Шашылыш кабар:

Хоккей боюнча Азия кубогу: Кыргызстан алгачкы 2 беттеште жеңишке жетти

Декабрь 14, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
83

Хоккей боюнча жаштар арасында Азия кубогунда Кыргыз хоккейчиери Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасын жеңип алды. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынан билдиришти.

Ага ылайык, аталган кубок Малайзияда өтүүдө жана бул беттеште Кыргызстан атаандаш өлкөсүн 10:2 эсебинде жеңип алды. Эсеп оюндун 15-мүнөтүндө ачылып алгачкы шайбаны Кылымбек Калкабаев киргизген. Оюнда эң көп гол киргизип жана мыкты оюн көрсөткөн Эрсултан Мирбек уулу жана Андрей Тришкин болгон.

Кошумчалай кетсек, 13-декабрда кыргызстандык курама команда филиппиндиктер менен ойноп, 12:4 эсеби менен утушка ээ болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *