Шашылыш кабар:

Мамарасул кызы Алтынай алыш күрөшү боюнча мелдеште алтын медаль утту

Декабрь 12, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
108

Литванын Вильнюс шаарында  8-10-декабрь күндөрү өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Европанын кубогуна арналган дүйнөлүк мелдеште Мамарасул кызы Алтынай 70 кг салмакта жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Спортчунун айтымында, ал Европа кубогу үчүн мелдеште 70 кг салмакта финалдык беттеште польшалык балбан менен таймашып, жеңишке жетишкен.

Кошумчалай кетсек, Мамарасул кызы Алтынай Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти.

Белгилей кетсек, Мамарасул кызы Алтынай быйыл Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттардагы V Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын, түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган. Ал эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *