт. Өздөрүнөн сурап көрдүк.

Ата-эне: Телефон жок болсо баламдан кантип кабар алам. Азыр ишенич жок, кабатыр болосуң

Окуучу: Телефонду инстаграмм, ютуб үчүн колдоном. Алып кайра берсе бермекмин

Окуучу: Телефон мугалимге керек болгондой эле, бизге деле керек. Айрым сабактарда интернет керек.

Окуучу: Мен өзүм деле кыска юбка кием да, мага жагат. Билбейм…

Эске салсак, окуучулардын мектеп формасы боюнча маселе буга чейин да далай жолу көтөрүлүп, чечим катары ар бир мектеп өз алдынча бирдиктүү форма киймей болгон. Ага ылайык, үстүңкү кийим ак, ылдыйкы кийим кара түстө болуусу шарт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache