Шашылыш кабар:

Р.Отунбаева: Коомдун интеллектуалдык деңгээлин китеп дүкөндөрү аныктайт

Декабрь 12th, 2017 | by Түмөнбай Абдинаби уулу
Р.Отунбаева: Коомдун интеллектуалдык деңгээлин китеп дүкөндөрү аныктайт
Билим жана Маданият
0

“Марал” радиосунун “Интеллектуалдар ордосу” программасында конокто Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева болду. Анда мурдагы мамлекет башчысы Жонс Хопкинс университетинин профессору Алмаз Бейшеналиевдин суроолоруна жооп берди.

Бейшеналиев: — Саламатсызбы, Роза Исаковна? Интеллектуал деп кимди түшүнөбүз? Алардын коомдо кандай жоопкерчиликтери бар?

Отунбаева: —Интеллектуал деген – мен үчүн өтө эле жогорку тепкичте турган инсандар, бул ар бир коомду алдыга тарткан  көрөгөчтүгүн көрсөткөн элдин баарын билимге чакырган коомдун бир бөлүгү. Бирок мен интеллектуалдар жөнүндө айтып жатканда жалпы ушул  сабаттуулук, билимдүүлүк жөнүндө ойлоо да маанилүү экенин белгилейм. Анткени биз сабаттуулукту жоготуп жатабыз. Совет доору күчтүү болгон экен. Себеби ошондо жалпы коом бир дух менен бир тепкичтен экинчисине көтөрүлүп келе жаткан. Ошол духтун арты менен арабыздан эң сабаттуулар суурулуп чыккан. Кыргызда мактаганда “сабаттуу” деп айтып, эң көп касиеттердин арасынан ошону белгилешет.  “Интеллектуал” деген сөз коомдун деңгээлин көрсөтө турган, анын кайсы жерге жеткендигин, коомдо кимдер бар экенин,  дүйнөлүк деңгээлде баа берген китеп болобу, исскуство болобу коомдо эмне бар экендигинен кабар берет. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдой жана бир  топ ушундай жазуучулардын  деңгээлине чыга турган адамды дүйнө жүзүндөгү 200 мамлекеттин арасынан  таба албайсын. Ч.Айтматовдун китептери , чыгармалары эн эле көп котрулган. Советтер Союзу ал убакта 230 миллион калкы болуп, дуйнөлүк супер  держава катары өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүп жүргөн, Америка менен атаандашып жүргөн. Ушундай өлкө  Чынгызды өйдөгө көтөрдү. Мына ошонун негизинде, орус тили дүйнөдөгү башкы 5 тилдин бири . Демек Айтматовдун чыгармалары дүйнө жүзүндө Советтер союзунун атынан абдан кеңири тарады. Ошол деңгээлге бүгүн ким жете алат? Кайсы өлкөдөн жете алат? Эми бул ушундай объективдүү шарттар экен. “Бул ким?”- десе, “Бул -кыргыз”-дейт. “Кыргыз” деген  кандай эл экен? Эгер интеллектуалдык деңгээли Айтматовдой болсо, анда бул кыйын эл экен” деп ойлойт да. Ошондуктан мына интеллектуалдык деп айтканда,  ушундай жаркыраган жылдыздар менен ченелет, белгиленет. Кыргызстанда чыгармачылык союздар бар , жазуучулар,  сүрөтчүлөр, киноматографистер, театрдык. Мына ушулардын баары – кыргыздын интелектуалдык  каймагы.  Алар кыргыз элинин ой жүгүртүүсү,  дүйнө жөнүндө билимин чагылдырган инсандардын топтору, түзүмдөрү. Ошондуктан мен айтат элем, буларды карап чыксак, биздин интелектуалдык деңгээлибиз  жаман эмес. Кинематографияны карасак, булар биздин сыймыгыбыз. Биздин фильмдер дүйнө жүзүндө канчалаган эл аралык  сыйлыктарды алып жатат. Ошол 200 мамлекеттин ичинен алып карасак, алардын канчасында кинемотография жөнүндө түшүнүк да жок, жасай албайт. Кинематография – өтө татаал багыт. Бул – өзүнчө өндүрүш, ой жүгүртүү.  Азыр  бизде жалаң эле эркектер эмес кыздар да киного кирип, мындай багытты түзүп жатат. Сүрөтчүлөр , скульпторлор , дизайнерлер, искусство адамдары, булардын баары интеллектуалдык катмар деп айтсак болот.

Бейшеналиев: — Интелектуалдар коомдо эмнелерге жоопкер? Эмнелерди сүйрөшү керек?

Отунбаева: — Мен бул суроого жооп берүүдө көйгөй жөнүндө айтмакмын. Интеллектуалдардын ролу абдан чоң. Биз 25 жылдан бери турмуштук көйгөйлөр, оор материалдык маселелер менен алышып келе жатабыз. Бирок ошондо да ар бир коом чөгүп кетпеши керек. Өлкөдө канчалаган айылдык жазуучуларыбыз бар, канча акындар бар, төкмө акын, манасчыларды айтпай эле турайын. Өзүнүн сезимдерин, оюн кагазга акын катары түшүрүп жатканы көп. Биздин фонд филармонияда поэзия кечесин 1 айда 1 жолу өткөрүп турабыз.  Кандай гана акындарды сахнага чыгарып жатабыз. Акын деген назик дүйнөсү бар , өзү да назик адам болот экен. Сөзү түндө жаралабы, эрте мененби, иши кылып сөздү багып келе жаткандарды акын дейт экенбиз. Бирок 20-25 жылдан бери алардын үнү чыкпай калды, акындарды уккан киши да калбай калды.  Жан дүйнөбүздү агарткан, тазалаган  акындык  экен, поэзия экен. Мен өзүм сүрөткө жакын адаммын. Көргөзмөлөргө барып, сүрөтчүлөрдүн эмгегин көрсөм, ошол менин тазаланганым. Тилекке каршы, Бишкекте көп симфониялык  музыканы уга албайсын. Мурдагы айда Япониядан дирижёр келип, Абдраев мектебинин оркестри менен бирге симфониялык концерт берип кетти. Ал алдардын оркестрлери  менен иштеген киши экен. Мындан эки жыл мурун “Эмнеге мектепте оркестр жок? Ар бир бала түрдүү аспапта ойнойт экен. Силер ушундай адистештирилген мектепсиңер,”- деп Абдраев атындагы мектептин директорунун кулагына салып койдум эле. Америкада ар бир мектепте оркестр бар. Кыргызстанда 2200 мектеп бар деп жүрөбүз. Мейли,  ал өзүнчө. Мен өзүм Нарында музыкалык мектепке барып жүргөнмүн. Демек биздин тамырлар ушунчалык терең экен. Нарында, Ат-Башыда да музыкалык мектеп бар. Эмнеге оркестр түзбөйбүз?Ал тузүлсө гана анан Бетховен, Бах Молобасанов, Давлесовдун музыкасы ойнолуп баштайт. Ошондо адам укканда тазарат. Ошол өтө маанилүү. Бизде ар бир адам өзүнүн жасай турган  ишин так аткарбай келе жатат. Идеялар толтура, ошону аткарыш керек. Сиз  Куренкеев атындагы  окуу жайынын залында оркестрдин үнү угулуп жатканын уккансызбы? Алар эшигин ачпайт. “Эмнеге эс алуу күндөрү сыртка чыгып концерт коюп бербейсиңер?”-десем, “Анда прокуратура келип, силер залыңарды ижарага берип жатасыңар деп отуруп алышат,”-дейт. Мен таң калам. Ошол окуу жайдын бет маңдайында 6-мектеп турат. Алар залын спорттук иш-чарага берип жатпайбы? Жашоочулар жумуштан чыгып ал залда оюн ойноп жатат. Бирок музыкалык окуу жайда миңдеген окуучу окуйт да, бир концерт бербейт. Мына интеллектуалдардын орду. Биз жер менен эле басышыбыз керек. Баарыбыз эле Кьеркегор, Гайдеггер болуп кетпейбиз да. Биз кыргыз элин классикалык музыкага тартышыбыз керек. Эмне себептен Япония дүркүрөп өсүп, аны карап Корея, аны карап Кытай, Вьетнам өсүп келе жатышат. Анткени булар материалдык жагын да чечип жатышат. Бирок бул жетишсиз экен. Японияда ар бир үй-бүлөдө , бала сөзсүз скрипка ойносун, фартепиано үйрөнсүн деп, мектепке 6да болсо ошол убакытта, кечинде болсо ага карабай алып барышат.  Ар бир баланын артынан жүрүшөт. А биз эмнеге ошентпейбиз?

Бейшеналиев: — Техника, технология өтө ылдамдык менен өсүп-өнүгүп жатат. Аны менен бирге интернет тармагы да өсүүдө. Өнүккөн өлкөлөр  артификалык  деп аталган жасалма мээге өтүп жатат. Ушул интеллектуалдык жан дүйнөгө кандай таасир этет?

Отунбаева: — Азыркы коомдо кандай доорго киргенибизди түшүнбөй да калдым. Кытайда дүйнөлүк Вужен деген интернет форуму өтөт экен. Азыр терминология ушунчалык өзгөрүп жатат. Менде гаджеттердин баары эле бар. Мен китептерди киндлга көчүрүп коём, аны учакта да окусаң болот. Ipad, Iphone дегендер бул жакта эле калды. Азыр абдан мүмкүнчүлүк көбөйдү. Жакында мен Индиянын Дели шаарына технологиялык конференциясына барам. Билим жаатында санариптик технологиянын орду жана кемчиликтери, жетишкендиктери жөнүндө өтөт экен. Мен барганда өзүм көп нерсени үйрөнөйүн деп жатам. Анткени дүйнө тез-тезден өнүгүп жатат. Биз жашыбызга жараша ошого даяр болушубуз керек экен. Сингапурда улгайган адамдар үчүн атайын роботторду жасап чыгыптыр. Ал бардык иштерди жасайт экен. Бизде айылдарда карыгандар неберелерин “алып кел, алып бар” деп жумшайт эмеспи. Учурда ошонун баарын робот жасайт экен. Робот өз учурунда дарыны алдыңа коюп коёт экен. Сууну алып келип берет экен, тамакты жылытат экен, үйдүн баарын шыпырат экен, жалгыздык болбойт экен . Орусиянын радиолорунан угушумча, абдан көп адамдар карыганда жалгыз кыйынчылыкта калышат. Роботко муктаждыгы абдан чоң. Балдары башка жерде иштеп жатса, робот алып беришет, ошону менен улгайган адам жашай берет. Үйүнүн ичинде бардык жумушун аткарат. Гүлдөрүңө суу куюп, мышыгыңды багып берет. Бул илимий техниканын жетишкендиги зор. Биздин коом деле артта калып жаткан жок. Карапайым адамдар үчүн да Skype деген катардагы нерсеге айланды. Аны менен чоң энелер неберелеринин кантип чоңоюп жатканын күнүнө көрүп жатышат. Нью-Йоркто туруп Кытайдан мугалим жалдап, кытай тилин үйрөнүп жаткандарды көрдүм. Техниканын жетишкендиктери ушунчалык таң калыштуу. Биздин ааламда кайсы жерде болбо, көп нерсени үйрөнсө болот. Демек, кыргыз коомунда биз көп нерсени окушубуз, үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, бизде атактуу техникалык журнал жок. Бул тармакка такыр көңүл бурулбайт. Илим жагындагы техникалык окуу жайда иштегендер, академиктер эмне себептен элге өзүнүн билимин бөлүшпөйт? Эмне себептен биздин балдарга барып айтып бербейт? Биз ушинтип эле чоңойгонбуз. Советтер союзунун окумуштуулары ушинтип эле пайда болгон болчу. Макул, Ак-Музга, Ат-Башыга барба, Зардалыга барба. Бирок сен лекциялык курстарды тартып, Youtube сайтына салып койчу. Кыргыз тилинде жүктөө керек. Орус тилинде материалдар толгон-токой. Дүйнө жүзүндө программисттер жетишсиз. Индиядан, Кытайдан Америкага балдарды алып кетип жатышат. А биздин балдарга да бирөө үйрөтүшү керек да. Кыргызстанда мектепке атасынын атын атап койгондор толтура. Бишкектен окумуштууну алып келип, мектепке лекция окуткулачы,”-деп айткым келет. Интеллигенцияга кайрылат элем. Мен өзүм Кыргызстандагы көп университетте профессормун. Ал жерлерге бир жылда бир барбаганыма өкүнөм. Барып калсам сөзсүз бир лекция окуп бергенге умтуламын. Билимибиз болсо, университеттерге барып, лекция окуп туруу абзел.

Бейшеналиев:Фонддун иш-чаралары боюнча айтып, миграция маселеси тууралуу да белгиледиңиз. 600-700 миңден жогору сандагы мигранттар чет мамлекетте иштеп жатат. Балдары, үй-бүлөсү бул жакта калып жатат. Бул жагынан бизди алдыда кандай көйгөйлөр күтүп турат деп ойлойсуз?

Отунбаева: — Көйгөй көп, алар ырбап да кетиши мүмкүн. Биз аны башкарышыбыз керек. Биз анын жаман жактарын азайтып, жакшы жактарын өркүндөтүү керек. Диаспораны Кыргызстан эле түзгөн жокпуз. Бул жалпы дүйнөдө бар. Африка өткөн кылымдын 60-жылдарында боштондукка чыгып, канча африкалыктар Америкада, Европада калып калган. Бирок алардын баары эле патриот экен. Алар жерин, элин унутуп калды деп ойлобош керек экен. Булар айылына чейин чогулуп турушат, атайын түзүлгөн түзүмдөрү бар экен. Жылына 2-3 жолу ортодо жардамын чогултуп, айылына жөнөтүп турушат. Диаспора деген жакшы нерсе экенин биз да көрсөттүк. Кыргыздын жигиттери, кыздары Орусияда жүрөбү, Европадабы, өзүнүн элин, айылын ойлоп, канчалаган жакшы иштерди жасап жатышат. Биз мыкты кыздар, жигиттер жөнүндө, алар кандай иштерди кылып жаткандыгы тууралуу 3 китеп чыгардык. Аларды тараттык. Бизде миграция 1 миллионго чейин жетти. “Карап көргүлөчү. Жөн эле балмуздак сатып жүрө бербей, өзүнүн айылына бир нерсе жасаса болот экен,”-деп чакырык жасадык. Диаспора дегенде конкреттүү иштер гана эмес тажырыйба жагы да бар. Мисалы, Германияда бир келин окуп жүрүптүр. Эми азыр келип, Нарынга жеке менчик бала бакчаны ачып, бизден монтессори педагогикасын үйрөнүп, балдар үчүн такыр башка мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Бул кандай сонун иш. Канчалаган балдардын келечегине салым кошуп жатат. Диаспора керек болсо бизге инвестиция алып келиши керек. Ар кандай диаспора болот. Колунда бар, билимдүү, абдан адискөйлөр бар. Алардын колунан көп нерсе келет. Биздин программанын максатына ылайык, алардын жүрөгү менен акылы Кыргызстан менен байланып турушу керек. Дайыма өзүнүн өлкөсү жөнүндө ойлонуп жүрүшү керек деген мааниде. Кыргызстан бат ааламдашып жатат. Мисалы, сырттан акчаны салат. Ошол учурда эле бул жактан ата-энеси аны колуна алып калат. Мен түштүк жактан чоң ата, чоң энеси неберелерин ар кандай ийримдерге алып барганын көп көрдүм. Диаспора деген түшүнүктү бекитип, аларды сыйлап, урматташыбыз керек. Бирок сөзсүз Кыргызстанда сөзсүз жумушчу орундарды түзүүбүз керек. Диаспора деп эле отуруп калганыбыз болбойт.

Бейшеналиев: — Бул коомдун моралдык жана рухий өсүшү китеп окууга, тажрыйба бөлүшүүгө байланыштуу экенин сиз да белгиледиңиз. Сиздердин фонддун 2-3 китебин алып окуп жатам. Анда кичинекейинен баштап, дасыккан профессионалдуу кесипкөйлүккө чейин китептер камтылган. Мисалга алсак,  «3 жаштан кийин кеч” деп тарбиялык китеп которулган болсо, эң үстүндө Кытайдын өсүшү тууралуу айтылган Ден Сяопин сүрөттөлгөн “Менин атам Ден Сяопин” китеби бар.  Ушул багытта рухий чөйрөнү өстүрүүдө жасап жаткан иштерде китеп дүйнөсү тууралуу эмнелерди айтмакчысыз? Кыргызстанда коомчулук китеп менен канчалык алектенет?

Отунбаева: -Бул туурасында көп жолу жазылып , айтылып жатат. Өткөндө “Нуска” дүкөнү жөнүндө ошол жерде иштеген айым сүйлөп берип жатат. Ал аябай сүйлөнүп: “Дүкөндү эч ким карабайт, Кыргызстанда жалгыз китеп дүкөн калды,”- деп жатат. Мен айтат элем, бүгүнкү күндө өкмөт эч нерсени жасап бербейт. Азыр андай дүкөндү бизнесмендер ачышы керек. Ал жерде жалаң эле кыргызча эмес аралаш болушу керек. Мен жалаң эле кыргыз китептери болушу керек дегенди туура эмес деп ойлойм. “Раритетке” барсаңыз деле кыргыз тилиндеги китептерди табасыз. Жакында эле Урумчиден келдим. Ал жерде китеп дүкөнгө барат элем деп, 5 кабаттуу имаратка кирдим. Ар бир кабатында жалаң китептер. Кытай тилине адабияттын бардык тилиндегиси которулат экен. Азыр эч бир чектөө жок экен, ошого таң калдым. Батыштын адабияты жана бизнес жөнүндөгү китептер ал жакта абдан көп. Ал жерде бир бөлүмдө казак, уйгур кыргыз тилиндеги китептер турат. Алар араб тилинде басылыптыр. Мен аны түшүнбөдүм десем туура болот. Сүрөттөрдөн Шахановдукун жана бир канчасыныкын көрдүм. Биз интеллектуалдык деңгээлди китеп дүкөндөрү аркылуу билсек болот. Биз чын эле жүдөгөн коом болуп калыптырбыз. Бизде, Кудайга шүгүр, музейибиз бар. Ай сайын эле көргөзмөлөр өзгөрүп турат. Буга коммерциялык талап да бар. Ал эми китеп жагынан карасаңыз, такыр өсүш жок. Биз китеп чыгарып жатканда сүрөтчүлөрдү таба албайбыз. Китеп графикасында окуган, иштеген сүрөтчүлөр такыр эле жок. Биздин бир китебибиз Орусияда КМШ өлкөлөрүнүн арасында сыйлыкка татыды. Биз бул үчүн аябай иштедик. Ошол эле “Манас”, “Балерина” деген Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндө китептерибиз менен өзүбүз да сыймыктанабыз. Ошол эле учурда биз Кытайдын Ден Сяопин жөнүндө китебин котордук. Биз ал мамлекет менен 1000 чакырымдан ашык аймакта чектешебиз. Кыргызстанда Кытай жөнүндө эмне түшүнүк бар? Кандай китептер бар? Азыркы Кытай жаңы технологиялар боюнча АКШ менен атаандашып жатат. А биз эмне билебиз? “Кытай бизди басып алат, Кытай бизди жутуп алат, андай кылат, мындай кылат..”-дейбиз. Кытайдын бизнесмендери өзү жупуну кийинишет экен. А биз аларды сыртынан көрүп: “Ой мунун чөнтөгүндө акча барбы?”-деп коёт экенбиз. А биз маданияттык айырмалуулуктарды билбейбиз. Батышта Кыргызстанга келе жаткан ишкер сөзсүз түрдө Кыргызстан жөнүндө баарын окуп чыгат. Биз Кытайда маданият революциясы деген эмне болгонун билебизби? Кандай инсандары бар экенин тааныйбызбы? Мисалы, Али Баба дегенди студенттер тааныйбы? Мен Монголиянын китеп дүкөндөрүн да жакшы билем. Ал жерде “кантип байыса болот?” деген сыяктуу бизнеске байланышкан китептер абдан көп. Ал жерде интеллектуалдар англис тилинен өзүнүн тилине дароо которот экен. Бизде эч ким эч нерсе которбойт го… А биздин фонд миллиард элдин символу болгон Махатма Гандини которду. Индияга чейин Бишкектен 3 саатта жетсе болот. Индия деген кандай өлкө? Ганди аны кантип бошотту эле? Ушул боюнча жазылган. Бизде анын аты ыйгарылган проспект, айкел турат. Бирок эл аны билбейт. Черчилл жөнүндө да китепти котордук. Биз парламентаризмге багыт алдык деп жатабыз. Парламент Лондонго 10 жолу барып келди. Черчилл деген вестминстердик системаны (мамлекеттик башкаруунун демократиялык-парламенттик системасы) өнүктүргөн. Китеп деген баарын ача турган курал. Ал өлбөйт. Китеп гаджеттин ичине салынат, компьютерде калат, укса болот. Биз уга турган аудио китептерди да жасашыбыз керек. Китеп деген дайыма биз менен болушу керек. Мурда бир гана Советтер союзунда китеп окуйт деген түшүнүк бар эле. Ал жаңылыштык. Батышта балдарын китеп менен өстүрүшөт. Ошол балдардын метродо, учактарда жалаң китеп менен отурганын көрөсүз. А бизде андай көрүнүш сейрек кездешет.

Бейшеналиев: — Билимди мыкты түшүнгөн профессор, балдарды чоңойткон эне катары, элди башкарып  кеткен жетекчи катары өлкөдө билим берүүдө эмнеге басып жасалышы керек деп ойлойсуз?

Отунбаева: — Мен ойлойм, мугалимдерге көп көңүл бурушубуз керек. Эң чоң инвестицияны мугалимдерге салышыбыз керек. Бүгүнкү күндө өкмөт бюджеттин 25 пайызы билим берүү тармакка кетип, анын 80-90 пайызы мугалимдердин айлыгына бөлүнүүдө деп жатат. Туура, кедей өлкөдө ушундай болот экен. Кытайдын ички дүң продукциясынын адам башына эсептелгени жылына 8 миң долларды түзөт экен. Биздики 1,1-1,2 миңдин тегерегинде болуп жатат. Мен катышкан сьездде айтышканына караганда, 2020-жылдарда алардын бакубаттуу өлкөгө айланабыз деген максаты бар экен. Азыркы учурда жакырчылыктан алып чыга турган 80 млн эли калыптыр. Алар жалпы 1 млрд 300 млн элден турат. А биз 6 миллионду эптей албай жатабыз. Жаныбызда өтө бакубаттуу өлкө пайда болуп калды. Биз кадр,акыл, сабаттулук аркылуу бул абалдан чыгып кете алабыз. Демек, биз жалаң гана мугалимдерди өстүрүшүбүз керек да. Менин колумда иштеген мыкты өсүп келе жаткан Асылбек Жоодонбеков деген педагог бар. Мен Кытайга кетсем, ал өзүнчө иштейм деп кетиптир. Мен капа болдум, бирок анын жүйөсү мени абдан ынандырды. “Мен айылдарга барып сүйлөп берсем, динамикалуу түрдө иштесем” деген максаты бар экен. Анан кантип буга көнбөйсүң, түшүнбөйсүң? Негизи барып мугалимдерди жандандырып коюшубуз керек экен. Айылдарга барып, мугалимдерди окутуп, кубантып койсоң, бул абдан чоң стимул болот. Өкмөт болсо колунан келишинче айлык акысын берип турсун. Кыргызстандагы жогорку окуу жайда иштеп жатканда миңдеген окумуштуулар, интеллектуалдар айылдагы мугалимдерге билимин, тажырыйбасын, жарыктыгын төгүшү керек. Мына ошондо өсөбүз.

Бейшеналиев: — Жеке интелектуалдыксиздин персонаңыздын калыптанышында таасир эткен, факторлор, окуялар, инсандар  болду да. Ошолорду угармандар менен бөлүшө кетсеңиз.

Отунбаева: Менин түптөлүшүмдө, бутка турушума мугалимдердин таасири өтө зор болду. Мында мугалимден көп нерсе көз каранды экен. Алар окутат, бирок адамдын өзү аракет кылуу керек. Мисалы, мен Ош шаарында мектепти бүтүп, Москвага бардым. Ошол жерде мени менен окугандардын баары профессорлордун, башкы кызматтагылардын балдары эле. Анткени Москва абдан кадыр-барктуу университет болчу. Алар кичинекей кезинен эле Аристотель, Платон, Гегелди угуп, калыптанган балдар да. А мен болсо баарын башынан баштап окуп баштап жатам. Анан мен “демек баарын окуп чыгышым керек экен да” деп ойлодум. Кытайлар айтат: “Эң мыкты окутуучу – табуретка (кичинекей отургуч)” –дейт. Жатаканада окуу бөлмөсү бар болчу. Ошол жерге кирип, күнү-түнү чыкпай окудум. Умтулуп жүрүп 3-курска жеткенде китептерди талдап, билип калдым. Адамда эрк болушу керек экен. Ал өзүнүн алдына багыт коюусу керек. “Мен жетем, кем болбойм” деген түшүнүк болуусу керек. Мен ойлойм, мындай кыргыздар миңдеген санда бар. Негизинен бул тармакта мугалимдин орду зор жана адамдын өзүнүн эрки, каалоосу, кыялы болуусу шарт. Кийин эч кимден артта калган жокмун. Андан соң мени Советтер Союзунан Тышкы иштер министрлигине чакырып калышты. Ал жерде баары чет тилди билишет. Мен 40 жашымда англис тилин өздөштүрүүгө олуттуу кириштим. Антпесем толук кандуу дипломат боло албай калам деп ойлодум. Өз алдынча да окуп, мугалим да жалдап, бул тилди үйрөндүм. Эми менин иштей турган негизги тилим англисче болуп калды. Барган жеримде Кыргызстан жөнүндө тааныштырып жатам, лекция айтып жатам. Дүйнөлүк клубдарга, талкууларга катышып жатам. Эгер мен англис тилин билбесем, ал жерлерге кошула албайт элем. Демек, биздей кичинекей эл үчүн тилди билишибиз керек, жолду туура тандоо керек. Туура адам тандоо керек. Англис тилинде “Right people, right decision” деген түшүнүк бар. Ушулардын негизинде кыйын абалдан чыгып кетсе болот.

Бейшеналиев:-Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache