Шашылыш кабар:

Кыргыз-өзбек алакасы: Ушуну жогорку дипломатия деп атаса болот

Декабрь 14th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Кыргыз-өзбек алакасы: Ушуну жогорку дипломатия деп атаса болот
Күн чекит
0

Президент Сооронбай Жээнбековдун 13-14-декабрь күндөрү Өзбекстанга болгон расмий сапары бүгүн жыйынтыкталды. Мамлекет башчысынын коңшу өлкөгө болгон визити жана жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Кубан Мамбеталиев менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий сапары менен Өзбекстанда болду. Визиттин алкагында өлкө башчысы Өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиёев жана андан башка дагы расмийлер менен жолугушту. Анда президент С.Жээнбеков коңшу өлкөнү Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү деп атады. Эки өлкөнүн жылуу мамилеси эми эмне берет?

Кубан Мамбеталиев: Эң жакшы натыйжа берет. Ушуну жогорку дипломатия деп атаса болот жана бул керек болчу. Эми буга чейин эмнеге мындай мамиле болбой жатканын баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Бул бир гана кишиге байланыштуу эле. Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу боюнча сөз болуп жатат. Ал салына турган болсо артында көп ийгилик жатат. Кыргызстан менен Өзбекстан үчүн 1,5 миллиарддан ашык рынок турат. Ошондо башка мамлекеттердин көзүн карабай калабыз. Андыктан өзбек туугандар менен мамилени чыңдаш керек. Азыр болсо пансионат эмнеге берилди деп айтышууда. Эми ал ижарага эле берилди. Бул дагы жакшы. Болбосо талкаланып турган пансионаттарды деле көрүп жатабыз. Бул жаңы президенттин олжосу болууда.

Марал: Сиз белгилеп өткөндөй Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу боюнча жумушчу топ иштей баштарын, анын биринчи жолугушуусу 25-декабрда Ташкентте өтөөрүн айтты. Бул долбоор аягына чыгат деп үмүт артсак болобу?

Кубан Мамбеталиев: Буга чейин ишке ашпай келгени мурдагы жетекчиге (ред: Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов) байланыштуу болгон. Ал сунуштаган долбоордо темир жол жалаң гана Өзбекстан тарап менен өтөт дагы, Кыргызстанды айланып кетет. Биздин долбоордо болсо Кыргызстанды аралап өтөт. Ошон үчүн эки ача пикир болуп, эки вариант сунушталып жаткан. Азыр алар жок. Учурда Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу деген бирдиктүү долбоор болот. Демек ишке ашат.

Марал: Эки өлкөнүн президенттери Бажы, экономикалык, илимий жана өзгөчө кырдаалдар жаатындагы бир топ документтерге кол коюшту. Бирок, эң көйгөйлүү деп эсептелген чек ара боюнча эч бир келишим болгон жок. Бул жаатта азын-оолак гана сөздөр айтылды. Эмне себептен чек ара маселеси боюнча келишим жетишилген жок деп ойлойсуз?

Кубан Мамбеталиев: Муну техникалык жагынан карасак болот. Анын үстүнөн иштеген топтор, комиссиялар бар. Эки тарап иштеп чыгышы керек. Чийки бойдон эле кол койгондо болбойт да. Менин оюмча техникалык маселе болууда. Бул президенттерге эле көз каранды эмес документ болуп жаткандан кийин так иштетилип бүтүшү керек.

Марал: Эки өлкөнүн ортосундагы жетишилген келишимдерден улам дароо эле жыйынтык чыгат дегенден алыспыз. Бирок, канча убакытта натыйжа берет деп күтүп жатасыз?

Кубан Мамбеталиев: Ош менен Жалал-Абаддын ортосунда Хан-Абад деген жол бар. Ал жол менен эки облуска каттоодо жол ачылса 30 мүнөттө жетсе болот. Азыр бул аралыкты 1,5 саатта басып өтүп жатабыз. Баштапкыдай иштеп баштаса жакшы болот. Мүмкүн Бүргөндүдөгү нефти маселеси дагы чечилет. Ушуга окшогон орчундуу иштер жайгарылат деп ойлоп атам. Эми биз ушул багытта баратабыз да.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache