Шашылыш кабар:

Телемедицинаны өнүктүрүү аракети жүрүүдө

Декабрь 11, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
110

«Таза коом»  улуттук программасынын алкагында алыскы аймактардагы бейтаптарга онлайн консультация бериле баштайт. Ал телемедицинаны өнүктүрүү жолу менен ишке ашат. Тагыраагы оор абалда жаткан айыл тургунунан жеринде анализин алып, Бишкектеги борборлорго онлайн жөнөтүлөт. Жыйынтык жана биринчи бериле турчу жардам дароо барат. Мындай кадам бейтаптын каражатын үнөмдөөгө жана коррупцияны жок жылууну шарттайт. Бул теманын алкагында Кыргызстандын жаш дарыгерлер коомунун президенти Элзар Токтоназаров менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

Марал: Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда өлкөдө телемедицина багытын толук орнотуу керектиги айтылды. Телемедицина жөнүндө алгач түшүндүрмө берсеңиз? Мунун мааниси канчалык?

Элзар Токтоназаров: Бейтап менен дарыгердин ортосунда телекомуникация технологияларын колдонуп, маалымат берүүгө аракет кылуу — бул телемедицина деп аталат. Бул түшүнүк союз учурунан бери эле белгилүү, бирок көп колдонулчу эмес. Мисалы, экг сүрөтүн тартып, андагы маалыматты телефон менен линия аркылуу борборго жиберет, ал жактан аны тактап, чечмелеп кайрадан жергиликтүү медицина бөлүмдөрүнө жиберет.

Союз убагында видеокамералар жок болчу, азыр камералар колдонулуп, операция учурунда да башка өлкөдөгү жогорку деңгээлдеги адистер менен консультация алганга өбөлгө түзүлүп жатат.

Марал: Аны ишке киргизүү канча убакытты талап кылат? Өзүн актайбы?

Элзар Токтоназаров: Бул эми көп жылда ишке ашуучу долбоор. Мисалы, Японияны алсак, аларда телемедицина улам өнүгүп келе жатат. Учурда 1400 телемедициналык жайлар колдонулат, бирок дагы деле аны жайылтуу уланууда. Японияда интернеттин ылдамдыгы да күчтүү болгондуктан, адистер чоң мониторлордо операция болуп жаткан бир бөлмө менен башка бөлмөнү байланыштырып, жанында отургандай көрөт, угат. Бир профессор болсо ал өлкө боюнча бардык операцияларга катышууга мүмкүн болот.

Кыргызстанда 18 жерде телемедициналык точкалар бар. Негизи, мен дайыма Кыргызстанды Япония менен салыштырам, анткени өлкө аянтынын 70 пайызын тоолор ээлейт. Мисалы, Казарман, Алай же Лейлек райондорунан борборго чейин келүү өтө кыйын. Телемедицина менен бир заматта байланышка чыгып, жогорку деңгээлдеги медициналык консультация алса болот. Азыркы кезде дарылоонун жарымы эле бул диагностика да.

Марал: Кандай болуп ишке ашышы керек?

Элзар Токтоназаров: Муну ишке ашыруу көп фактордон көз каранды. Биринчи кезекте, интернет жогорку ылдамдыкта болушу керек. Мындан тышкары, сапаттуу камералар болушу, экрандар, сервердик жабдыктар орнотулушу керек. Каражат болсо эле мунун баарын орнотуу оңой.

Телемедецинаны орноткондон кийин маселенин башка тарабы да бар. Мисалы, консултация берип, тигил же бул бейтапка дары жазып берүү, же операция жасоо боюнча ким жоопкерчиликти алат? Телемедицинаны ишке киргизүүдө мыйзамдык жаткан дагы бекем укуктук актылар болушу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *