Шашылыш кабар:

Эксперт: Иерусалим талашы референдум жолу менен гана чечилиши керек

Декабрь 9, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
219

АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары жарыялаганы дүйнөлүк коомчулукта талкууга түштү. АКШ бул кадамы менен көп жылдардан бери чечилбей келген Палестина менен Израилдин тирешине чекит коюуну көздөйт. Бирок буга көпчүлүк мамлекеттер макул эмес. Мунун себептерин Чыгыш таануучу Искендер Ормон уулу «Күн чекит» программасында талкууладык.

-Иерусалим боюнча АКШ президенти Дональд Трамптын мындай чечим чыгаруусуна эмне түрткү болду?

Албетте, мында көптөгөн себептер бар. Бирок алардын ичинен эң жүйөлүүсү Американын  саясаты ичинен кайнаганында турат. Акыркы учурда Дональд Трамп Американын тышкы жана ички саясатын өлкөгө зыян алып келе тургандай кадамдарды таштап жатат. Натыйжада рейинги абдан түшүп кетти. Шайлоонун алдында командасындагы көп адамдардын  иштери сотко чейин жетти. Коопсуздук боюнча жардамчысы Майкл Флинн өзү соттолуп жатат. Ал жерде Трамптын түздөн-түз багыттосу менен болгонун мойнуна алды. Бул дагы анын таасирин азайтып жатат. Мындай акыбалдан чыгып кетүү үчүн Иерусалим өтө чоң шылтоо болуп берди. Буга Израилдин ичиндеги премьер-министр Нетаньяхунун дагы муктаждыгы бар. Анын дагы рейтинги түшүп, өзүнүн ички өнөктөштөрү тараптан жакаланып турган кези. Ошонун жанында Жакынкы Чыгыштагы бул иштерге ушунчалык каршы болгон Араб өлкөлөрү дагы ыйкы-тыйкы болуп, душмандай мамиле кылып турган учур. Ошолордун баарын эске алганда, Трамп «шок» бала сыяктуу чоң бүлүктү ортого салып койду.

Эми бул канчалык даражада ишке ашуусу мүмкүн?

Албетте!  Ишке ашуусу оңой эмес. Буга Американын ички саясатчылары деле, ошол эле тышкы, коргоо министрлиги муну ойлонулбаган кадам катары көргөндүгүн  кыйыр түрүндө билдиришти.  Буга байланыштуу Америка өзү жыйырма жылдан ашуун убакыт мурда  Тель-Авивден Иерусалимге өздөрүнүн элчилигин көчүрүү жана Израилдин борборун Иерусалим катары кабылдоо боюнча мыйзам кабыл алышкан. А бирок канчалык мыйзам чыкса дагы,  Джордж Буш , ошол эле Барак Обама учурунда  да ар алты айда өзүнчө документ менен жылдырылып турган. Трамп дагы шайлоодон мурда бул убаданы берген. Бир жагынан бул сөзүн аткаргандай. Бирок ишке ашуусу оңой эмес. Себеби, бир эле Американын кызыкчылыгына эмес, Эл аралык саясаттын ыраттуулугуна ыктагандар көп. Мында бир гана Америкага душман болгондордун саны артышы мүмкүн.

Бул кырдаалды чечүүнүн кандай жолдору бар?

Бул жер үч дин үчүн ыйык саналат. Ошол эле христиандар, еврей жана мусулмандар үчүн дагы. Муну эске алуу менен көпчүлүк эксперттер өтүмдүү бир  сунушту берип келишет. Негизги максаты Иерусалимди нейтралдуу шаарга айланышы жана баардык диндердин эркин кирип чыгуусу. Бул үчүн референдумдун негизинде Израиль жана Палестинаны бир өлкө болуу же эки өлкө болуусун белгилеп, эки же бир мамлекет түрүндө чогуу кетүүсү. Бирок жалпы  Палестина бир мамлекет болууга каршы. Акыркы учурда БУУнун дагы колдоосу ошондой. Эки мамлекет болуу жана Иерусалимдин нейтралдуу болуп калуусу. Ошондой болбосо бүлүк салмай улана берет.

Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *