Шашылыш кабар:

Алкадырова: Пансионаттар саясатташып кетти

Декабрь 13, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
110

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 12-декабрда Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Өзбекстанга кайтаруу боюнча макулдашууну жактырды.

Комитетте вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Өзбекстан төрт эс алуу жайы боюнча Кыргызстанды эл аралык арбитражга сотко бергенин жүйө кылып, өкмөт маселени макулдашуу аркылуу чечүүгө аракеттенип жатканын айтты.

Биз бул теманын айланасында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коомдук кеңешинин мурдагы жетекчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Алкадырова менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген «Рохат-НБУ», «Золотые Пески», «Дилором» жана «Бустон» пансионаттары өкмөттүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги буйругу менен Кыргызстандын карамагына өткөрүлгөн эле. Парламенттин тармактык комитети эми аны кайра өзбек тарапка берүү боюнча макулдашууну жактырды. Бул экономикалык эмес саясий чечим болгону айтылууда. Сиз өкмөт менен парламенттин аракетин кандай баалайсыз жана аталган пансионаттар кимдин карамагында болсо Кыргызстанга пайдасы көбүрөөк тиймек?

Чолпон Алкадырова: Кайсы бир мамлекеттин же жеке жарандын кандайдыр бир мүлкү башка мамлекеттин карамагында болгону бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Буга окшогон маселелер бардык эле мамлекеттерде бар. Биз андан коркпошубуз керек. Бирок, буга чейин пансионаттарды Кыргызстандын карамагына алуу жана азыр кайра Өзбекстанга өткөрүп берүү дагы саясатташып кетти. Мен бул саясаттын негизинде кабыл алынган чечим го деп ойлоп жатам.

Негизинен пансионат маселеси эмнеден улам көтөрүлдү? «Мамлекеттин эмне мүлкү бар, ал кандай пайдаланылып жатат?» деген суроого 25 жылдан бери жооп бере албай келгенбиз. 2012-жылдан баштап эле беш жыл аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду инвентаризация кылып, кандай мүлктөр бар экенин, аны ким башкарып жатканын, эффективдүү иштеп жатабы деген маселени коюп, ага жооп алына баштады.

Өзбекстанга берилип жаткан эс алуу жайлардын юридикалык жагы туура болсо, эч кандай коркунуч болбойт деп ойлойм. Анткени биз 25 жылдан бери инвестиция тартышыбыз керек деп айтып келе жатабыз. Бирок, биз объекттерди улутташтыруу менен аларды коркутуп жатыбыз.

Марал: Кыргыз өкмөтү Өзбекстан төрт пансионат боюнча Кыргызстанды эл аралык арбитражга сотко бергенин жүйө келтирип, бул маселени укуктук негизде чечүүнү көздөп жатышканын айтууда. Ошондой эле өзбек тарап  жакынкы жылдары пансионаттарды үч, төрт жылдыздуу эс алуу жайларына айлантуу милдетин алып жаткан экен. Бул убадаларды өзбек тарап аткара алат деп ишенсек болобу?

Чолпон Алкадырова: Кыргыздар намыстуу болот эмеспизби. Өзүбүз кылсак болбойбу, биздин жарандар жасаса болбойбу деген маселени көтөрөбүз. Бирок ага мүмкүнчүлүгүбүз жетсе буга чейин кандайдыр бир жумуштар жасалмак. Тилекке каршы мамлекеттин карамагындагы объектилердин пайдаланылышы азыркыга чейин начар.

Мамлекеттин көзөмөлүндөгү социалдык, керек болсо коммерциялык мүлктөр дагы майнаптуу иштетилбей жатат. Ошондуктан менин жеке оюмда аларды менчиктештирип, эффективдүү иштеткен менеджерлердин колуна бериш керек. Ал Кыргызстандын же чет өлкөнүн жараны болобу маселе жаратпашы зарыл.

Өзбекстан дагы биздин мыйзамдарга ылайык салыктарын төлөп, силер айтып жаткандай эс алуу жайларын үч, төрт жылдыздуу кылып жасай турган болсо аны өзбектер башкарабы, арабдар же америкалыктар башкарабы коркпошубуз керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *