Шашылыш кабар:

Жума сереп: Өкмөткө жүз күн, ТүркПА төрагалыгы Кыргызстанга өттү

Декабрь 9th, 2017 | by Анара Бакытбекова
Жума сереп: Өкмөткө жүз күн, ТүркПА төрагалыгы Кыргызстанга өттү
Жума сереп
0

Өкмөткө 100 күн

Узап бара жаткан аптада Сапар Исаков жетекетеген өкмөткө 100 күн толду. Бул аралыкта өкмөттүн аткарган жумуштары тууралуу премьер-министр Сапар Исаков журналисттерге маалымат берип, өлкөдөгү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен чай үстүндө баарлашты. Жолугушууда журналисттерди Кумтөр маселеси кызыктырып, ага С.Исаков өзүнүн пикирин билдирди. Баарлашуунун жүрүшүндө «Өкмөт курамында өзгөрүүлөр болобу?» деген суроого Сапар Исаков айрым жыйынтык көрсөтпөгөн орган жетекчилери боюнча чечим кабыл алынарын билдирип кетти. Өкмөт башчы мындай чечимдер парламенттеги фракциялар менен кеңешүүнүн натыйжасында кабыл алынарын кошумчалады.

Мындан сырткары, премьер-министр Сапар Исаковдун билдиргенине караганда, «Центерра Голд» компаниясынын жетекчиси Скотт Перри Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуштаган. Бирок мындай учурда Кыргызстан «Центерра Голддун» курамынын чыгып кетиши керек болот.

 Биз Кумтөрдү 100 пайыз «Центеррадан» алсак болот, бирок «Центеррадагы» 26 пайызды өткөрүп беришибиз керек. Эгер мен популист болсом, дароо эле мындай сунушка макул болмокмун. Бирок учурда эксперттерге бул сунушту изилдеп көрүү боюнча тапшырма бердик, чечим кабыл алына элек. Бирок ойлонуп көрсөк Кумтөр кенинин иштешине сегиз жыл гана калды. Сегиз жылдан кийин бул кен жабылат. «Центерра» болсо башка кендерди да иштетип жатат, алардан биз дивиденд алабыз. Ошондуктан, бул чечимдин үстүнөн баарыбыз ойлонушубуз керек.

Эске салсак, Сапар Исаков баштаган өкмөт быйыл август айында бекитилген. Курамына жаш кадрлар кирген өкмөттү Исаков «технократтардын өкмөтү болот» деп билдирген.

Бишкекте ТүркПА кеңешинин жетинчи пленардык жыйыны болду

8-декабрда Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин 7-пленардык отуруму өттү. Жыйында Ассамблеянын төрагалыгы казак тараптан кыргыз тарапка өттү. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз тараптан парламенттер аралык кызматташтык менен парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүгө баардык күч-аракеттер жумшалаарын билдирди. Бул кеңештин жыйынга Өзбекстан биричи жолу конок катары катышты.

Бишкекке түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик Ассамблеясынын 7-пленардык отурумуна катышуу үчүн келген делегация башчылары менен мүчөлөрү алгач «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, гүл коюшту.

Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Венгрия жана Өзбекстан мамлекеттинин парламенттеринин өкүлдөрү катышты.

Андан соң кеңештин жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда уланып, алгач мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тар чөйрөдө баарлашты.

Анда ТүркПАга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу кеңештин жыйынында Казакстан Мажилис парламентинин төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, ТүркПАга Казакстан төрагалык кылган учурда бардык маселелер чечилди.

Казакстандын төрагалык кылуусундагы аткарылган иштерге жогорку баа берилди. Ар бир өлкө менен кызматашууну жогорку деңгээлге жеткирдик. Бул абдан жакшы көрсөткүч боло алды. Мындай делегаттар бүгүнкү күндө пикир алмашып, талкуулай турган дүйнөлүк деңгээлге чыкты. Бүгүн биздин атайын комиссиянын отчету угулат.

Исимбаева ошондой эле, ТүркПА эл аралык уюмдар менен жигердүү кызматташуу боюнча иш алып барууда деди.

Ал  ТүркПАга төрагалык кылууну Кыргызстанга өткөрүп берген соң, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков расмий түрдө ТүркПАнын жыйынын ачты. Жумабеков өз кезегинде, түрк тилдүү элдердин парламенттер аралык бирикмесин андан ары өнүктүрүү жоопкерчилигин көӊүлгө алуу менен, Ассамблеянын алкагында парламенттер аралык байланыштарды сапаттык жаӊы деӊгээлге чыгаруу үчүн баардык аракеттерди жасай турганына ишендирди.

-Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн өз ара карым-катышы жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарына үмүт артат. Азыркы дүйнөдөгү агымдар менен тенденцияларды эске алганда, биздин парламенттер аралык бирикмебиздин мааниси өтө зор. Элдерибиздин өз ара тыгыз байланышкан тарыхий жана маданий жалпылыгы эӊ татаал маселелердин жалпы чечимин табууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Биздин өлкөлөрдүн күчтүү парламенттеринин мыйзамдуулук менен демократия принциптерине таянган бекем бирлиги келечекте биргелешип өнүгүүгө негиз болот.

ТүркПАнын курамындагы мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да кабыл алып, уюмдун алкагындагы кызматташтык боюнча пикир алышты. ​

ТүркПА кеңеши кеңейтилген чөйрөдө улантылып, күн тартибине коюлган бир катар маселер талкууланды. Анын жүрүшүндө уюмдун Башкы катчылыгына Кыргызстандан  Алтынбек Мамаюсупов жана анын орун басарлары 4 жылга дайындалды.  Буга чейин Башкы катчылыкта Казакстандан Жандос Асанов иштеп келген.

Жыйындын соңунда Ала-Арча декларациясы кабыл алынды. Мындан сырткары, жыйын катышуучулары ТүркПАнын 2018-жылга жана 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата бюджетин карап бекитишти.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча маалымат-жыйын өткөрүлдү. Анда Дастанбек Жумабеков Өзбекстан менен Түркмөнстан өлкөлөрүнүн ТүркПАнын курамына мүчө катары кирүү ниеттери бар экенин кабарлады.

Аталга өлкөлөрдүн кеңешке кирүүсү эл аралык бирикменин саясий жана экономикалык жактан беделин көтөрүп, аймактык маселелердин чечилишин кыйла жандандырат эле.

ТүркПАга төрт өлкө кирет: Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркия. Бул уюмдун кийинки жыйыны 2018-жылы Стамбулда болот.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөшүү боюнча талкуу кылды

Ар жыл сайын 9-декабрда дүйнө жүзү боюнча коррупция менен күрөшүүнүн Эл аралык күнү белгиленет. 2003-жылы бул күнү кол коюу үчүн коррупцияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясы ачылган.

Коомдун коррупцияга болгон мамилеси дайыма терс мүнөздө болуп келген. Коррупция экономиканын өсүшүн басаңдатат, демократиялык институттарды күчсүздөндүрөт, мамлекеттин туруктуулугун бүлүндүрөт жана коомдук тартипти бузат.

Бул күнгө карата Коопсуздук кеңеши жыйын өткөрдү. Анда соңку бир аптада «Дордой базарында текшерүүлөр кескин күчөгөнү белгилүү болду.  Бул кабарды аталган базардын профсоюзунун башчысы Дамира Дөөлөталиева кабарлады. Текшерүү салык кызматы  жана финансы полиция тараптан жасалууда.  Бул абалды соодагерлер жаңы жылга жакын чоңдордун чөнтөгүнө акча ташылып жатканы менен байланыштырып, коррупция менен күрөш дал ушул тармактарга жүргүзүлүшү керектигин айтууда.

Эки миңден ашык ишкердин башын бириктирген форум

Бул жумада ЖИА Бизнесс Ассоциациясынын уюштуруусунда Бишкек инвестициялык форуму өткөрүлдү. BIF – бул чакан жана орто бизнес, ички жана сырткы инвесторлор, ири бизнес, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бизнес коомчулук менен жолугуша турган аянтча. Ага вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, инвестиция тартуу ишин коргоо жана илгерилетүү агенттигинин директору Эсенкул Момункулов катышты. Мындан сырткары форумга Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Түркия, Германия жана Сингапурдан келген бизнес делегация өкүлдөрү келген. Форумда 200 долбоордун ичинен тандалып алынган мыкты инвестициялык долбоорлор сунушталды.

Бул ирет өтүп жаткан форумга өлкөнүн түштүк аймактарынан келген ишкерлерге өзгөчө көңүл бурулду.

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов форумду ачып, келген жалпы конокторго ыраазычылыгын билдирди. Кеңири аймакты камтыган бул иш-чара өз ара тажрыйба алмашып, аймактардан келген иншкерлерди бири-бири менен, инвестор менен жолуктуруучу ыңгайлуу аянтча болуп жатканын белгиледи.

Форум быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат. Биринчи форумда ишкерлер менен инвесторлор 75 миң доллар өлчөмүндө келишим түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 3 млн. сомго жеткен. Уюштуруучулар бул көрсөткүч быйылкы жылы эки эсе көп болорун айтышууда.

Comments are closed.