Шашылыш кабар:

Билл Гейтс ар бир секундада 250 доллар табат

Декабрь 12th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Билл Гейтс ар бир секундада 250 доллар табат
Гезит бетинде
0

Бүгүн, 12-декабрда «Фабула», «Кыргыз Туусу» жана «Мантыш» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Экс-президент Роза Отунбаева камакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев менен жолукканын, дүйнөдөгү сиз менен бизди таӊ калтырган кызыктуу фактылар жана Бишкекте курулушта болгон кырсыкка байланыштуу салынган аз өлчөмдөгү айып пул тууралуу жазышты.

«Фабула» гезити бул жолку санында «Төрөбаев сынды», «Бабановду мандатынан ажыратыш керек го?..», «Иштебей турган ишканаларга салык салынат» деген кыска жаӊылыктарды жана «Центерра Голд» жыландын башын кылтыйттыбы? деген эксперттердин ойлору камтылган макаланы басып чыгарды.

Гезиттин 4-бетине экс-президент Роза Отунбаеванын «Ата Мекен» партиясынын камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаевге жолугуп келгени жазылат. Бишкектеги №47 абакта жаткан Текебаев менен жолуккан Отунбаева анын абалы жакшы экенин айтып берген. «Биз бир топ нерселерди сүйлөшө алдык. Мен Кытайга барып келгенимди, ал жакта партиялардын жыйыны боюнча айтып бердим. Ал эми өзү ден соолугу жакшы экенин, камак шартына дооматы жок экенин билдирди», — деген экс-президент.

«Фабула» андан ары «Сиз билбеген кызыктар» деген баш тема менен дүйнөдөгү ар кыл тармактагы кызыктуу фактыларды чогулткан. Анда аларга токтолсок. Дүйнөдө эӊ иштерман жана акылдуу адам катары Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс саналат экен. Ал ар бир секундада 250 доллар иштеп табат. Ал эми Фейсбук социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү, эӊ жаш миллиардерлердин бири Марк Цукерберг дальтонизм дарты менен жабыркайт. Ал жашыл жана кызыл түстөрдү жакшы ажырата албагандыктан, сиз билгендей Фейсбуктун жасалгасы көк түстө.

Дагы бир кызыктуу маалымат. Кытай келечекте адам организмин телефонго кубаттагыч катары колдонушу мүмкүн. Анда айтылгандай эми смартфондордун заряды адамдын жүрөк согушу менен толушу толук ыктымал. Ал арада Лондондогу илимпоздор жер шарындагы адамдардын салмагын болжолдуу эсептеп чыгышкан экен. Изилдөөлөргө ылайык жер планетасындагы адамдардын жалпы салмагы 287 млн тоннаны түзсө, мунун 15 млн тоннасы ашык салмактууларга туура келет.

«Кыргыз Туусу» бүгүн «Жакынкы Чыгышта жаӊы жаӊжал чыгабы?» деген, «Кыргызстан ТүркПАга төрага болду» деген, «Май куюучу жайлар кардарларды кантип алдайт?» деген мындан башка дагы бир катар макалаларды жарыялады.

Ошондой эле Жети-Өгүз районунда бир апта мурун табылган бир кап курал жарактын ээси табыла электиги чыкты. Ош облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме берген автор, куралдар 4-декабрда Ак-Шыйрак аймагында табылганын кабарлайт. Капта ТОЗ-8 үлгүсүндөгү эки жана 20, 16 калибирлүү мылтык болгон.

Андан ары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы турак-жайды курууда кетирген техникалык коопсуздук жана жумушчулардын коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн «Авангард стиль» курулуш компаниясына болгону 30 миӊ сом айып пул салганы чыкты. Эске салсак 23-октябрда аталган ишкана салып жаткан көп кабаттуу имараттын экинчи кабатынынын монолити урап, 12 киши жабыркаган. Экөө оор абалда реанимацияга түшкөн.

«Мантыш» басылмасы «Үч фракция «бир устуканды» талашууда» деген вице-спикерлик кызматка көрсөтүлгөн фракция мүчөлөрү, «Сулаймановдун «Жаш күчү» намыска жарады» деген депутат Алтынбек Сулайманов түптөгөн спорттук клубдун спортчулары жараткан ийгиликтер жана «Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иштин жүрүшү неге кечеӊдейт?» деген экс-депутатка козголгон иш боюнча макалалар жарыяланды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache