Шашылыш кабар:

Турдумаматов: Интернеттен маалымат алгандар көбөйдү

Декабрь 14, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
146

«M-Vector» консалтинг компаниясынын иликтөөсүнө ылайык Кыргызстандагы жарандардын 57 пайызы маалыматты интернет булактарынан, 56 пайызы телеканалдардан, 6 пайызы радиодон, ал эми 7 пайызы гезит, журналдардан алышат. Биз ушул теманын тегерегинде медиа серепчи Алмас Турдумаматов менен  «Күн чабытта» маектештик.

Марал: «M-Vectorдун» сурамжылоо аркылуу жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык жарандардын интернет каражаттарынан маалымат алуусу күн санап өсүп баратканы байкалат. Заман талабына ылайык журналистика дагы мүнөт сайын өзгөрүп жатпайбы. Интернеттин жана маалыматтык сайттардын элди маалымат менен сугарууда жана журналистикадагы мындан аркы ролу, өсүшү кандай болот?

Алмас Турдумаматов: Аталган иликтөөнүн жыйынтыгында элдердин интернет булактарынан маалымат алуу тенденциясы өтө жогору экени көрүнүп турат. Бул иликтөөнүн жыйынтыгы туура эле деген ойдомун. Аны иликтөөсүз деле акыркы кездеги смартфон аркылуу интернеттен маалымат алгандарды мисал кылып айтсак болот. Бирок, буга окшогон социалдык сурамжылоолор ар дайым күдүк ойлорду жаратат. Кечээ, иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланганда дагы мындай ойлор айтылган. «M-Vector» сурамжылоого өлкөнүн кайсы аймагынан, канча адам катышканын, алар канча жашта экенин айтып берди. Социалдык иликтөөгө бул жетиштүү.

Марал: «M-Vector» өткөргөн сурамжылоого 2000ге чукул гана адам катышыптыр. Бул өтө эле аз сан эмеспи?

Алмас Турдумаматов: Социалдык иликтөөлөрдөгү сандар так, пайыздык көрсөткүчтөр туура деп айтууга болбойт. Ушундай иликтөөлөр жалпы тенденцияны, жалпы сүрөттөлүштү гана берет. Изилдөөнүн ичиндеги проценттик көрсөткүчтөр чындап келгенде башкача болушу мүмкүн. Мисалы президенттик же парламенттик шайлоолордо көптөгөн социликтөөлөр жүргүзүлөт. Бирок, анын жыйынтыгын шайлоо бүткөндө гана билебиз. «M-Vectorдун» бул жааттагы жасаган иликтөөсү азырынча жалгыз болуп жатат. Эгер чыныгы акыбалды так билебиз десек буга алтернативдүү бир же эки ушундай иликтөө болушу керек. Мындай изилдөөнүн өтүп жатканы жарнама менен иштегендерге, ММКларга жакшы багыт. Ал эми анын жыйынтыгына кимдер бирөө макул болбойт, дагы бири туура дейт.

Марал: Сурамжылоого катышкандардын 6,6 пайызы өздөрү маалымат алган булактарга ишенээрин айтышкан экен. Бирок, ошол эле учурда козу карындай жайнаган жасалма, жалган маалымат тараткан сайттар дагы акыркы күндөрү көбөйүп кетпедиби. Ушундай шартта элди адашууга алып барбайбы?

Алмас Турдумаматов: Бул өтө кооптуу. Аны менен биз гана эмес дүйнө жүзү күрөшүп жатат. Менин оюмча муну чечүү боюнча 2-3 багыт болушу керек. Биринчи социалдык тармактар, маалымат каражаттары менен иштөөдө өзүбүздүн маданиятыбыз, аналитикалык ой жүгүртүүбүз болушу зарыл. Анткени жалган, ушак маалымат менен чындыкты ажырата билишибиш керек. Экинчиден мыйзамдын чегинде кандайдыр чара колдонуу. Үчүнчүдөн ММКлар дагы чынчыл маалымат таратууга аракет кылышы керек. Менин байкоомдо азыр бул болуп жатат. Бул ЖМКлар өндүргөн продукцияларга (ред: жаңылыктарга) тиешелүү жагы болду.

Маалымат каражаттарын коомдун пикирин буруу, манипуляция кылууга аракет кылган күчтөр бар. Бул боюнча атайын топтор дагы, кесип дагы бар. Бирок бул тиреш боло берет. Бизде интернеттен маалымат алуу маданияты жаңы гана калыптана баштады. Убакыттын өтүшү менен жарандар калп, чынды ажыратып калат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *